Чыныгы аалымдын белгиси

Шейх Салих ас-Сухайми (хафизаху Аллах) айтты:

Илимди терең билген, роббаний аалымдардын өзгөчө белгилери бар.

Алардын кээ бир белгилеринен:
-Фатва берүүгө жулунуп, шашылышпайт.
-Ар бир фатвасында Алланын алдындагы жоопкерчилигин билишет.

Дагы белгилеринен :
-Алган илимдерине амал кылышат.
-Бул дүйнөнүн ашыкча жыргалчылыгынан баш тартып, акыретке камданышат.

Дагы белгилеринен :
Таухидге жана акыйдага өзгөчө көңүл бурушат. Ушул эки негиздин алдына эч нерсени коюшпайт. Башкача айтканда, Алла баштаган нерселер менен башташат.» (О, Мухаммад!) Билгин, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн Аллаhтан кечирим сура…!«(Мухаммад сүрөсү 19-аят)

Дагы белгилеринен :
Атак даңкка умтулушпайт. Аллах Куранда айткандай “(Юсуф) айтты: «Анда мени жер казыналарынын үстүнө (башчы) кылып коюңуз. Мен сактай билген жана билимдүү кишимин«(Юсуф сүрөсү 55-аят). Бирок, кандайдыр бир таасирлүү орунду илимсиз наадандар ээлеп алуу коркунучу болсо, анда ал аалым ошол орунга өз каалоосу менен келүүсү керек.

Дагы белгилеринен :
-Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө өтө катуу көңүл бурушат жана ага ылайыктуу амал кылышат. Мына ушул — эң чоң белгилерден.

Дагы белгилеринен :
Илимдин эң негиздерине көңүл буруулары. Куран жана Сүннөттөгү далилдердин негизинде гана сүйлөшөт жана фатва беришет

Дагы белгилеринен :
-Жөнөкөйлүк, текебер болбоо!

Дагы белгилеринен :
-Чакырыктары (дааваттары) ачык — айкын болушу (жашыруун эмес)
-Адамдарга жакшылык каалоосу , бул да белгилерден.
-Эл башчыларга дуа кылуусу жана ага жакшылык каалоосу. Жана шарият көргөзүп берген жолдор менен насаат кылуусу.

Дагы белгилеринен :
-Алар өз кызыкчылыктарын коргоп, өздөрүн бийик тутушпайт.

Дагы белгилеринен :
-Ар бир сунуштарында чынчыл жана ачык болушат

Дагы белгилеринен :
-Алар дайыма мусулмандарга ырайымдуу болуп, жакшылык каалашат.

Дагы белгилеринен : Башка бирөө үчүн өз кызыкчылыктарынан да баш тартууга даярдыгы.
-Өз напсисин бийик тутуудан алыс болуусу

Мына ушул — (чыныгы) аалымдардын кээ бир белгилери болду.

Ушундай аалымдардан гана (илим) алынат.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий