Өзүн-өзү өлтүрүү (суицид) тууралуу

Өзүңөрдү өлтүрбөгүлө. Чындыгында, Аллах силерге Мээримдүү - аят

Өзүн-өзү өлтүрүү Исламда чоң күнөө

Мусулман адам эч качан өзүн өлтүрүүгө умтулбашы керек. Өзүн-өзү өлтүрүү Исламда эң чоң күнөөлөрдүн бири деп эсептелет.

Мусулманга кандай сыноо келбесин – ал сыноо малында болобу, же ден-соолугуна тиешелүүбү, же туугандарынабы – ал сабыр кылат. Келген сыноолор үчүн адам суицидге баруусу болбойт. Өзүн-өзү өлтүрүү чоң күнөө.

🔥 Аллах Таала айтты:

وَلاَ تَقْتُلُواْ أَنفُسَكُمْ إِنَّ اللّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا وَمَن يَفْعَلْ ذَلِكَ عُدْوَانًا وَظُلْمًا فَسَوْفَ نُصْلِيهِ نَارًا وَكَانَ ذَلِكَ عَلَى اللّهِ يَسِيرًا

   ≼Өзүңөрдү өлтүрбөгүлө. Чындыгында, Аллах силерге Мээримдүү. Ким жогорку жаман ишти кылып, чектен ашып, зулумдук кылса, аны Тозокко таштайбыз. Бул нерсе Аллахка оңой≽ (Куран, ан-Ниса сүрөсү, 29-30-аяттар).

🔥 Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

مَنْ تَرَدَّى مِنْ جَبَلٍ فَقَتَلَ نَفْسَهُ ، فَهْوَ فِى نَارِ جَهَنَّمَ ، يَتَرَدَّى فِيهِ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا ، وَمَنْ تَحَسَّى سَمًّا فَقَتَلَ نَفْسَهُ ، فَسَمُّهُ فِى يَدِهِ ، يَتَحَسَّاهُ فِى نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا ، وَمَنْ قَتَلَ نَفْسَهُ بِحَدِيدَةٍ ، فَحَدِيدَتُهُ فِى يَدِهِ ، يَجَأُ بِهَا فِى بَطْنِهِ فِى نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا

«Ким (атайлап) тоодон өзүн кулатып, өзүн өлтүрсө, ал тозоктун отунда түбөлүк кулай берет. Ким (атайлап) уу ичип, өзүн өлтүрсө, ал колунда уусун кармаган бойдон, түбөлүк тозоктун отунда уусун ичип кала берет. Ким өзүн темир менен өлтүрсө, ал колунда темирин кармаган бойдон, түбөлүк тозоктун отунда өз курсагын сая берет» 📚 (Бухари: 5778; Муслим: 109).

🔥 Сабит ибн Даххак (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты:

ومَن قَتَلَ نَفْسَهُ بشيءٍ في الدُّنْيا عُذِّبَ به يَومَ القِيامَةِ

«Ким бир нерсе менен өзүн өлтүрсө, ошол нерсе менен Кыямат Күнү азапталат» 📚 (Бухари: 6047; Муслим: 110).

🔥 Жабир ибн Абдуллах (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

كانَ فِيمَن كانَ قَبْلَكُمْ رَجُلٌ به جُرْحٌ، فَجَزِعَ، فأخَذَ سِكِّينًا فَحَزَّ بهَا يَدَهُ، فَما رَقَأَ الدَّمُ حتَّى مَاتَ، قالَ اللَّهُ تَعَالَى: بَادَرَنِي عَبْدِي بنَفْسِهِ، حَرَّمْتُ عليه الجَنَّةَ

«Силерге чейинки жашагандардын арасында бир киши болгон. Ал жарат алып, бирок (ооруусуна) чыдай албай, бычак менен өз колун кесип салат. Анан каны ага бергендиктен акыры жан берет. Аллах Таала айтат: “Менин пендем (өзүн өлтүрүп) Менден озуп кетти. Ошондуктан Мен ага Бейишти арам кылдым» 📚 (Бухари: 3463; Муслим: 113).

Өзүнө өлүм тилөө дубасы

Эгер такыр айла жок калса, хадисте келген бул дубаны кылса болот.

Анас ибн Малик (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

«Эч кимиңер келген сыноолор себептүү өлүүнү каалабагыла. Эми такыр айла жок болуп, өлүмдү каалап жатса, анда минтип айтсын:

اللَّهُمَّ أحْيِنِي ما كانَتِ الحَياةُ خَيْرًا لِي، وتَوَفَّنِي إذا كانَتِ الوَفاةُ خَيْرًا لِي

/Аллахумма ахйи-нии маа каанати-ль-хаяту хойрон ли, ва таваффа-нии изаа каанати-ль-вафаату хойрон лии/

О, Аллахым! Жашоо мен үчүн жакшыраак болсо, мени жашат! Ал эми өлүм мен үчүн жакшыраак болсо, анда менин жанымды ал» 📚 (Бухари: 6351; Муслим: 2680).

© ИсламЖолу

Share

You may also like...