Суроо-жооп / Шейх Солих Аль Фаузан

Суроо. Бул суроочу сурап жатат: “Порнографиялык фильмдерди көрүп жүргөн адамга насаат берип коесузбу, туура жолдо жүрүп илим алгысы келет, бирок ушул жаман адаттан арыла албай жатат”.

ЖООП: Шейх Фаузан айтты (Аллах ырайымына алсын)

Ал адам өзүнө өзү бул эшикти ачып алган турбайбы, ал жерде кандай жаман нерселер бар экенин билип туруп,  анын күнөөсү кандай экенин билип туруп — эмне үчүн андай кинолорду көрөт? Бирок, тообанын эшиги ачык, Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөсүн. Аллахка кайтсын, тообо кылсын, андай жаман фильмдерди таштап, алардан арылып сак болсун.

 

Суроо. Бул суроочу сурап жатат: “Бир кишинин эки шаарда эки үйү бар. Эгерде ошол бир шаардан экинчи шаарга бара жаткан учурда намаз убактысы кирип калса – намазын кыскартып окуйбу?”.

ЖООП: Шейх Фаузан айтты (Аллах ырайымына алсын)

Эгер экөөнүн аралыгы 80 же андан көп чакырым болсо, б.а. сапар аралыгы болсо – анда ага кыскартуу жана бириктирүү уруксат.

 

Суроо: Бул суроочу сурап жатат: “Дажжал Акыр Заманда гана чыгаары анык болсо — эмне үчүн пайгамбарлар коомдорун андан сактанууга чакырып, катуу эскертип келишкен?”.

ЖООП : Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын )

Дажжалдын өтө кооптуу болгону үчүн, анын азгырыгы күчтүү болгону үчүн. Мына ошондуктан пайгамбарлар коомдорун Дажжалдын фитнасынан эскертип келишкен. Ал пайгамбарлардын арасынан эн катуу Дажжалдан эскерткени биздин Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) болгон. Башка пайгамбарларга караганда катуу эскерткен. Себеби Дажжал Акыр Заман болгондо чыгат. Ал Кыяматтын белгилеринен деп эсептелет. Анын азгырыгы өтө чоң болот. Мына ошондуктан намаздын акыркы ташаххудунда, Пайгамбар ﷺ  төрт нерседен сактангыла деп буйрук берген дуада — Дажжал эскерилет. Ал төрт нерсе: Тозок азабынан сактануу, Кабыр азабынан сактануу, өлүм менен өмүрдүн фитнасынан сактануу жана Масих Дажжалдын фитнасынан сактануу.

 

Суроо: Бул суроочу сурап жатат: “Көз тийбесин деп андан сактануу — Аллахка болгон тобокелчиликти бузбайбы?”.

ЖООП: Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын )

Көз тийүү бул чындык, Пайгамбар (ﷺ) айткандай, “Эгер тагдырдан да озуп кетчү бир нерсе бар болгондо – ал көз тийүү болоор эле” (Муслим: 2188).  Көз тийүү бул чындык. Бирок сен эртең мененки жана кечки зикирлерди айтып жүр, өзүңдү Аллахтын зикири менен корго, мына ошондо көз болобу же андан башка бир зыяны болобу – эч нерсеси сага тийбейт. Сахих китептерде келген эрте мененки жана кечки дуа-зикирлерди калтырбай айтып жүргөн болсоң – Аллахтын буйругу менен андай көз тийүүлөр сага зыянын бербейт.

 

Суроо: Урматтуу Шейх, бул суроочу сурап жатат: “Ушундай болуусун заман каалады” же “тагдырдын каалоосу менен” деген сөздөрдүн Шариаттагы өкүмү кандай?

ЖООП: Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын )

Мындай сөздөрдү айтуу болбойт. “Аллах каалады” деп айт. Окуяларды турмушка, убакытка же бир жерге тиешелүү кылуу болбойт. Жок! Бардык болуп жаткан окуяларды Аллахка гана тиешелүү кылып, “Ушундай болуусун Аллах каалады” деп айтуу керек. Бир киши Пайгамбарга ﷺ келип: “Алллах каалады жана сен кааладың”, – деп айтканда, Пайгамбар жооп берди:  “Мени Аллахка теңедиңби?! Жалгыз Аллах Өзү гана кааласа деп айткының!” деди.

