Инфекция өзүнөн өзү жугабы?

Абу Хурайра (радыяЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт: 

       «Жугуштуу ооруулар жалган. Жаман ырым-жырымдар жалган. Үкү жалган. Сапар айы жалган» (Бухари: 5757; Муслим: 2220).

Муфтий Шейх Ибн Баз (рахимахуЛлаху) айтты:

       Исламга чейинки (жахилия) доордо адамдар “Нерселер ӨЗҮЛӨРҮНӨН ӨЗҮ пайда же зыян бере алышат”, “Ким оорулуу адамга жолукса СӨЗСҮЗ ага оорусу жугат”, — деп ишенишээр эле. Бирок Пайгамбар ﷺ «Жугуштуу ооруулар жалган. Жаман ырым-жырымдар жалган…» деген сөздөрү менен бул туура эмес ишенимдерди жокко чыгарды. Себеби ар бир нерсе Аллахтын каалоосу менен гана, тагдыры менен гана болот. Албетте, Аллах кээ бир оорууларды жугуучу кылып жараткан. М: котур жана пес (лепра) ооруусу кишиден кишиге жугушу мүмкүн, бирок жукпашы да мүмкүн. Бардыгы тагдырдан.

       Ошондуктан, Пайгамбар ﷺ «Пес кишиден арстандан качкандай кач» (Ахмад: 9720), — деп айтканы менен, өзү пес кишинин колун КАРМАП, «Аллахка ишенүү, Ага тобокел кылуу менен бисмиллях деп жегин» (Тирмизи: 1817), — дегени кабарда келет.

       Ооруу өзүнөн өзү жукпайт. Бирок оорукчан менен аралашуу – оорунун башкаларга жугушуна, Аллах кааласа, СЕБЕП болушу мүмкүн. Ошондуктан «Оорукчан төөлөрү бар киши, соо төөлөрү бар кишинин жанына малын алып келип, сугарбасын» (Бухари: 5771; Муслим: 2221), — деп Аллахтын элчиси ﷺ айткан, б.а. мунун өзүнүн сугаты, тигинин өзүнүн сугаты болсун, экөө аралашпасын.

       [Биринчиден] Бул — жамандыктын себептеринен КОРГОНУУ максатында. Пес кишиден кач деген хадисте да жамандыктын себептеринен коргонуу тууралуу айтылууда. Себеби оорукчанга жакындоодо, Аллахтын жазган тагдыры менен, ооруу жугушу ыктымал. Мына ошондуктан “инфекция жалган, ырым-жырымдар жалган” деп айтуусу менен бирге, оорукчан малды соо малга аралаштырбоого жана ала (пес) адамдан качууга буюрду.

       [Экинчиден] Эгер ооруу бар жерде жүрүп, ага жугуп калса – жахилия доорундагыдай – “оору өзүнөн өзү жугат” деп жаман күмөн, ТУУРА ЭМЕС ИШЕНИМДЕ калбасын деп, ал жерден алыс болууга буюрду.

📖 Булак: [Шарх ли-Китаб ат-Таухид, баб ат-Татоййур]

Share

You may also like...