Орозо айт адептери. Орозо Айтты кантип тособуз? — Шейх Ибн аль-Усеймин

💭 Шейх Мухаммад ибн Солих аль-‘Усеймин айтты:

Аллах Таала Орозо Айт майрамына тиешелүү ар кандай өкүмдөрдү койду. Алардын ичинде:

🗣 ① Айт такбирлери

Айттын алдын (Рамазан бүткөн соң акыркы күнүнүн шам намазынан баштап) такбирлерди айта баштоо. Такбирлерди имам Айт намазына чыккыча айтуу жакшы, сооптуу амал (мустахабб).

Айт такбири кандай айтылат? Айт такбири: «Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, ля иляха илля-Ллах, Уаллаху Акбар, Аллаху Акбар уа ли-Лляхиль-хамд».

Эркектер базарларда, мечиттерде, үйлөрүндө үндөрүн бийик чыгарып айтышат. Ал эми аялдар такбирди айтууда үндөрүн бийик чыгарышпайт.

🍈 ② Айт намазга чыгаардын алдын так сандагы курмадан жеп баруу

Аллахтын Элчиси (ﷺ) «Орозо Айт күнү майрамдык намазга так сандагы курма (финик) жемейинче барчу эмес» (аль-Бухари 953). Так сан менен чектелүү абзел, себеби бул адатты Аллахтын Элчиси аткарчу (ﷺ).

🕶 ③ Эң мыкты кийимдерди кийүү

Эркектер эң жакшы кийимдерин кийишет. Ал эми аялдар майрамдык намаз аткарылчу жерге чыгаарда кооз кийимдерин кийишпейт, себеби Пайгамбар (ﷺ) айтты: «… алар (аялдар) “тафилаттарын” кийип барсын» (Ахмад 2\145, Абу Дауд 565), б.а. кооздук деп эсептелбеген, жөнөкөй кийимдерин кийишсин. Кооздонуп, атырланып эл астына чыгуу аял үчүн уруксат эмес.

🚿 ④ Айт намаз үчүн гусул алуу

Кээ бир аалымдар бул нерсенин мустахабб (жакшы, сооптуу амал) экенин айтышат. Бул кабар алгачкы имамдардан келген дешет. Жума намазына гусул алуу жакшы, сооптуу иш болгондой эле Орозо Айтка гусул алуу да соопту иш. Себеби экөөндө тең адамдар көп чогулат.

🕌 ⑤ Орозо Айт намазын окуу

Айт намаздын Шариатта келгендиги тууралуу уламалардын бирооздон пикири бар (ижмаъ). Айт намазынын өкүмү кандай деген суроого кээ бир аалымдар “сүннөт” деп жооп берсе, кээ бирлери “фарз кифая” дешсе [1], үчүнчүлөрү “фарз ‘айн жана ким Айт намазды таштаса күнөөкөр болот” [2] дешкен. Булардын далили Пайгамбарыбыз (ﷺ) Айт намазга көшөгөнүн артындагы (күйөөгө бериле турган) кыздарды да чыгуусун буюрганы тууралуу айтылган хадис.

🌺 Айызынан таза аялдар да Айтта үйлөрүнөн чыгышып, намаз окула турган жерге келишет. Ал эми айызы барлар намаз окула турган жерден кичине алысыраак турушат, себеби айызы келгендер мечиттен (намаз окулчу жерден) өтүүсү мүмкүн, бирок мечитте узун убакыт жүрүүсү уруксат эмес.

Ал эми менин (Шейх Ибн Усеймин) пикирим боюнча Орозо Айт намазы бул фарз ‘айн жана ар бир эркек үчүн[3] бул намазды өтөө жеке парз болот, бир гана жүйөлүү үзүр менен аткарбай калгандарга парз эмес. Бул пикирди Шейх-уль-Ислам Ибн Таймия (рахимахуЛлааху) карманат.

❔ СУРОО. Эгер адам Айт намазга катыша албай, аны өткөзүп жиберсе эмне кылуусу керек? Казасы окулабы?

