🦠 КОРОНА УЧУРУНДА МЕЧИТКЕ КЕЛҮҮ ТАРТИБИ

🇰🇬 КАБАР. Кыргызстан. Республикалык штабдын чечиминин негизинде 8-июндан тартып, өлкөнүн бардык региондорунда мечиттер кайтадан иштей баштайт.

Саламаттык Сактоо министрлиги койгон МИЛДЕТТҮҮ талаптар:

  • Маска;
  • Мечиттерге ооруп жаткандардын, кары-картаңдардын, жаш балдардын келбөөсү;
  • Мечиттин ичинде намаз окугандардын аралыгы 1,5 м. болуусу;
  • Намаз бүткөн соң кол алышып учурашпоо;
  • Намаз бүткөн соң тез аранын ичинде мечиттен чыгып кетүүгө аракет кылуу.

Милдеттүү эмес, бирок СУНУШТАЛГАН нерселер:

  • Дааратты үйдөн алып келүү;
  • Өзү менен жайнамаз ала келүү;
  • Сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;

📲 https://t.me/islamjolu/3695

📌 Жогорудагы кабарга ИсламЖолу сайтынын кыстырмасы (комментарии)

•┈•✿ ЖАКШЫЛЫК ИШТЕРДЕ БИЙЛИККЕ БАШ ИЙҮҮ ✿•┈•

❓ КР Саламаттык Сактоо Министрлиги, мечитке келген жарандарга, койгон талаптары туурабы?
❗️ Бул талаптарды адилеттүүлүк жана түшүнүү менен окуп чыккан адам, алар негизинен Шариат эрежелерине каршы келбейт экенин көрөт. Ал эми Шариатка каршы келбеген иштерде бийлик башчыларына баш ийүү парз. Аллах айтты: “Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка баш ийгиле, Пайгамбарга баш ийгиле жана өзүңөрдөн болгон бийлик башчыларыңарга” (4:59).
‼️ Сауд Аравия мамлекетине окшогон, Шариат дин тарабынан бизден алда канча өнүккөн, чоң аалымдары бар өлкөлөр – жогорудай талаптарды алар да киргизишти. Бул нерсеге аалымдар макулдук беришип, тууралыгын тастыкташты.

•┈•✿ ЖАМААТ НАМАЗЫ — ПАРЗ ✿•┈•

❓ Мечиттер ачылган соң, коронавирус болгон учурда, жамаат намазына барбай койсо болобу?
❗️ Карыялар, хронический оорусу барлар, иммунитет дарыларын ичип жаткан оорукчандар, вирус көп таркаган аймакта жашаган адамдар – булар жамаат намазына катышпай коюулары уруксат.
Ал эми калган эркектер үчүн — санитардык сактануу ыкмаларын колдонуу менен — жамаат намаздарына катышуу, мурдакыдай эле, парз болуп эсептелет.

•┈•✿ МАСКА МЕНЕН НАМАЗ ОКУУ ✿•┈•

❓ Маскачан намаз окуса болобу?
❗️ Пайгамбарыбыз ﷺ намазда оозду бир нерсе менен ороп алууга тыюу салган. Бул хадисти имам аль-Альбани “хасан” деген.
Факихтер, адам оозун чүңкөп алып намаз окуусу, макрух экендигин белгилешкен. Шейх Ибн Баз, Шейх аль-Усаймин жана Шейх Фавзан ушул пикирде бир.
Бирок, ошентүүгө себеп же муктаждык болсо, макрух эмес – Шариаттагы “муктаждык болсо макурух жок” эрежесине ылайык. Демек, азыркы учурда оозду маска менен жаап намаз окуу – уруксат, эч макүрөө болбойт.

