§ ХАНИФИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ? ХАНИФ ДЕГЕН КИМ?

§ ХАНИФИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ? ХАНИФ ДЕГЕН КИМ?

619
0
ПОДЕЛИТЬСЯ

Аллах Таала Пайгамбарын ﷺ Ибрахимдин диндеги жолун ээрчүүгө буюрду: “Андан соң (о, Мухаммад), Биз сага: «Жалгыз Аллаhка сыйынуучу (ханиф) Ибрахимдын динине ээрчигин. (Себеби) ал мушриктерден болбоду» деп вахий жибердик.

 (Куран, ан-Нахль 16:123).

Ханф – араб. “ийилүү”, “кыйшайуу”. Ханиф – ийилүүчү, бир нерсеге кыйшайуучу.

Ханиф – шариятта “жүрөгү, денеси, ниеттери ж.б. толугу менен Аллах тарапка ийилип, Анын гана ыраазычылыгын көздөп, жана Аллахтан башка нерселерден жүз бурган киши” – бул Ибрахим пайгамбар болчу. Ханифия – ханифтин дини.

Ибрахим пайгамбардын диндеги жолун ээрчүү бизге да буюрулган. Аллах Таала айтат: “Ал силер үчүн диниңерге (эч бир) тарлык жасаган эмес.  (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини.

(Куран,аль-Хажж 22:78).

Ханифия – Аллах алдында динди тазалап жалгыз Ага сыйынууң. Жөн эле “сыйынууң” деп аны жалгыз айткан жок, бирок “Анын алдында динин (ширктен) тазалап сыйынууң” деп кошту. Себеби ибадатка ширк аралашса ал жараксыз болуп калат. Чоң же кичине ибадат болсун, ал ширктен таза болсо гана ибадат деп эсептелет. “Алар бардык ибадаттарды ханиф абалында калыс Аллаh үчүн гана кылууга, намаз окууга, зекет берүүгө  буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин!” (Куран, аль-Баййина 98:5).

Бардык  жандыктарды Аллах Таала ушул ибадатка буюрду: “Мен жиндерди жана инсандарды Өзүмө гана ибадат (сыйынуу) кылуулары үчүн жараттым

(Куран, Аз-Зарият 51:56).

Адамдардын жаратылуу максаты – Аллахка сыйынуу, Ага гана ыклас кылуу. Эми, адамдардын арасында бул максатты аткарганы бар, аткарбаганы бар. Аллахтан башкага сыйынган киши болсо – жаралган максатына, Шариятка каршы чыгып жатыптыр.

Ибрахим – андан кийин келген бардык пайгамбарлардын атасы. Ибрахим пайгамбар үчүн бул нерсе чоң урмат. Себеби андан кийинки келген бардык пайгамбарлар Бани Исраил коомунан болушту, алар Ибрахимдин уулу Исхактан таркашкан эле: “Анын урпактарынын арасында пайгамбарлык жана Китеп (пайда) кылдык.

 (Куран, аль-Анкабут 29:27).

Бир гана пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ. Ал Ибрахимдин уулу Исмаил пайгамбардын урпактарынан.

Аллах аны адамдар үчүн үлгү кылды: “(О, Ибрахим!) Мен сени адамдарга имам кылам(Куран, аль-Бакара 2:124).

Дагы айтты: “Чынында, Ибрахим Туура Жолго баштоочу жолбашчы,  Аллаhка моюн сунган ханиф болгон. Ал мушриктерден болгон эмес.

(Куран, ан-Нахль 16:120).

Макулуктардын жаралуу максаты Аллахка гана кулчулук кылуу болгондуктан Ибрахим – башка пайгамбарлар сыяктуу эле – адамдарды бир гана Аллахка сыйынууга, Андан башка нерселерден оолак болууга чакырып келди: “Биз ар бир элге «Аллаhка гана ибадат кылгыла, башка «кудайлардан» (тагуттардан) алыс болгула» (деп айта турган) Пайгамбарларды жибергенбиз.

(Куран, ан-Нахль 16:36).

Ал эми адала-арам, буйрук-тыйуу шарият мыйзамдары бир үммөттөн экинчисине кажетке жараша өзгөрүлүп келген. Аллах бир мыйзам түшүрөт, кийин экичи мыйзам түшкөндө биринчисин жокко чыгарат. Ошентип акыркы Ислам Шарияты келгиче ушундай болду. Эми бул дин Акыр Кыяматка чейин өкүм сүрөт.

Ал эми пайгамбарлардын дининин негизи болгон — таухид — эч качан жокко чыгарылып, өкүмү өчүп кетпейт. Пайгамбарлардын акыйдасы бир болгон. Адам алейхис-саламдан акыркы пайгамбарга чейин бардыгы таухидди карманышкан, бардыгы таухидке, туура ибадатка үндөшкөн.

Ибадат – ар бир убакытта тиешелүү шарияттын буйругун аткаруу, Аллахка баш ийүү. Эгер эски шарияттын өкүмүн өчүргөн жаңы шариат келсе – жаңысына амал кылуу ибадат, эскисине амал кылуу ибадат эмес болуп саналат.

 

Булак: «Шарх аль-Коваъид аль-Арбаъ».
Автор:
Солих ибн Фаузан аль-Фаузан, Сауд Аравиясынын «Фетвалар боюнча туруктуу комитетинин» мүчөсү, «Чоң аалымдар кеңешинин» мүчөсү.

© ИсламЖолу

НЕТ КОММЕНТАРИЕВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