❕ ЖООП. Айт намазын окубай калган киши казасын окубайт. Себеби ал Жума намазына окшош. Адам Жума намазын өткөзүп жиберсе анын казасы окулбайт эмеспи. Жума намазы учурунда адамга айтат элек “Пешимди окуба, азыр Жума оку” деп, бирок ал Жуманы өткөзүп, окубай калса ага “Пешимди оку” дейт элек, себеби ал беш намаздын бири болгон пешимдин учуру. Ал эми Айт намазына келсек ал беш намаздын убактысында эмес. Ким аны өткөзүп жиберсе өткөзүп жибериптир. Кээ бир аалымдардын пикири боюнча адам Айт намазын өткөзүп жиберсе анын казасын окуп коюу сүннөт деп эсептешкен. Эгер сен Айт намазга имам хутба окуп жаткан учурда келсең – анда Айт намазын имамдай кылып окуп коёсуң.

Имам биринчи рекетте «аль-А’ля» экинчи рекетте «аль-Гъашия» сүрөлөрүн окуйт (Муслим, 1452). Же биринчи рекетте «Коф» экинчисинде «аль-Комар» (Муслим, 1477) сүрөлөрүн окуйт.

📆 ⑥ Эгер Айт Жума күнгө туура келип калса

Эгер Айт Жума күнгө туура келип калса — бул эки намаз тең (Айт жана Жума намазды) аткарылат. Бул тууралуу хадис ан-Нуъман ибн Баширден (радиаллаху анху) келген (Муслим 878). Бирок ким имам менен Айт намазын аткарган болсо – Жума намазын же каалоосуу боюнча Пешим намазын окуусу уруксат.

🕌 ⑦ Орозо Айт намазынын алдын “тахиятуль масжид” (мечит-акысы) намазы окулабы?

Эгер адам имамдан мурун намаз окулчу жерге келип калса – кээ бир аалымдардын пикири боюнча – ал эки рекет окубастан отурат, себеби «Пайгамбар (ﷺ) Айт намазында эки рекет окучу да, ага чейин жана андан кийин эч кандай намаз окучу эмес» (аль-Бухари 964, Муслим 884).

Кээ бир аалымдар айтышты: “эгер адам Айт намазы окулчу жерге келсе эки рекет намаз окумайын отурбоосу керек, себеби Айт окулчу аянт деле мечит (масжид, Аллахка сыйынчу жер) деп аталат. Антпесе айызы бар аялдарга Айт окулчу жерден алысыраак туруу буюрулбайт эле, мечит менен Айт окулчу жердин өкүмү бирдей”, б.а. мечитке кирген киши эки рекет окубастан отурбоосу керек (аль-Бухари 444, Муслим 714) болгондой эле Айт окулчу жерге келген киши да эки рекет окубастан отурбоосу керек.

🔺 Ал эми Пайгамбар (ﷺ) келгенде Айтка чейин эч нерсе окуган эмес деген хадиске келсек – мунун себеби ал (ﷺ) келгенде дароо Айт намазынан баштачу. Ошондой эле акыбал Жума намазында бар. Пайгамбар (ﷺ) Жума намазына чейин эч кандай намаз окучу эмес, дароо келип хутба айтып, андан соң 2 рекет парз окучу. Ушул кабарга ылайык мечитке кирген киши намаз окубай эле отуруусу керек дейбизби? Жок. Албетте тахийатуль-масджид окуусу керек. Бул намаз — мечит акысы. Пайгамбар (ﷺ) Жума аяктаган соң үйүнө кирип сүннөттөрүн окучу, бирок намаз окулган жерден окучу эмес. Демек, Айт окулчу жерге келген киши 2 рекет “мечит намазын” (тахийатуль-масджид) окубастан отурбоосу керек (керек болсо Айт талаада же аянтта окулуп жатса деле). Себеби Айт намаз окулган жер мечит өкүмүндө болот, ал эми мечитке келген киши 2 рекет намаз окумайын отурбоосу керек. Менин (Шейх Ибн Усеймин) пикирим боюнча Айт намаз окулчу жерге келген киши мечит акысын окумайын (тахий-атуль-масджид) отурбоосу керек.