•┈•✿ САПТАГЫ БОШ ОРУНДАР ✿•┈•

❓ Жамаат намазын окууда, саптагы адамдардын арасында боштук калуусу туурабы?
❗️ Жамаат намазы – бул чоң иш. Намазды жамаат менен окуу, согуш учурунда да парз бойдон кала берет. Солят аль-хоуф, “коркуу намазы” — бул намазда, кечигип келген киши, намазды жамаат менен окуу үчүн, имам менен бирге окуганда, намаздын сырткы көрүнүшүн өзгөртүп окуйт.
Көрдүңүзбү бир тууган, НАМАЗДЫН СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮН өзгөртүп окуу Шариатта келген. Эмне үчүн? Жамаатты сактап калуу үчүн.
Демек, жамаатты сакташ үчүн, САПТАРДЫН КӨРҮНҮШҮН өзгөртүп намаз окуу уруксат экендиги, андан анык. Жамаат намазда сапта аралыкты алыс кылып окуу, кажет болгондо, уруксат. Бидаат эмес.
⚠️ Ал эми кажет кеткен соң, мурдакыдай жылчык калтырбай, тыгыз туруу зарыл.

•┈•✿ СҮННӨТҮ ҮЙДӨ ОКУУ СҮННӨТ ✿•┈•

❓ Сүннөт намаздарын үйдөн окуу болобу?
❗️ Сүннөт намаздарды үйдөн окуу — унутулуп калган сүннөт. Аны тирилтүү керек.
Пайгамбар ﷺ айтты: «Парз намаздарды эсептебегенде, адам үчүн эң жакшы намаз — бул үйдө окулган намаз«. Сахабалар парз намазга чейинки жана андан кийинки, күнүнө окулчу 12 рекет сүннөт намаздарды (суннат раватиб) үйдөн окушчу, жана ушундай кылуу сооптуураак. Бир гана үйгө барууга мүмкүнчүлүк жок болсо же намаз өтүп кетет деген коркунуч болсо — албетте, аны мечиттен окуп койсо болот.
Эмне үчүн, кийинчерээк, адамдар сүннөттөрдү мечитте окуп калышты десе, айтышат: “адамдар жалкоолонуп, мечиттен парз окуп чыккан соң, сүннөттөрдү үйдөн окубай калганда – ошол мезгилдеги аалымдар, жоктон көрү жогору деп, сүннөт намаздарды мечиттерден окугула”, — деп коюшкан деп.
Албетте, ушул маселедеги негизге кайтып, сүннөт-раватиб намаздарды адам үйдөн окуп турса – сүннөттү тирилткен болот.

•┈•✿ КУЧАКТАШЫП КӨРҮШҮҮ КЕРЕКПИ ✿•┈•

❓ Саламдашуу учурунда кучакташып көрүшүү керекпи?
❗️ Жок, бул шарт эмес. Кучакташып саламдашуу – сапардан келген же көпкө көрүшпөгөн кишилер менен жолукканда уруксат. Ал эми ар бир эле көрүшкөндө кучакташа берүү сүннөт эмес.

•┈•✿ ООРУП ЖАТКАНДАР МЕЧИТКЕ КЕЛБЕСИН ✿•┈•

❓ Ооруп жаткан, дене табы көтөрүлгөн адамдардын мечитке келбей коюусу дуруспу?
❗️ Пайгамбар ﷺ пияз жеген киши – өзүнүн жыты менен адамдарга ыза бербеши үчүн – мечитке келбесин деген Демек, оорусун жуктуруп жиберүүгө мүмкүн болгон же оорусу бар деп шектелген адам, мечитке келүүсү андан да көбүрөөк тыйылган иш. О.э. Пайгамбар ﷺ айтты: “Өзүңө зыян бербе жана башкаларга зыян бербе”.

© ИсламЖолу

📲 https://t.me/islamjolu/3697

КРнын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында, мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР

1. Мечитке келген жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.

2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүү керек.

3. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.

4. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

5. Дааратканада аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.

6. Жаш балдар, кары-картаңдар, ооругандар жана дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

СУНУШТАР

1. Дааратты уйдөн алуу жана суннөт намаздарын уйдөн окуп келүү.

2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.

3. Жамаат намаздарын ачык абада, мечиттин короосунда өткөрүү.

4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.

Эскертуу! Жогорудагы талаптарды аткаруудан баш таркан адамдарга айып пул салынышы мүмкүн, жана бул үчүн мечит кызматкерлери жооп бербейт.

Share

You may also like...