🌙 «Кадыр Түн» сүрөсү жана анын мааниси

🌙 аль-Кадр («Кадыр Түн») суросу, кыргызча жазылышы жана мааниси (тафсири)

Бисмилляяхи-ррохмаани-ррохиим
1. Иннаа аңзальнаа-hу фии лейлети-ль-кодр
2. Ва маа адроока маа лейлету-ль-кодр
3. Лейлету-ль-кодри хойруммм-мин альфи шаhр
4. Таназзалу-ль-малаааа’икату ва-ррууху фииhаа би-изни роббиhиммм-миң кулли амр
5. Салаамун hия хатаа матлаъи-ль-фажр.

Боорукер жана Ырайым кылуучу Аллахтын ысымы менен!
1. Чындыгында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк.
2. Кадыр түн эмне экенин сен кайдан билмек элең?!
3. Кадыр түн – миң айдан жакшыраак.
4. Бул түнү периштелер жана Рух (Жебрейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.
5. Тынчтык менен ал таңга чейин (созулат)

Кадыр Түн сүрөсү арабча

🌙 Аль-Кадр (Кадыр Түн) сүрөсүнүн кыска түшүндүрмөсү (тафсири).

💫 «Биз аны – Куранды – Кадыр Түнүндө түшүрдүк»

Кадыр Түнү бул Рамазан айынын бир түнү. Адамдарга Туура Жол көрсөтүүчү – Куран – ушул түнү түшө баштаган. Эң алгач аяттар (Аляк: 1-5) Кадыр Түнү түшкөн. Себеби Аллахтын Кураны жер бетине бир китеп болуп түшкөн эмес. Жок. Бирок 23 жыл бою, адамдардын кажетине жараша – бөлүк бөлүк – болуп түшүп турган.

💫 «Кадыр Түн» деген сөздүн мааниси:

“Кадыр” деген сөз урматтуу, кадырлуу дегенди билдирет. Чындыгында эле бул – улуу жана шарапаттуу түн. Ошондой эле Кадыр – бул тагдыр дегенди да билдирет. Себеби бул түнү бир жылдык тагдыр чечилет: ким төрөлөт, ким өлөт, ким кандай ырыскыга жетет ж.б. Аллах Таала айткандай: “Биз аны (Куранды) берекелүү (Кадыр) түнү түшүрдүк, жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз. Ал түндө ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет” (44:3-4)

💫 «Кадыр түн миң айдан жакшыраак»

Ал түнү жасалган ибадаттын сообу жана беркеси – башка 1000 айда жасалган сооптон жакшыраак. Хадисте келет: “Ким ыйман жана сооп үмүт этүү менен Кадыр Түнүн намаз менен өткөрсө – буга чейинки бардык күнөөлөрү кечирилет”

💫 «Периштелер түшүшөт»

Себеби периштелер – асман жашоочулары. Алар бул түнү Жерге улам түшүп-түшүп отурушуп, жер бетин толтуруп салышат. Периштелер түшкөнү – Аллахтын мээриминин, жакшылыгынын, берекесинин белгиси. Ошондуктан периштелер жаман, ыплас, Аллахтын рахматынан алыс жерлерге кире алышпайт. М: сүрөт бар үйлөргө.

⛰ «Таңга чейин»

Бул түн – шамдан (күн баткандан) баштап, таң аткыча (багымдат башталгыча) болот.

❔ Кадыр Түнү качан болот?
Кадыр Түнү Рамазан айынын акыркы он түнүнүн бирөөсү. Так датасы жок.

❔ Он түндүн кайсынысы?
Аллаху аълам. Хадисте “Акыркы он түнүнөн издегиле” деп, жана “Акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле…” деп келет. Алардын ичинен 27-түнү болуп калышы мүмкүн деген чоң ыктымал бар. Бирок, Кадыр Түндүн алдын ала белгилүү бир так числосу жок. М: бул жылы жыйырма жетинчи түн болушу мүмкүн, кийинки жылы жыйырма биринчи, андан кийинки жылы дагы башка түнү ж.б.

✅ Кадыр Түнүнүн датасы алдын ала так белгилүү эмес болгонунда эки чоң сыр бар:
1) Чынчыл менен жалкоону айырмалоо. Бул түндүн сообуна чын ыкласы менен умтулган адам он түндүн бардыгын ибадат менен өткөзөт. Ал эми жалкоо адам – бир түн үчүн – бардык он түн туруп отурбайт.
2) Көп ибадат жасоо. Себеби мусулман канча көп амал жасаса – сообу ошончо көп болот.

❗️ Ушул жерден эскерте кетчү бир нерсе!
Кадыр Түнүн тособуз деп көп адамдар 27-Рамазанда мечиттерге толуп алышат. Бирок башка түндөрдү бейкапарчылык менен өткөзүшөт. Кадыр Түн алдын ала 27-числодо деп белгилеп, ошол эле түндү тосуу, башка түндөрдү тоспоо – жакшы эмес. Акыркы он түндүн бирөөсү делгендиктен – адам бардык он түндү ибадат кылуусу лазым. Адамдар кылып жатат деп эле кыла берүү болбойт. Ибадат илимге, далилге негизделүүсү шарт: Аллахтын Китебине, Анын Элчисинин (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) сүннөттүнө же төрт улуу сахабанын кылган иштерине негизделиши керек.

📗 Кадыр Түн тууралуу хадис

Абу Хурайра риваят кылат Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты дейт:

«Ким Кадыр Түнүн ыйман жана үмүт этүү менен намаз окуп өткөрсө – буга чейинки бардык күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Муслим).

Ыйман” – Аллахка ыйман келтирип, ушул түнү Аллахтын берем деген соопторуна ишенип; “үмүт этүү” – соопту үмүт этүү, ушул түнү кылынган ибадатка сыйлык күтүү; “бардык күнөөлөрү кечирилет” – сөз кичине күнөөлөр тууралуу болуп жатат, себеби чоң күнөөлөр тооба менен, тообанын шарттарын толук аткаруу менен гана кечирилет.

Бул түндү билген же билбей калган адамга – ал түндө ибадат кылган болсо – хадисте айтылган сооп жазыла берет. Себеби Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) бул соопту алыш үчүн Кадыр Түнүн так датасын билишти шарт кылган жок.

Аллаху аълам! Ва соллаллооху ъала набиййина Мухаммад ва ъала ахлихи ва сохбихи ажмаъиин!

📚 Колдонулган булактар:
• Шейх Ибн аль-‘Усейминдин тафсири
• Фатава Шейх Ибн Баз

© ИсламЖолу

Share

You may also like...