Ырыскым кенен болуш үчүн эмне кылышым керек?

 

Күндөрдүн биринде бирөө Хасан аль-Басриге келип бакчасынын мөмө бербей жатканы тууралуу даттанат.

Хасан аль-Басри ага: «Аллага истигфар кыл (Алладан кечирим сура)», — деп айтат.
Кийин башка адам келип өзүнүн кедейлиги тууралуу айтат. Хасан аль-Басри ал кишиге дагы: «Алладан кечирим сура«, — деп айтты.
Дагы башка киши келип ага Алладан бала берүүсү тууралуу дуба кылуусун өтүнөт, Хасан аль-Басри: » Алладан кечирим сура» — деп жооп берет.
Үч жоопко күбө болгон Хасандын достору андан: «Түрдүү үч адам келип, үч башка суроо беришти эле, сиз баарына бирдей жооп бердиңиз» — деп айтышканда, Хасан аль-Басри : «Мен өз каалоом менен эч нерсе айтпадым, Алла Таала айткан: “Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү! Cилерге асмандан себелеген жамгыр жиберет, жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бакчаларды жана (соолубас) дарыяларды берет.” — деп жооп берди.  (Куран, Нух 71:10-12),
Имам аль-Куртуби ушу сөздөргө тийиштүү:

«Бул жерде Истигфар себептүү ырыскы менен жамгыр келет экенине анык далил бар» — деп айтты.

» Тафсир аль — Куртуби», 18/302
Истигфардын сөздөрү:
«АстагфируЛлаха-ль-‘Азыым» (Мен Улуу Алладан кечирим сурайм)
«Рабби-гфир лии!» (Раббим, кечир мени!) ж.б.

Ал эми истигфар сөздөрдүн эң абзели бул хадисте келет.
Шаддад ибн Аус риваят кылат, Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: “Истигфарлардын төрөсү – пенде мына бул сөздөрдү айтуусу:
«О, Аллахым, сен менин Раббимсиң, сенден башка илях жок. Сен мени жараттың, мен сениң кулуңмун. Сени менен болгон келишимге жана убадама күчүм жетишинче турамын. Кылган иштеримдин жамандыгынан Сенден коргоо тилейм. Мага болгон нээматтарыңды билем, күнөөлөрүмдү да билем. Чындыгында Сенден башка эч ким күнөөлөрдү кечирбейт»
(Бухари)

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...

2 комментария

  1. Умар:

    Аллах сиздерден ыраазы болосун

  2. салман дуйшобаев:

    Дуанын оригиналын жазбай койупсунар

Добавить комментарий