Себептерди инкар (четке каккандар) кылгандар — Шейх аль-Фаузан

Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

Себептерди кылуунун орду өтө чоң, анткени алар ибадатты аткарууга жардам беришет…

Аллах Таала буюрган себептерди колдонуу – ибадат болуп эсептелет, анткени алар ибадатты аткарууга жардам көрсөтүшөт…

 

Ошондой адамдар айтышат: “Себептерди кылууга эч кандай муктаждык жок, бардык нерсе тагдырдан. Аллах Таала бир нерсени тагдырга жазып койсо – себептерден эч пайда жок”.

Субхан Аллах! Анда үйлөнбөй эле кой! Себеби үйлөнүү дагы себеп болуп эсептелет. Тамак жебе, суу ичпе. Анткени тамак-аш, ичимдик – бардыгы себеп болуп эсептелет.

Максатка жетүү үчүн себептерди аткаруунун орду абдан чоң. Илими бар жана Аллах Тааланын динин туура түшүнүп билген адам себептерди таштабайт…

Дагы айтышат: “Себептерди колдонуу, М: дуа, тобокел ж.б., жөнөкөй адамдарга гана тиешелүү, [ал эми «тандалгандар» себептерди колдонушпайт]”. Булардын сөздөрү аларга чейинки [адашкандардын] сөздөрүнө окшош. Алар айтышчу: “Шариат буйруктары карапайым калкка гана тиешелүү [ал эми тандалгандар ал парздардан бошотулган]”. Булар да тигилердин бир түрү.

 

[Башкалары болсо] айтышат: “Карапайым адамдарда ыйман жана йакын алсыз болгондуктан — мына ошолор — себептерди колдонууга муктаж”, — дешет.

Бул өтө чоң ката. Себеби бардык нерсенин себептери бар. Пенде себептерди карманууга буюрулган. Эгер себеп жок болсо иштин натыйжасы да жок болот. Бирок, эгер себеп бар болсо да — натыйжа сөзсүз болот дегендик эмес. Болушу мүмкүн, болбошу мүмкүн. Ал Аллахтын колунда.

Аллах сага себептерди колдонууну буюрду, ал эми максаттын ишке ашуусу – Аллах Тааладан болот.

Демек, себепти колдонуу — Аллах Таалага кулчулук кылууга каршы келбейт. Ошондой эле себепти колдонуу — тагдырга ыйман келтирүүгө каршы келбейт.

Анткени себептер дагы тагдырдан болуп эсептелет. Эгер сен себеп колдонсоң – демек бул нерсе, сенин тагдырыңа Аллах Таала себебин кылат деп жазгандыгына далил. Ал эми себепти кылБасаң – демек бул нерсе, сенин тагдырыңа Аллах Таала себебин кылБайт деп жазгандыгына далил. Тагдыр сени ар бир кыймыл аракетиңде коштоп жүрөт, сен андан чыгып кете албайсың…

Себептерди таштоо (инкар кылуу) – чоң ката. Аллах Өзү себептерди кылууга буюрган. Бир нерсенин болушуна себептердин пайдасы өтө чоң экендигин адамдар көрүп турушат. Эгер себеп жок болсо иштин натыйжасы да жок болот. Бирок, эгер себеп бар болсо да — натыйжа сөзсүз болот дегендик эмес. Болушу мүмкүн, болбошу мүмкүн. Ал Аллах Тааланын колунда.

 

Аллах Таала баардык нерселерди себептери менен жараткан.

Ар бир нерсенин себеби бар. М: Бактылуулуктун, Бейишке кирүүнүн себептери бар. Аллах Таала айтты: “…(жакшы) амал кылган үчүн, эми, Бейишке киргиле!” (Куран, ан-Нахль 16:32). Амалдар бейишке кирүү үчүн себеп. Амалдар жок Бейишке кирүү жок.

Аллах Таала айтты: “(О, момундар!) Силерге мурунку элдердин (машакаты жөнүндөгү) мисалдары келбей туруп — Бейишке киребиз деп ойлодуңарбы. Аларга жакырлык, ар түрдүү ооруулар жеткен жана кооп-коркунучтарга кабылтылган…” (Куран, аль-Бакара 2:214).

Дагы айтты: “ Же болбосо, силер, Аллах араңардагы жихад кылгандар менен сабыр кылгандарды билип (ажыратып) албай туруп эле — Бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?” (Куран, Аалу Имраан 3:142).

Андыктан себептер болушу керек. Себепсиз сен Бейишке кире албайсың. Анын себеби болсо – солих амалдарды аткаруу.

Ошондой эле Тозокко кирүүнүн себептери бар. М: ыйман келтирбөө, күнөө иштерти кылуу. Бул нерсе ачык, түшүнүктүү.

 

Ким өзүн “илимдин жана маърифаттын туу чокусуна жеттим” деп ойлосо дагы, “йакын жана тобокели жок болгон гана адамдар себептерди колдонушат” деп айтса дагы — себептерди инкар кылуу (четке кагуу) чоң ката жана наадандык.

 

Аллах Таала себептерди кылууга буйруйт

Ал айтты: “(О, мусулмандар!) Аларга (душманыңарга каршы) колуңардан келген бардык күч-кубатты даярдагыл…” (Куран, аль-Анфаль 8:60). Бул нерсе [жеңишке жетүүнүн] себеби.

Дагы айтты: “Ага сыйынгыла жана Ага гана тобокел кылгыла(Куран, Худ 11:123). Тобокел кылуу – [Бейишке кирүү үчүн] себептердин бири.

Дагы айтты: “Ал силерге Жерди багындырып берди. Эми, анын чар тарабында жүрүп, [Аллахтын] ырыскысынан жегиле” (Куран, Мүлк 67:15).

Ал эми эч нерсе кылбастан ырыскы мага өзү келет деп отура берүү туура эмес. Антиш туура болбойт. Ырыскы издеп аракет кыл. Чымчыктар дагы уяларына жатып албастан сыртка чыгышып ырыскы издешет. Таң аткандан баштап уяларын таштап, ырыскы табыш үчүн сыртка чыгышат. Анткени, себептерди колдонуу сөзсүз керек экенин — алардын Аллах жараткан табияты — сезип турат.

 

? «Шарх аль-Убудия»
Шейх Солих ибн Фаузан аль-Фаузан 

 

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter

 

 

 

Share

You may also like...