Эмнеге эле таухидди айта бересиңер?!

Шейх Солих ибн Абдулазиз Аали Шейх айтты:

Кээ бир адамдар айтып калышат – Таухиддин канчалык зарылчылыгы бар?…

“Таухид” деп силер дайыма эле айта бересиңер, кайталай эле бересиңер!

Дегеле, Таухиддин адамдардын жашоосунда канчалык маанилүүлүгү бар?

 

Таухиддин бул дүйнөгө да, жана акыретке да эң чоң пайда-таасири бар.

Бул дүйнөдөгү пайдасы болсо: Бейпил, тынчтык жашоо.

Аллах Таала айтты:

مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَى وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُم بِأَحْسَنِ مَا كَانُواْ يَعْمَلُونَ

«Эркеги болобу, аялы болобу, ким жакшы амал жасап ошол эле кезде ыйман келтирүүчүлөрдөн болсо — ага биз жакшы жашоону арнайбыз» (Куран, ан-Нахль 16:97).

Ал эми акыреттеги эн чон пайдасы: [Таухидди билген себептүү] сен Аллахка эч нерсени шерик (ширк) кошпой өлүшүң.

Пайгамбар (соллаллооху алейхи ва саллам) айткандай: “Ким Аллахка эч нерсени шерик кошпой өлгөн болсо Бейишке кирет” (Сахих Муслим: 93).

Аллах Таала айтты:

إِنَّ اللّهَ لاَ يَغْفِرُ أَن يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَلِكَ لِمَن يَشَاء

«Чындыгында Аллах Ага шерик кылганды кечирбейт, ал эми андан башкасын каалаганына кечирет» (Куран, ан-Ниса 4:48).

Ошондуктан таухидди адамдарга жеткизүү, үйрөтүү – адамзатына кылынган ЭҢ ЧОҢ ЖАКШЫЛЫК, макулуктарга болгон ЭҢ ЧОҢ ИХСАН деп эсептелет.

Адамга жакшылык кылам десең ага садака берсең болот.

Бирок, инсанга болгон ЭҢ ЧОҢ жакшылыгың, эң чоң пайдаң: ага акыйданы үйрөтүүң менен, таухидди үйрөтүүң менен дүйнө-акырет азаптан кутулуусуна себеп болууң.

Ошондуктан, ким таухидди жана акыйданы үйрөтүп жатса – мейли мечитте болсун, баяндары менен болсун, университетте болсун – ал  адамдарга эң чоң пайда берип жаткан инсан деп эсептелет. Ал адам пайгамбарлардын (алейхиму-ссалаам) мурасында болот.

Демек, акыйданы коргоо – ыйык милдет.

Жалгыз Аллахты таанытып, Таухидди адамдарга үйрөтүү – парз, милдет. Себеби ушул нерседе адамдардын дүйнө-акыреттеги бактылуулугу камтылган.

Ар бир мусулман пенде жеке өзү – бул нерсеге терең маани берүүсү зарыл.

Ошондой эле, ислам динине кызмат кылып жаткан дүйнөнүн ар бурчундагы жамааттар дагы ушул нерсеге жакшы көңүл буруулары керек. Напсилер тазаланышы үчүн, Аллах ыраазычылыгына умтулуу деген ЫКЛАС пайда болушу үчүн, Таухидке байланыштуу чындык менен жалганды айырмалай билиш үчүн – Таухидке терең маани берүүлөрү зарыл.

 

Мамлекеттин бейкуттугуна да Таухиддин чоң таасири бар.

Себеби ыйман жана сооптуу амалдарды жасаган адамдарга Аллахтын мындай деген убадасы келет.

Аллах Таала айтты:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

«Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарды, мурдагы [ушундай] кишилерди орун басар кылганы сыяктуу, аларды да жер жүзүнө орун басар кылууну убада берди. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү убада берди. Жана коркунучтарынан кийин [анысын] бейкутчулукка, тынчтыкка алмаштырып берүүнү да убада берди. Алар Менин Өзүмө гана сыйынышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт…» деп айтты (Куран, ан-Нур 24:55)

Бул дүйнө жашоосунда аманчылыктан, тынчтыктан да өткөн жакшы бир нерсе барбы?!

Мындан тышкары Таухиддин пайдаларынан: жаандардын мол жаашы, асман-жерден Аллахтын казыналарыны ачылышы ж.б.

 

Автор : Шейх Солих ибн Абдуль-Азиз Ааль аш-Шейх 

Булак: Оригинал

Видеону телефонго көчүрүп алуу (MP4, 13.7 Мб)
MP3 аудио форматында жүктөп алуу (0.9 Мб)
Видеону YouTube каналынан көрүү

 

 

 

 

 

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter

Share

You may also like...