Балдарды тарбиялоо ыкмалары (кыска). Сиз билдиңиз беле?

? Кудай тобо! Жыйырмадан ашык балдарды тарбиялоо ыкмалары турса көпчүлүк адамдар үчөөнү гана колдонушат: баласына буйрук берет, укпаса кыйкырат, ката кетирсе жемелейт.

? Балаңызга кечке эле буйрук бере бербей, андан суранып да туруңуз. Сиздин алдыңызда ал өзүн урматтуу, чоң кишидей сезсин.

? Эмгекке баланы тарбиялоо:
1.Сизди иштегениңизди көрсүн
2.Кызыксын
3.Жумушту үйрөтүңүз
4.Бир бөлүгүн өз алдынча аткарсын
5.Мактап коюңуз

? Кичинекей балдарды 10 жашка чейин көп урушпаңыз. Аларга карата «жаман» деген сөздү да колдонуудан сактаныңыз.

? Балдарды тарбиялоо алар тууралуу жакшы ой-пикирде болуудан башталат. «Эч нерсе колунан келбейт, жалкоо, сөз укпайт» десеңиз ошондой болот да!

? Ата-эне уктап жаткан бөлмөгө эртең менен жана кечинде уруксат сурап кирүүсүнө баланы тарбиялоо зарыл. Бул тууралуу Куранда, 24-сүрө 58-аятта айтылган.

? Балаңызга Куран үйрөтүңүз, Куран баарын балаңызга үйрөтөт.

 

Кененирээк билгиңиз келсе:

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

1 Response

  1. Айпери:

    Сиздердин берген кенешиниздерге чон рахмат! Аллах ыраазы болсун

Добавить комментарий