 

Суроо: Бул суроочу сурап жатат: “Кабырларга сыйынган адамдарга кандай кылып жооп берсек болот? Алар “Пайгамбар ﷺ деле мечитинде көмүлгөн го” деп айтышып, ошону далил катары келтиришет”?.

ЖООП: Шейх Фаузан (Аллах ырайымына алсын) айтты:

Биз жооп беребиз “силер туура эмес айттыңар”. Пайгамбар  ﷺ мечитте көмүлгөн эмес.  Ал өз бөлмөсүндө, Айша энебиздин бөлмөсүндө коюлган. Пайгамбар ﷺ тирүү кезинде ал бөлмө МЕЧИТТИН СЫРТЫНДА жайгашкан эле. Кийин ал бөлмөгө Пайгамбарыбыз ﷺ көмүлдү жана анын эки жолдошу Абу Бакр жана Умар (радияллаху анхума) дагы ошол жерге көмүлүштү. Ошол кезде да бөлмө мечиттин сыртында эле. Болгону, кийинчерээк мечит кеңейтилгенде гана, жанагы бөлмөлөр мечиттин ичинде калып кеткен. Бул ошол кездеги аалымдар менен кеңешпестен, алардан суроо сурабастан, ошол доордун падышасы кылган деп айтылып жүрөт. Падыша Мадина шаарынын эмирине буйрук берип, кийин ал эмир бөлмөлөрдү мечиттин ичине киргизген дешет. Аллах билүүчүрөөк!

 

Суроо: Бул суроочу сурап жатат: “Динде ортолукту кармануу дегенди кандай түшүнөбүз?”.

ЖООП : Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Ортолукту кармануу “аль-Васатыя” деп – динде тең салмактуулукту карманууну айтабыз. Бир тарабынан динде аша чабуу, радикализмден сактануу, экинчи тарабынан кош көңүлдүк, шалакылыктан сактануу. Өтө катуулукка да түшпөй жана бош дагы болбой – динди туура кармануу.

 

Суроо: Аллахка чакыруу, Даават тууралуу бир-эки ооз насаатыңыздан айтып коесузбу!

ЖООП : Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Аллах Таала айтты:  «Аллахка чакырып, өзү сооп иштерди жасап жана “Мен мусулмандардын бирөөсү боломун”, — деген адамдын сөзүнөн да жакшы сөз барбы?!» (Куран, Фуссылат 41:33). “Аллахка чакырып…”, көңүл бургула, аятта “Аллахка чакырып” деп айтылууда. Демек, даават кылганда ыкластуу болуу зарыл. Эл көрсүн, эк уксун деген ой болбошу керек. Же дүйнөнүн бир кызыкчылыгы үчүн жасабашы керек дааватын. Дааватты Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жана Андагы соопторго жетүү үчүн кылуу керек.

 

Суроо:  Урматтуу Шейх, бул адам ширк маселесинде үзүр барбы же жокпу деп сурап жатат: адам баласы БИЛБЕСТЕН ширк кылып алса — ошол нерсе ага тиги дүйнөдө кечирилиши мүмкүнбү?

ЖООП : Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Акыйда иштеринде үзүр жок, б.а. билбей калдым деген болбойт. Бир гана эгер ал адам таптакыр ааламдан үзүлүп, эч нерсе укпай калса, ага эч нерсе жетпей калса — анда бир жөн. Ал эми кимге, Шариатка тиешелүү сөздөр мисалы радио аркылуу жетип жатса, аны угуп жатса — ал киши үчүн билбей калды деген үзүр болбойт. Азыр мына дин массалык маалыматтар каражаттары аркылуу жердин чыгыш-батышына ар убакыт жетип турган учуру, аны жакшы билесиңер.

 

Суроо: Бул суроочу сурап жатат: “Адам башында ыклас менен бир ибадат аткарып, кийин адамдар аны билип калса, жана тиги киши адамдар аны билип калганына сүйүнгөн болсо – мунун өкүмү кандай болот?”.

