Ыймандын даамын кантип татамын?

 

Бул дүйнө жашоосунда таттуулук жана ырахат, лаззат жана бактылуулук бар. Бирок ал нерселер ыйман аркылуу гана келет, тактап айтканда бул жашоодогу бактылуулукка жетүү үчүн – Аллах жана Анын элчисине ﷺ моюн сунуу керек.

Пайгамбар ﷺ айткан: “Кимде ким Аллахты Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо – ыймандын даамын татыптыр” (Муслим: 34).

Пайгамбар ﷺ  айтты: “Кимде бул үч нерсе болсо ыймандын лаззатын татыптыр: ага Аллах жана Анын Элчиси бардыгынан сүйкүмдүүрөөк болсо, башка бир кишини сүйгөн болсо аны Аллахтын гана ыраазычылыгы үчүн сүйсө, Отко ыргытылууну кандай жаман көргөн болсо, каапырчылыкка кайтууну дал ошондой эле жаман көрсө” (Бухари: 16, 21, 6041, 6941; Муслим: 43).

Ооба, бул жашоодо бактылуулук, сүйүнүч, кубаныч, рахаттануу жана акылдын сергүүсү бар. Бирок, аларга бир гана ыйман аркылуу жетүүгө болот. Бул тууралуу Пайгамбардын ﷺ хадистерине ой жүгүртүп көр, ал айтты: «Менин көзүмдүн кубанычы — намазда”, дагы айтты: “Оо, Билал! Бизди намаз менен эс алдырчы».

Демек, ыйман аркылуу гана бул жашоодогу чыныгы бактылуулукка, кубанычка, сүйүнүчкө, бейпил жашоого, акылдын сергүүсүнө, жүрөктүн тынч алуусуна, чыныгы бактылуу жашоого жетүүгө болот.

Аллах Таала айтты: «Эркеги болобу, аялы болобу, ким жакшы амал жасап ошол эле кезде ыйман келтирүүчүлөрдөн болсо — ага биз жакшы жашоону (хайят тоййиба) арнайбыз жана алар кылган жакшы амалдарына соопторду ыйгарабыз» (Куран, ан-Нахль 16:97).

Карагылачы, аятта айтылган “жакшы жашоого” бир гана ыйман аркылуу, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуу аркылуу, ибадат аркылуу гана жетүүгө болот экен. Адам бул жашоодогу бактылуулукка жана бейпилчиликке эч качан жете албайт, качанга дейре Аллахтын жана Пайгамбардын ﷺ буйруктарын аткармайынча.

Дагы бир аятта Аллах Тааланын ушул мааниде айтылган сөздөрүнө ой жүгүртүп көр: «Ыймандуу пенделер “Наим (Жыргалчылык)” (деп аталган) бейиштерде болушат» (Куран, аль-Мутоффифин 83:22).

Тафсир аалымдары айтышат: Ыймандуу пенделерге жыргалчылык үч жолу келет — бул жашоодогу жыргалчылык, барзах ааламындагы жыргалчылык жана акыреттеги жыргалчылык.

Демек, бул дүйнөдө дагы бактылуулук, кубаныч, лаззат жана бейпил жашоо бар, бирок андай жашоого бир гана Аллахка жана Анын элчисине ﷺ моюн сунуу менен жетүү мүмкүн.

 

Автор : Шейх Абдурразак аль-Бадр

(Аллах аны коргоосуна алсын)

Share

You may also like...