Куран окуу үчүн акы алса болобу? — Шейх Ибн Баз

СУРОО. 1) Куран ОКУУ үчүн акы алуунун өкүмү кандай? 2) Куран ҮЙРӨТҮҮ үчүн акы алуунун өкүмү кандай? 3) ӨЛҮККӨ Куран окулабы?

ЖООП. Муфтий шейх Ибн Баз айтты:

Бул маселе мындай:
  Куран ОКУУ учун акы алуу — АРАМ ИШ экени, аалымдар арасында бирооздон келишкен, талашсыз маселе (ижма’). Бул тууралуу көптөгөн жерлерде эскерилет. М: мага баланча сүрөнү окуп берсең мынча акча берем, же өлгөнгө Куран окуп берсең мынча берем, — деш болбойт. Курандын бир парасы болобу же экиби, тирүүгөбү же өлүккөбү — аны окуу үчүн келишим түзүү — арам иш.

  Ал эми Куран ҮЙРӨТҮҮ ҮЧҮН акы алууга келсек — туурасы, ал УРУКСАТ ИШ. М: мектепте окуучуларга айлык акы үчүн Куран үйрөтөйүн деп алар менен келишим түзүү болот. Себеби мугалим ал нерсеге муктаж. Пайгамбар ﷺ айтты: «Акы алууга эң татыктуу нерсе — Аллахтын Китеби» (Бухари, Китаб аль-Ижааро).

Куран үйрөтүү жана Куран менен дем салууга акы алса болот. Ал эми жөн эле Куран окууга болбойт.


СУРОО. Ал эми өлгөндөргө Куран окуу
ЖООП. Өлүктөргө Куран окуу болбойт. Адам өлгөн соң болду, куранды укпайт, андан пайда ала албайт.
    Бирок, өлгөн адам үчүн Аллахтан кечирим жана мээрим тилейбиз, өлгөндүн атынан садака беребиз. Бул уруксат.
    Ал эми өлүккө Куран окуу, же анын атынан Куран тилават кылуу тууралуу далил келген эмес. Ооба, кээ бир аалымдар: «Куран окуп, сообун багыштаса болот» деп айтышкан. Бирок бул нерсеге далил келген эмес. Андай кылбаган жакшыраак.
    Бирок, өлгөн адам үчүн Аллахтан жакшылык, кечирим жана мээрим тилейбиз, өлгөндүн атынан садака беребиз. Бул нерсенин өлгөн адамга пайдасы тиет экенине бардык аалымдар макул болушкан. Садака жана Аллахка кайрылып ал үчүн дуа кылуу.
     Ошондой эле карызын төлөгөндөн пайда табат. Анын атынан ажылык кылса пайда табат. Өлөөрдө карыз орозолору болуп, аны кармоого күчү жетип, бирок кармабай карыз болуп кетсе, анын атынан бирөө орозо тутса — ошол пайда берет.


СУРОО. Ал эми адам ӨЛҮП ЖАТКАНДА Куран окуучу?
ЖООП. Өлүм алдында жаткан кишиге Куран окуп берсе болот, себеби ал түшүнөт, угат.

Булак: Муфтий Ибн Баздын расмий сайты.

https://binbaz.org.sa/fatwas/2860/حكم-اخذ-الاجرة-على-تلاوة-القران-وعلى-تعليمه-وحكم-قراءته-على-الاموات
Share

You may also like...