ЖООП: Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Эгер адамдар анын амалын билип калганы үчүн тиги киши сүйүнүп жатса — анда бул амал рия (элге мактаныш үчүн кылынган амал) деп эсептелип калат.

 

Суроо:  Бул суроочу сурап жатат: “Көпчүлүк мусулмандар сурап келишет – Качан Ислам бийик болуп, качан мусулмандар кадыр барктуу болушат?”.

ЖООП : Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Мусулмандар өз дини Исламды жакшылап карманышса, адамдарды ага даават кылышып, Исламдын соопчулугун элдерге жеткизишсе – мына, Ислам ызаттуу бийик болушунун себеби ушунда. Ислам өзү менен өзү жеңишке жетип калбайт. Бирок, эгер мусулмандар аны жакшы карманышса, ага даават кылышса – Ислам жеңишке жетет.

 

Суроо: Бул суроочу сурап жатат: “Сыйкырдан айыгуу жолу кандай? Сыйкырды сыйкыр менен дарылоо жолу барбы?”.

ЖООП: Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Сыйкырды Куран менен дарылайт жана Шариат көргөзгөн жол менен дем салып дарылайт. Сыйкырды сыйкыр менен дарылоо болБойт. Себеби сыйкырчылык кылуу – арам иш. Ал эми Пайгамбар ﷺ айткан: “О, Аллахтын кулдары, дарылангыла. Бирок арам нерсе менен дарыланбагыла”. Ибн Масуд (радияллооху анху) айткан: “Аллах Таала шыпааңарды силерге арам болгон нерсеге койгон эмес”.

 

Суроо. Бул суроочу адам сурап жатат: “Пайгамбардын аты менен касам” деп айтуу уруксатпы?”

ЖООП : Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Бул ант ичүү болуп саналат. Мындай айтуу болбойт! Ант ичкенде бир гана Аллахтын аты менен ант ичүү керек. Хадисте айтылат: “Ким ант ичсе Аллах менен ант ичсин же болбосо унчукпасын”. Пайгамбар ﷺ айткан: “Ким Аллахтан башка нерсе менен ант ичкен болсо каапыр болот же ширк кылган болот”.

 

Суроо: Бул суроочу сурап жатат: “Мусулман адам кантип “Ихсан” деген даражага жете алат жана ага жетиш үчүн кандай иштерди аткаруусу керек?”.

ЖООП: Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Эгер адам динин туура карманса – ал Ихсан даражасына жетет. Ошондой эле Аллах Таалага кулчулук кылып жатканда Аны көрүп тургандай ибадат кылса. Мына ушул “Ихсан” даржасы.

 

Суроо: Бул суроочу сурап жатат: “Биз аларга “Аллах асманда” деп айтканыбызда алар “Аллахка орун чектеп бербегиле” деп айтышат. Аларга кандай кылып жооп кайтарабыз?”.

ЖООП: Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Бул сөз – болбогон сөз. Себеби, Аллах Таала чындыгында эле асманда. Аллах Таала Өзү жөнүндө айткандай:  “АСМАНДАГЫ ЗАТ силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн өзүңөрдү аман сезесиңерби?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи?! Же болбосо, силер, АСМАНДАГЫ ЗАТ үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында (Менин) эскертүү(м) кандай экенин билип аласыңар!” (Куран, аль-Мүлк 67:16-17).  Аллах Өзү тууралуу Ал асманда экенинен кабар берип жатат, Субаханаху ва Таала.

 

Суроо:  Бул суроочу сурап жатат: “Урматтуу Шейх, экинчи аял алайын деп турган эркекке эмне деп кеңеш бересиз?”.

ЖООП: Шейх Фаузан ( Аллах ырайымына алсын ) 

Адилеттүү болсун! Аллахтан корксун жана адилеттүү болсун! Аллах Таала айткандай: “Эгер адилетүү боло албай калабыз деп корксоңор анда бир аял менен эле чектелгиле…” (Куран, ан-Ниса 4:3).

Аялдардын арасында адилеттүү болуу деп – аларга чыгарган акчасында, алып берген кийимдеринде, жашаткан турак жайында жана алар менен түнөгөн түндөрүндө – мына ушул төрт нерседе адилеттүүлүк кылуусун айтабыз.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...