Кабыр (мүрзө) бар жерде намаз окуу болобу?

ℹ “Мечит” же “Масжид” – араб. “сажда кылынчу жер”. Кайсыл жерде сажда кылынса – ал жер масжид деп аталат.

Ошондуктан хадисте келет: “Мен үчүн Жердин бардыгы мечит кылында, ал эми [топурагы менен] тазаланууга уруксат этилди. Менин үммөтүмөн ким гана болбосун – намаз убактысы кирген жерден намазын окуй алат
? (Муслим: 521)

Абу Са’ид аль-Худри Пайгамбардын ﷺ сөзүнөн айтат: «Кабыр жана мончодон башка бардык жер мечит болуп саналат» ? (Абу Дауд: 492; Тирмизи: 318; Ибн Мажа: 745; шейх Альбани хадисти сахих деди “Сахих аль-Жамиъ”: 2767)

? Имам аль-Багави айтты: “Жөөт менен христиандарга намаз бир гана өзүлөрүнүн ибадаткана жана чиркөөлөрүндө окуу уруксат эле. Ал эми бул үммөткө Аллах намазды кайсыл жерде болушпасын окуй берүүнү уруксат берди, аларга жеңилдик кылып. Бир гана мончодо, кабырда жана нажас жерлерде намаз окуудан тыйды” ? (Фатх аль-Мажид шарх Китаб ат-Таухид: 233).

Мүрзө жана мончодон башка бардык жерде намаз окуй берсе болот.

? Ал эми ким мүрзөдө намаз окуй турган болсо – каргышка калат, намазы кабыл болбойт.
? Муфтий Шейх Абдульазиз Ибн Баз айтты:

Рүкү жана саждасы бар намазды кабыр (мүрзө) турган жерде окуу – шариатта уруксат эмес. Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айткан: “Өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларын мечит (сыйынуучу жай) кылып алышкан жөөт жана християндарга Аллахтын наалаты болсун” ? (Бухари: 436; Муслим: 531).

Себеби, мүрзөдө намаз окула турган болсо, ал жер “мечит” (сыйынчу жай) өкүмүн алат, мечит курулбаган болсо дагы.

Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айткан: “Силерге чейинкилер өздөрүнүн пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит (сыйынуучу жай) кылып алышкан. Силер да кабырларды мечит кылып алБагыла! Чынынды мен ал нерседен тыям!” ? (Муслим: 532).

❗ Себеби кабырдын жанында намаз окуу – бара бара арамга алып барышы мүмкүн.

Ширкке алып барчу жолду жабыш үчүн – Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) кабырда намаз окугандарга каргыш айтты. Башында алар намаздарын Аллахка окушат, кийин шайтан азгырып намаздарын Аллахка эмес, ошол мүрзөдө жаткандарга окуп калбасын деп, же аларга дуа кылып калбасын деп – бул иштен катуу тыйды.

Ошол үчүн кабырлардын жанына намаз окууга уруксат жок – мейли парз же нафил болсун. Ал жерде тилек тиленүү, Куран окуу, садака кылуу ж.б.у.с. нерселерди кылуу болбойт.

Чынында ал жерге Акыретти зикр кылып, өлүмдү эстөөгө, Аллах Тааладан кабырда жаткандар үчүн дуа кылууга гана барылат.

Ал эми ал жерге башка максат менен зыярат кылышса: “кабырда кылынган дуа жакшыраак кабыл болот экен” деп ойлоп ал жерде отуруп алып тилек тиленсе, Куран окуса, намаз окуса – бул нерселерге шариятта эч кандай негиз жок. Бардыгынан да ал жерде окулган намаз жаманыраак. ⚠ Ал жерде окулган намаз – жараксыз (батыл) деп эсептелет.

? http://www.binbaz.org.sa/noor/5922

 

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...