Аллахка тобокел кылалы

Шейх Сулайман ар-Рухейли

Туугандар! Силерге Аллахка тобокел кылуу тууралуу эскертип кетем!
Жүрөктөрүңөрдү Аллахка тапшыргыла.
Аллахка тобокел кылгыла.
Билгиле, бүткүл иштердин баардыгы – Аллахтан гана болот.

“Аллахты асмандардагы жана жердеги эч нерсе алсыз кыла албайт (Андан эч ким качып кутула албайт)” (35:44)

Аллах Субханаху ва Таала – Берешен жана Жоомарт Зат.

Ал баардык дуа кылуучуларды угат, биринин үнү башкасыныкы менен аралашып кетпейт. Ал бардык сураган адамдардын сураган нерселерин берет, бирөнүн сураганын башкасына адашып берип койбойт. СубхаанАллах!

Аллахка тобокел кылалы!

Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтат: “Эгер Аллахка чындап тобокел кылганыңарда – чымчыктарга ырыскы берген сыяктуу эле силерге да ырыскы берет эле: алар таң эртең менен карындары ач чыгып кетишип, кечинде ток кайтып келишет” (Хаким: 3278).

Ушул алсыз чымчыктар таңатпай ачка чыгып кетишет. Мен эртеден бери буларды карап, байкап турам: алар өздөрүнүн курт-кумурскалардан болгон ырыскыларын ушул суунун үстүнөн таап жеп жатышат, кеч киргиче улантышып, кечинде карындарын тойгузушуп кайтышат.

Аларга ырыскыны берип жаткан ким? Аллах!
Аларга кыймыл берип, учуруп жаткан ким? Аллах!
Аларга илхам берип жаткан ким? Аллах!

СубханАллах! Эгер биз Аллахка акыйкатта тобокел кылганыбызда – бул чымчыктарды ырыскыландыргандай эле бизди да ырыскыландырат эле.

Андыктан туугандар, жалгыз Аллах Таалага гана ыклас менен дуа кылалы жана себептерин аткаралы.

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...