✅ Бирок ошого карабастан бул маселе үчүн бирөөлөр башка бирөөлөрдү айыптабоосу кажет. Себеби бул суроодо кайчы пикир (ихтиляф) бар. Ал эми кайчы пикир бар жерде айыптоо, бирөөнү жаман көрүү туура эмес, бир гана ачык айкын далилдер келип, сөз түшүнүктүү болсо. Ошондуктан биз 2 рекет намаз окуган адамды да айыптабайбыз, 2 рекет намаз окубаган адамды да айыптабайбыз.

🍯 ⑧ Фитр садака берүү

Садака фитр берилүүчү эң абзел убакыт – Айт намазына чыгып бара жатып берилгени. Пайгамбар (ﷺ) «Орозо Айт намазына чыгып бара жатканда фитр-садаканы берүүнү буюрган» (аль-Бухари: 1509; Муслим: 986).

Ибн Умардын хадисине ылайык Айт намазын 1-2 күн алдын да фитир-садака төлөө уруксат (аль-Бухари, 1511).

Орозо Айт намазынан кийин берилген садака фитр деп эсептелбейт. Ибн ‘Аббас (радиаллаху анхума) айтты: «Ким фитр садаканы намазга чейин берсе – ал кабыл кылынат, ал эми ким намаздан кийин берсе – ал кадимки эле садака болуп калат»(Абу Дауд, 1609). Ал эми кимдин үзүрлүү себеби болуп намазга чейин бербей калса – намаздан кийин мүмкүнчүлүгу болгондо берип койсо болот. М: мусапыр, же колунда каражаты жок болсо, же фитр-садака алчу киши таппай калса, бирөөгө фитр берип кой деп табыштап ал бербей калса ж.б.

🎁 ⑨ Орозо Айт майрамы менен куттуктоо

Орозо Айт менен куттуктоо уруксат. Бирок бул нерсени Шариатка каршы иштер коштобоосу керек. Көбүнчө көрөбүз эркектер үйлөрдү кыдырып, кээде жоолуксуз, махрамы жок аялдын үйүнө кирип [4], колун кысып куттукташат. Бир күнөөнүн үстүнөн экинчиси.

🚫 Эгер динди карманган адам махрам болбогон аялдын колун кысуудан баш тартса аны жемелешет, туугандык мамилени үзгөндөй карашат. Чындыгында тигилер өзүлөрү биринчи бузукулук таркатуучулар, туугандыкты үзүүчүлөр. Албетте, динди карманган адам башкаларга Шариаттын бул маселе боюнча өкүмүн түшүндүрүп, илими менен белгилүү болгон ишеничтүү мусулмандарга жиберип, суроосун тактап алуусуна аларга көмөктөшүш керек. Динди тутунган адам башкаларга эркек чоочун аялдын колун кармоосу уруксат эмес экенин, алар бир гана коомдо туура эмес калыптынып калган стереотиптердин, ата-бабаларынын салтынын артынан сокур ээрчип жатканын жумшак түшүндүрүп коюусу керек. Бул адеби жок салттар адалды арам, арамды адал кыла албайт. Аллах Таала айтат: «Дал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: “Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун гана изине ээрчийбиз”-дешкен. (Анда пайгамбар) айткан: “Биз силерге ата-бабаңар кармаган диниңерден туурараак дин алып келсекчи?”»(Куран, аз-Зухруф 43:23-24).

🚫 Ошондой эле Айтта кээ бир адамдар “мүрзөгө барыш керек, өлгөн адамдарды куттукташ керек” деп ойлошот. Өлгөн адамдар куттуктоого муктаж эмес. Себеби алар намаз окушпайт, орозо тутушпайт.

Мүрзөлөрдү зыярат кылуу Айт же Жума күнү же башка убакыт менен байланбайт. Түндөсү болсо да мүрзөгө бара берсе болот (Муслим 974). Пайгамбар (ﷺ) айтты: «Кабырларды зыярат кылгыла, алар силерге Акыретти эскертет» (Муслим, 976; ат-Тирмизи, 1054). Кабарлырга баруунун максаты өлүмдү, өлүмдөн кийинки суракты эстеп, жүрөктөрдү жумшартуу.

