Бачабаздык күнөөсү ☠️ Шейх Абдурразак аль-Бадр

Бачабаздык – гомосексуализм, содомия, педерастия – эркектин эркекке жыныстык мамиле кылуусу.

Бачабаздык – Ислам шариатындагы чоң күнөөлөрдөн. Эң биринчи болуп тарыхта бул ишти Лут пайгамбардын коому кыла баштаган делет. Лут пайгамбар аларга бул күнөөнү таштоону канча эскертпесин, алар ага кулак да салышкан жок. Ошондо, белгиленген мөөнөт келип, ошол элдин бардыгын Аллах Таала тыптыйыпыл жок кылат. Бир гана Лут пайгамбар жана ыймандуулар аман калышат.

Бул икаяны Аллах Таала Куранда эскертип, канчалык бул күнөө Аллах алдында жийиркеничтүү бузукулук экенин баяндап, анын дүйнө-акыреттеги кесепетин көрсөттү.

 

Аллах Таала бачабаздык тууралуу Куранда айтты:

«

    1. Биздин элчилерибиз Лутка келгенде, булар[дын келиши] себептүү капаланып жана кыжаалат болуп “Бул оор күн болот го!” деди.[1]
    2. Мындан мурун бузук иштерди [бачабаздык] кылып жүргөн коомунун адамдары анын [үйүнүн] алдына чуркаган бойдон жетип келишти [жана “жаш жигиттерге” суктанып турушту]. “Оо, коомум – деди Лут – [бул арам иштен көрө] мына бул менин кыздарым [менен болгонуңар] тазараак силер үчүн. Аллахтан корккула! Мени меймандарымдын алдында шерменде кылбагыла! Силердин араңарда акылы соо адам калган эмеспи?!
    3. Айтышты: “Кыздарыңа биздин каалообуз жок экенин билесиң. Чынын айтканда, биз эмнени каалап жатканыбызды билип эле турасың да?
    4. [Анда Лут мындай] деди: “[Эх,] силерге кубатым жеткенде же болбосо, жөлөнөөр бекем тирегим (жоокерлерим) болгондо кана, атаганат!”
    5. [Ошондо жигит кейпиндеги периштелер] айтты: “О, Лут! Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Алар сага катыла албайт. Сен түндүн [таңга жакын] бир бөлүгүндө үй-бүлөңдү [айылдан] чыгарып кет. Эч кимиңер артына карабасын! Бир гана аялыңды [куткарууга аракет кылба]. Чынында, аларга [каапырларга] жетүүчү азап ага да жетет.[2] Алардын [өлтүрүлүү] убадалары таңга маал. Таң мезгили жакын эмеспи!”
    6. Анан, Биздин [азап жөнүндөгү] буйругубуз келгенде, [айылдын] астын үстүнө төңкөрүп, асмандан токтоосуз чопо-таш жаадырдык.
    7. Ал таштар Раббиңдин алдында [азап белгилери менен] белгиленген. Мындай азаптар [ар кайсыл замандагы Лут коому сыяктуу] заалымдардан алыс эмес!!!»

(Худ сүрөсү)

_______________________

[1] Мунун себеби, анын коому өтө бузуку, бачабаз адамдар эле. Ал эми, Луттун үйүнө келген периштелер жаш, сулуу, жигиттер кейпинде болчу.

[2] Анткени, Луттун аялы да ыймансыз болуп, Лутка келген эки жаш, сулуу “жигиттер” жөнүндө чуркап барып, бузукуларга кабар берген болчу.

 

Эми, бачабаздык илдети тууралуу чоң аалымдардын насаатын угалы:

 

Абдураззак аль-Бадр «Бачабаздык күнөөсү жана балээси»

 

Шейх Абдурразак аль-Бадр айтты:

 

Мактоолордун баары жеке жалгыз Аллахка гана таандык.

Мен ибадат кылууга, сыйынууга  кулчулук кылууга татыктуу, акылуу, эч ким жок, жеке жалгыз бир Аллахтан башка, Ал жалгыз, Анын эч бир шериги жок экенине жана  Мухаммад ﷺ Аллахтын кулу жана элчиси экенине  күбөлүк беремин.

Пайгамбарыбыз Мухаммадга ﷺ,  анын үй-бүлөсүнө жана  сахабаларына  баардык айып кемчилдиктерден аруу жана таза болгон Аллахтын салам-салаваттары болсун.

 

Андан соң….

