Нарда оюну тууралуу хадистер ?

НАРДА ОЮНУ ТУУРАЛУУ ХАДИСТЕР

? Бурайда (радияЛлаху анху) айтат, Пайгамбар ﷺ айтты: «Ким нарда ойносо – ал өз колун чочконун этине жана канына матырып алган сыяктуу болот» (Муслим: 2260; Абу Дауд: 4939; Ибн Мажа: 3763; Ахмад: 22470).

⚡️ Абу Муса аль-Ашъарий (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Ким нарда ойносо – Аллах жана Анын Расулунун сөзүн укпаГан болот» (Абу Дауд: 4938; Ибн Мажа: 3762; Ахмад: 19027; Байхаки: 21478. Шейх Альбани хадисти хасан деди “Сахих аль-Жамиъ”: 6529).

НАРДА ОЙНОО — АРАМ КҮНӨӨ ИШ

? ? Ибн Масуд (радияЛлаху анху) айтты: «Чекиттер менен белгиленип, ыргытылчуу бул төрт бурчтуу эки кубиктен сак болгула. Алар кумар (майсир) оюнунан деп эсептелет» (Бухари “аль-Адаб аль-Муфрод”: 1270). Кеп нарданын эки сөөгү тууралуу болуп жатат.

⚠️ Айшанын (радияЛлаху анха) короосунда жашап жаткан кээ бир тургундарда нарда оюну бар экенин билгенде Айша (радияЛлаху анха) аларга билдирүү жиберет: «Эгер аны чыгарып салбасаңар мен силерди короомон чыгарып салам» деп айтып, кылган иштерин айыптады (Бухари “аль-Адаб аль-Муфрод”: 1274).

⛓ Ибн Зубейр хутба кылып жатып айтты: «О, Мекке эли! Курайшиттердин бир кишиси нарда деген оюн ойнойт экени мага жетти. Аллах менен ант ичем, ошол киши мага алынып келинсе – сөзсүз аны чачы менен терисинде жазалайм жана анын кийимдери менен буюмдарын мага алып келген кишиге берем» (Бухари “аль-Адаб аль-Муфрод”: 1275).

? Абдуллах Ибн Амр Ибн аль-Ас (радияЛлаху анху) айтты: «Ким эки сөөк менен кумар (акча) үчүн ойносо – чочконун этин жегендей болот. Ал эми ким кумар (акча) үчүн эмес, (жөн эле) ойносо – колун чочконун канына салгандай болот» (Бухари “аль-Адаб аль-Муфрод”: 1277).

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter

وقد روى مسلم (2260) وأبو داود (4939) وابن ماجة (3763) وأحمد (22470) عن بريدة رضي الله عنه أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : ( مَنْ لَعِبَ بِالنَّرْدَشِيرِ فَكَأَنَّمَا صَبَغَ يَدَهُ فِي لَحْمِ خِنْزِيرٍ وَدَمِهِ ).

وروى أبو داود (4938) وابن ماجة (3762) وأحمد (19027) والبيهقي (21478) عَنْ أَبِي مُوسَى الْأَشْعَرِيِّ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : ( مَنْ لَعِبَ بِالنَّرْدِ فَقَدْ عَصَى اللَّهَ وَرَسُولَهُ ) . وحسنه الألباني في » صحيح الجامع » رقم (6529) .

وروى البخاري في «الأدب المفرد» (1270) عن عبد الله بن مسعود قال : ( إياكم وهاتين الكعبتين الموسومتين اللتين تزجران زجرا ؛ فإنهما من الميسر ) . صححه الألباني في «صحيح الأدب المفرد» برقم (1270).

والكعبتان هما فصّا النرد ، والموسومتان : المعلمتان ، يعني بنقط .

وروى البخاري في الأدب المفرد أيضا (1274) عن عائشة رضي الله عنها: » أنها بلغها أن أهل بيت في دارها- كانوا سكاناً فيها- عندهم نرد، فأرسلت إليهم : » لئن لم تُخرجوها لأخرجنكم من داري»، وأنكرت ذلك عليهم . حسنه الألباني في » صحيح الأدب المفرد » برقم (1274).

وروى أيضا (1275) عن كلثوم بن جبر قال: «خطبنا ابن الزبير، فقال: » يا أهل مكة! بلغني عن رجال من قريش يلعبون بلعبة يقال لها: النردشير ، وإني أحلف بالله : لا أوتى برجل لعب بها إلا عاقبته في شعره وبشره ، وأعطيت سلبه لمن أتاني به». حسنه الألباني في » صحيح الأدب المفرد» برقم (1275) .

وروى (1277) عن عبد الله بن عمرو بن العاص قال: «اللاعب بالفصّين قماراً كآكل لحم الخنزير، واللاعب بهما غير قمار كالغامس يده في دم خنزير». صححه الألباني في » صحيح الأدب المفرد» برقم (1277) .

© ИсламЖолу

Share

You may also like...