Мүрзөлөрдү зыярат кылуу – Шариат ибадаты, демек анда Шариат көрсөткөн алты шарт толук аткарылуусу керек. Шарттарынын бири – убакыт. Пайгамбар (ﷺ) Айтты мүрзөлөрдү зыярат кылуу үчүн белгилеген эмес, демек бизге да ал күндү мүрзөлөр үчун өзгөчөлөө кереги жок.

👍🔟 Айт күнү куттуктоо учурунда эркектер бири бирин кучакташат

Бул нерседе эч кандай жамандык жок. Бул уруксат. Махрамдардан болгон аялдарды да өбүп куттуктоодо зыян жок. Бирок аалымдар аялдардын ичинен бир гана энесин өбүүнү туурараак дешет. Эркек киши апасынын, кызынын же махрам аялдарынын чекесин же башын өбөт. Этият үчүн бетин өбүүдөн сактанат.

🌈1⃣1⃣ Айт намазына бара жатканда бир жол менен, келе жатканда башка жол менен кайтуу

Буга далил Пайгамбардын (ﷺ) кылганы (аль-Бухари 986). Бул сүннөт Айттан башка намаздарга (жума, 5 убакыт намаз ж.б.) тиешелүү эмес.

❔ СУРОО. Жолдорду алмаштыруунун кандай даанышмандыгы бар?

❕ ЖООП. Аллахтын Элчисинин (ﷺ) кылганын кылуу, себеби «Эгер Аллаh менен Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылса, эч бир момун эркек же момун аялга өз иштеринде ыктыяр калбайт» (Куран, аль-Ахзаб 33:36). Качан ‘Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун): «Эмнеге айыз көргөн аял карыз орозолорун тутат, ал эми намаздарын каза кылып окубайт?», деп суралганда айтты: «Аллахтын Элчисинин учурунда (ﷺ) айыз болгондо бизге орозолорубузду толуктоо буюрулган, ал эми намаздарыбызды толуктоо буюрулбаган» (аль-Бухари 321; Муслим 787). Мына, даанышмандык ушул.

Кээ бир аалымдар айтышты – бунун даанышмандыгы мусулмандардын базарларында бул диний ибадатты жайылтуу. Башкалар айтышты – намазга бара жаткан жана келе жаткан жолдор адам үчүн Акыр Кыямат күнү күбөлүк беришет. Үчүнчүлөрү айтышты – үйгө кайтып келе жаткан жолдо кедей-кембагалдарга садака берүү.

Аллаху аълам!

📚 «Мажмуъ аль-фатауа уар-расаиль» 16\216. Шейх Мухаммад Ибн Салих аль-Усеймин

______________

[1] Фард кифая – жамаат үчүн парз болгон парз. Эгер мусулмандардын бир бөлүгү бул парзды аткарса, калган бөлүгүнөн милдеттүүлүк түшөт. Ал эми эч ким аткарбаса – баары күнөөкөр болот. Сауд Аравиясынын Фетва Берүү боюнча Туруктуу комитети токтом чыгарды: «Эки айт намазынын – Курман айт, Орозо айт – өкүмү: фарз кифая. Кээ бир аалымдар аларды Жума намаз сыяктуу фарз айн дешти. Ошондуктан момун адам бул эки намазды калтырбоосу зарыл.» (Фатауа Ладжнатуль-Даима: 8\284).

[2] Фард ‘айн – ар бир жеке адам үчүн милдет болгон парз. Ким аткарбаса чоң күнөөкөр болот.

[3] Туруктуу комитеттен «Аялдар үчүн Айт намазына катышуу парзбы? Эгер парз болсо аялдар Айт намазын үйдөн окушабы же жалпы намаз окулчу жерге барышабы?» деп суралганда ал жооп берди: «Парз эмес, бирок аял үчүн сүннөт болуп эсептелет. Аял киши намазды Айт аткарылчу жерде, аянтта башка мусулмандар менен чогу аткарат. Себеби Пайгамбар (ﷺ) ушул нерсени буюрган.» (Фатауа Ладжнатуль-Даийма: 8\284).

[4] Махрам – түбөлүк нике кыйууга тыюу салынган киши. Махрам болуунун үч себеби бар: Биринчиси: бир туугандык мамиле.Экинчиси: никеге туруу айынан пайда болгон туугандык мамиле.Үчүнчүсү: эмчектеш бир туугандык мамиле.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...