Аллах өзүнүн сөзү болгон Курандагы аяттардын биринде,  пайгамбар Лут алейхис салям жиберилген коом тууралуу эскерип, алар жөнүндө баяндайт.

 

Бачабаздык – айбандар да кылбаган жийиркеничтүү күнөө

Ал коом өтө бузуку чектен чыккан коом болгон эле, ага чейин андай бузуку коом ааламда болгон эмес. Алардын кылган кылыктары өтө ыплас, бузуку, чектен чыккан эң жаман күнөө иштер болгон. Тактап айтканда ал коомдун эркектери бири бири менен жыныстык катнаш кылышып, бачабаздыкка баш оту менен киришкен.

⚠️ Ал коомдун ушундай ыплас жана жийиркеничтүү иштерди кылгандары, алардын чектен чыгып акылдарын жоготкондугуна жана табияттан тайганына далил болот.

⚠️ Алар айбандан дагы төмөн деңгээлге түшүшүп, айбандар да кылбаган нерсени кылышты.

Ошон үчүн илим ээлери андай жаман ыплас бузукулукту жада калса айбандар да кылышпайт деп айтышат. Мисалы: текеге теке секирбейт, эшектин эркеги эркек эшеке секирбейт, бука букага секирбейт, иттин эркеги эркек итке секирбейт ж.б. Айбандар дагы ошол коом кылган ишти кылышпайт.  Айбандар кылбаган ишти акылынан кеткен жана табияттан тайган ошол коом кылды.

Себеби алар өздөрүнүн каалоо кумарларын гана ойлошуп, ошону гана ишке ашырууну максат кылышкан. Андан башка эч нерсеге маани бербей калышкан.

Ошол коомдун акыбети өтө оор жана жазасы катуу болду.

 

Лут пайгамбар жиберилген коом – бачабаздык күнөөсү үчүн жок кылынган!

Аллах Таала аларга периштелерди жибеп, алардын шаарларын астын үстүн кылып төңкөрүп салды.

Аллах Тааладан келген мындай жаза алардын бузуку ыплас, чектен чыккан иштери үчүн болду. Бул тууралу Аллах Таала мындай деп айтат:

…Мындай азаптар (ар кайсыл замандагы Лут коому сыяктуу) заалымдардан алыс эмес!” (Куран, Худ 11:83).

Зулум кылган адамдарга, өздөрүнөн (мурунку заманда өткөн) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар.”  (Куран, аз-Заарийат 51:59)

Аллах Таала ошол бузуку ыплас коом тууралуу эскерип, алардын кылган күнөөлөрүнүн  акыбети кандай болгонун кабарлады жана бул эскертүү акылы бар адамдар үчүн чоң сабак болду.

 

Бачабаздык кылгандардын балээси

Мындай бузукулукту кылып чектен чыгуунун аягы, бул дүйнөдө жана акыретте кыйроого алып бараары айтылды. Кимде ким ошол Лут пайгамбардын (алейхссалам) коому жасаган ыплас бузуку иштерди кылган болсо, ага ошондой ар түрдүү балээлер келет.

Андай бузуку ыплас иштерди кылган адамды Аллах Таала  Кыямат Күндүн азабына чейин эле  бул дүйнөдө  өтө катуу жаза менен жазалайт.

Аллах курандагы бул аяттарды  өзүнүн пенделерине сабак болуусу үчүн эскертти, жана бузукулуктун акыбети кандай жаман болот экендигин баяндады.

 

Улуу Арштын Ээси болгон, Берешен Аллахтын көркөм ысымдары жана улуу сыпаттары аркылуу сураймын: Аллах бизди  өзүнүн саалих пенделерин сактагандай  сактоосун жана биздин абалыбызды оңдоосун сураймын.

О, Аллах, бизди Өзүң  жаман кулк мүнөздөн жана адепсиздиктен сактай көр! Напсбиздин жамандыгынан жана амаладарыбыздын жаманынан сакта.

О, Аллах, бизди шайтандын азгырыгынан жана  анын ширкинен сакта!

О, Аллах, бизди өзүбүздүн напсилерибизге жана башка бир мусулманга жамандык кылуудан сакта.

Пайгамбарыбызга Аллахтын салам  салаваттары болсун.

Оригинал: https://youtu.be/n7Fth-Yw8KI

Видеону телефонго көчүрүп алуу (MP4, 6.6 Мб)
MP3 аудио форматында жүктөп алуу (1.1 Мб)
Видеону YouTube каналынан көрүү

 

Share

You may also like...