Адам канткенде бактылуу боло алат?

Адамзат — Аллахтын жаралган макулугу

Жиндер менен биргеликте алар ДИН деген аманатты көтөрүшүп бул дүйнөгө ИБАДАТ үчүн жаралган. Аллах Куранда

«Мен жиндер менен адамдарды бир гана Мага ибадат кылуусу үчүн жаратканмын» (Куран, Заарият: 56) деп биздин жаралуу максатыбызды айтат. Демек биздин негизги иш: Жаратуучуну табуу, таануу жана Ага гана ибадат кылуу

Ал эми ибадат деген бул Аллахтын буйруктарын аткаруу.

Адам өз жаратылышында (фитра) динге муктаж.

Мээримдуулуккө, кишилер менен сүйлөшүүгө, жылуулукка, тамакка муктаж болгондой эле адамдын  ичинде сыйынуу инстинкти бар.

Көп адамдар бул сыйынуу инстинктин эптеп болсо да канаттандырыш үчүн жалган диндерди да тутуна беришет.

Бирок, эч бир дин же идея адамдын чыныгы бул инстинктин канаттандыра албайт.

Себеби алардын андай функциясы жок.

«Чындыгында жүрөктөр бир гана АЛЛАХТЫ эстөө менен эс алышат!» (Куран, Раад сүрөсү: 28)

Ал эми Ааламдардын Эгесинин чыныгы сүрөттөлүшү, кандай экенинин баяны бир гана Ислам акыйдасында айтылат.

Башка диндерде болсо Кудайдын баласы бар, жардамчысы бар, достору бар деп — адамдын жүрөгүн эч канаттандырбаган ишенимдер бар⬇

Канчалык адам өз Раббисин туура таанып, туура сыйынса — ошончолук жүрөгүнө бактылуулук келет, рахат келет!

Аллах Куранда айтат

«Чынында жакшы кишилер нээмат (жыргалчылык) Бейиштеринде. Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат⬇!» (Куран, Инфитаар: 13-14)

Шейху-ль-Ислам Ибн Теймия айткан : “Бейиш менен Тозок бул дүйнөдөн эле сезсе болот. Бул дүйнөнүн Бейишине кирбеген тиги дүйнөнүн Бейишине кире албайт” – деп.

Сурашты: «Бул дүйнөнүн Бейиши эмне?», ал жооп берди «Жүрөктүн ырахаты»

— анан айтты:

Чындыгында, Аллах шүгүр кылуучу (аш-Шакуур). Пенде ибадат кылса ал анын сыйлыгын бул дүйнөдөн да акыреттен да берет.

Бул дүйнөдөгү сыйлыгы: жүрөктүн рахаты, көкүрөктүн кеңейиши (инширооху-с-содр)

Демек, качан пенде Аллахка ибадат кылса — жүрөгү жылып, көкүрөгү кеңейип бактылуулук сезсе — Аллах анын ибадатын кабыл кылып, Бейишке киргизгени жатыптыр, иншаАллах.

 

Бирок, кээде намаз окуп, орозо кармап, элге даават кылгандай эле болобуз…. бирок, көкүрөгүбүз жылыбайт, жүрөгүбүз жумшарбайт – бул эмнеден деп сурашыбыз мүмкүн?

Демек…. ибадатыбыздан ката кетип  ал Аллахтын алдында кабыл болбой жаткандыр!

Өзүбүздү бир сыйра карап көрөйлү:

Бүгүн мен тутунуп жаткан  ишеним — мени Аллахка жакындатып жатабы, ыйманымды көтөрүп жатабы?

— бүгүн мен жасап жаткан  ибадат — мени Аллахка жакындатып жатабы, ыйманымды көтөрүп жатабы?

— бүгүн мен сүйлөп жаткан  сөздөр — мени Аллахка жакындатып жатабы, ыйманымды көтөрүп жатабы?

Эгер буларды кылуу менен жүрөктөн эч рахат таппасак, анда:

— же жүрөгүбүз таптакыр катып калган (чоң күнөө кылган себептүү⬇)

— же биз туура эмес ишеним, ибадат же сөздөрду  аткаруудабыз⬇

Аллах бардыгыбызды Өз ыраазычылыгына алып келсин!

Акыйда – Шариат илими мусулман адамдын дүйнө таанымы кандай болушу керектигин баяндаган илим.

Анын негизин Аллахты таануу илими – таухид – түзөт

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...