Уюлдук телефон тууралуу насаат — Шейх А.Бухари

Шейх Абдуллах аль-Бухари айтты:

Аллах силерге берекесин берсин! Мен бир көйгөйлүү маселеге токтолгум келип турат. Ал көйгөйлүү маселе, бүгүнкү күндө адамдар зыяндуу нерсеге берилүүсү!

Ал зыяндуу нерсе эмне экенин билесиңерби!? Ал зыяндуу нерсе адамдар телефонго көз каранды болуп калгандыгы!

Карасаңар! Бул чоң балээ! Бул телефон адамдарда кан сыяктуу айланууда! Ал жанагы кадимки эле мобилдик телефон. Эртеден кечке социялдык тармактардан ж.б.у.с. нерселерден чыкпай аны менен ойноп олтурганы олтурган! Андан чыга албай калышты, алардын санаасынын баары эле ошол аппараттар болуп калды. Үйдөбү, көчөдөбү, мечиттеби, үстү жактабы же асты жактабы, жада калса дааратканага чейин ала кирип ошол жактан да колдонгондор бар. Айтоор, кайда жүрбөсүн кечке эле ошону менен алек болуп калышты.

Бул эмне кылгандык?!

Сен аны менен эмне кылайын деп атасың?
Сен эмне каалайсың?
Сенин максатың эмне?
Эмне, сен мусулмандардын көйгөйүн ушул телефон менен чечейин деп атасыңбы?!
Деги сен эмне кылгың келип атат?!

Ал жерде жөн эле пайдасыз сөздөр жазылып жатбайбы: бул эмне деп айтты, тигил эмне деп жооп берди, ал эмнени жиберди, бул эмне кылып койду экен — деп сөз ташыган ушакчылар сыяктуу, адамдарды жакшылыктан тосуп жамандыкка жол ачкан бузуку киши сыяктуу!

Телефонсуз жашай албай калгандай. Телефону жок болсо бир мүчөсү бөлүнүп же бир жерин жоготкон сыяктуу. Жада калса уктаганда да жанына телефонун коюп жатат, түн ичинде карайм деп. Себеби ал ага көз каранды болуп калган. Мындай кылган туура эмес туугандар!

Ошондой болуп илимди кааласаң кана?

Илим алууга ошондой убакыт коротуп жан талашсаң кана!?
Илим алууга ошондой жан талашып берилсең кана!?
Ошол пайдасы жок тигил айтты, бул айтты деген нерсени билип эмне болуп кеттиң!?
Алар айтканын билдиң!? Анан эмне болду? бир пайда болдубу?
Андан эч бир пайда таппайсыңар балдарым! убактыңарды жөн эле коротпогула, өмүрүңөрдү текке кетирбегиле.

Кээ бир адамдар кайсыл жерде болбосун ошол телефону менен алек болуп атканын көрөсүң.

Жада калса мечиттин ичинде дагы ошону менен алек. Намаз аяктап имам салам берээр замат телефонун ойлоп, чөнтөгүнөн аны дароо алып чыгып карайт, намаз окуп жаткан учурумда телефонумда эмне болуп кетти экен, ким эмнени жазды экен? деп.

Андай адамга баары бир, кандай коом болбосун ээрчий берет. Жакшыбы? жаманбы? Жалаганбы, жинби инсанбы? баарын ээрчий берет.

Ошол сен окуп жаткан нерсени жин жаздыбы же инсан жаздыбы? Сен кайдан билесиң? Балким жин жазгандыр? Аллах Таала инсандарда жок куч- кудуретти жиндерге берген.

Аллах “Аьрааф суроосунун 27чи аятында минтип айтат”: “Оо Адам балдары шайтан ата эненердин (тактап айтканда Адам Ата менен Обо эненердин) уяттуу жерлерин корсотуу учун кийимдерин чечип, бейиштен чыгарган сыяктуу силерди да азгырып койбосун! Ал шайтан жана ага окшогон (жиндер) силерди силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат.

Жана Намил суроосунун 39-40 чы аятында Жиндердин ичинен «Ифрит» деген бирөөсү: «(Сулайман алейхис-саламга) Мен (ал Балкис аттуу падыша аялдын тактысын) сен ордундан турганга чейин алып келе аламын …» — деген. Ал эми, (Сулайман алейхиссаламдын) алдындагы китепти билген бир адам: «Мен аны көзүңдү жумуп ачканга чейин эле келтире аламын» деген.

Аллах сага берекесин берсин! Сен ал апаратттарды кандай максатта колдоносуң?!

Ооба, ал нерседе пайда бар, бирок сен аны этият менен абалыңа карап пайдалан. Анын пайдалуу жактарын алып зарылчылыка гана колдон. Бирөө жарым менен байланышканда маанилүү нерсени гана сүйлөш. Ток этээр нерсени гана айт дагы бүтүр.

Илгери бул апарттар жок кезде адамдар кантип жашашчу эле?!

Эмне алардын жашоолору токтоп калганбы? Аллахга шүгүр ансыз деле алардын жашоолору болуп келген. Андыктан мындай пайдасыз нерсени таштайлы туугандар! Аллах силерге берекесин берсин. Андан көрө пайда бере турган нерсе менен алек болгула! Ошол арзыбыган нерседен көрө илим окугула!

Анан дагы акылдуу апараттар деп аташып адамдарды алдап келишет.

Акылдуу аппараттар (smartphone) десе эле, адамдар, ооба бул акылдуу экен деп макул боло беришет. Бирө-жарым сурабайт: эмнеге? кандайча? бул аппарат кантип акылдуу болуп калды? деп. Эмне ошол буюмдун акыл-эси барбы? Акылдуу же келесоо болгудай? Акылдуулук, тубаса болот. Анан ал өнүгуп өсчү нерсе. Акылдуу деп адам баласына гана айтылат. Буюм эмес жада калса жаныбарлар да акылы барларга кирбейт. Жаныбардын акылы бар деп өтмө мааниде, кыйыр түрүндө гана айтылат. Акылдуу деп ой жүгүрткөн акыл-ээси ордунда болгон инсандарга гана айтылат. Үнсүз буюмдун акылы бар деп айтылбайт?

Эмне,бул микрафон акылдуубу? Же бул стол акылдуубу? Же бул минбар акылдуубу? Ушундайда болмок беле?!

Алардын мындай акылдуу программалары бар экен деп ишенип алышкан. Мунун баары арык аттап суу кечбей турган сөз. Ошол аппараттарды ким жасап атат? Адамдар жасап атышыбы? Же андай эмеспи? Мен Аллахка ант ичип айтам, андай аппараттар кандай гана таң калаарлык болсун, же эмне деп кана алдашпасын, аларда 100дөн 1 пайз дагы акыл жок. Эч качан мындай нерселерге ишенбегиле! кантип ошол буюмга акыл кирип акылдуу болуп калсын? Ал жөн гана буюм. Аны жерге ыргытсаң эмнеге мени ыргыттың деп үн чыгырып сурап да койбойт.

Аллах Таала силерге берексин берсин!

 

Share

You may also like...