Сыноо келген учурда өзүңүздү таштабаңыз!

Адам бул дүйнөдө ар кандай сыноолор менен сыналат, каапыр жана мунафыктардан болгон душмандар менен сыналат. Динде бекем болуп, айныбоо үчүн адам сабырдуулукка муктаж.

Фитналар келгенде өзгөрүлүп кетпей же аларга багынып бербей динге бек болуу зарыл. Дин тутунуунун оорчулуктарынан жапа чеккен учурда сабырдуу болуу зарыл. Ал эми сыноо келгенде сабырсыз, Аллахтын мээриминен үмүтсүз болгондордун башына балээ үстүнө балээ түшө берет.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Аллах бир коомду жакшы көрсө аларга сыноо берет. Ким ыраазы болсо [Аллах] андан ыраазы, нааразы болсо [Аллах] андан нааразы” (Тирмизи 4/601, Ибн Маджа 4031).

Дагы айтты: “Эң чоң сыноо пайгамбарларга келет. Андан соң аларга окшогондорго. Андан соң аларга окшогондорго” (Ибн Маджа 4024, Ахмад 1/172). Аларга окшогондор – бул сыддыкиндер, андан соң шейиттер, андан соң момундар. Алар сабыр кылышты.

Ал эми мунафиктер тууралуу Аллах Таала айтты: “Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллаhка [ыйман жана каапырчылыктын] мизинде ибадат кылат. Эгер ага [ибадаты  себептүү] бир жакшылык жетсе, аны менен  көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир сыноо жетсе [динден] жүз буруп кетет. [Мындай адамдар] дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу!” (Куран, аль-Хажж 22:11).

Дүйнө дайым жапжашыл, таттуу, жумшак боло бербейт. Жок. Аллах жакшылык-жамандыкты дайым пенделердин арасында кезектештирип турат. Үммөттүн эң абзел адамдары – сахабалар – кандай гана сыноолорго учурабады. Аллах Таала айтат: “Биз бул [жеңилдик менен оорчулук] күндөрдү адамдар арасында [кезектештире] айлантып турабыз” (Куран, Аалу Имран 3:140).

Ошондуктан пендеге сыноо түшсө бул нерсе жалгыз гана ага келбегендигин, андан мурда да Аллахтын эң жакын пенделерине ушул нерсе келип жүргөнүн билсин, сабыр кылсын, Аллах Тааладан жеңилдик күтсүн. Ал эми жакшы натыйжа такыбалардын артында эмеспи.

 

Булак: «Шарх аль-Коваъид аль-Арбаъ». Автор: Солих ибн Фаузан аль-Фаузан, Сауд Аравиясынын «Фетвалар боюнча туруктуу комитетинин» мүчөсү, «Чоң аалымдар кеңешинин» мүчөсү.

© ИсламЖолу

Биздин контактылар:
www.islamjolu.kg
www.telegram.me/islamjolu
www.facebook.com/islamjolu
www.twitter.com/islamjolu
www.ok.ru/islamjolu
www.vk.com/islamjolu
www.my.mail.ru/community/islamjolu
www.instagram.com/islamjolu
+996-550-106363 (WhatsApp, Telegram)

Share

You may also like...

Добавить комментарий