Итикаф деген эмне? Итикафтын эрежелери

Итикаф деген эмне? Итикафтын эрежелери

975
0
ПОДЕЛИТЬСЯ
Итикаф деген эмне?

 Итикаф деген эмне? Ал кандай кылынат?

1/4
 Итикаф – ибадат ниетинде мечитте такай болуу. Иътикаф деген сөздүн уңгусу – ъакф – «бир нерсенин лазым тутуп дайым кылуу, бир нерседе кечке болуу» дегенди билгизет.


 Итикаф мечитте кылынат.

Үйүндө, медресесинде, намазканада болуу итикаф деп эсептелбейт. Себеби Аллах айтат: “Аялдарыңарга мечиттерде итикафта болгонуңарда жыныстык мамиле кылбагыла” (Куран, аль-Бакара 2:187). Итикафтын орду мечит экени бул аяттан билинет.


 Итикаф Аллах үчүн болуусу зарыл.

Бош убакыттын баарын ибидат кылуу ниетинде болуусу зарыл. Адамдардан эс алыш үчүн, жөн эле достору менен жолугуп, сүйлөшүп убакыт өткөзүш үчүн болбошу керек.
Албетте, кээде итикафтагы адамга туугандары, курбулары кыска убакытка зыярат кылуусу уруксат. Бирок, достору келип, алар менен чогу узун-узун бекер сөздөргө кирип кетүүсү ибадаттын рухун жоготот.


 ИТИКАФ КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ

Итикаф – бул сүннөт. Сүннөт деген эмне? Сүннөт — Шариаттагы ибадаттын түрү, аны аткарган сооп алат, аны калтырган күнөө таппайт.


?
 Итикаф кайсыл учурда кылынат?

Итикаф бир гана Рамазанда эмес, бирок башка айларда да уруксат болгону менен, Рамазанда, болгондо да, Рамазандын акыркы он күнүндө болуусу – абзелирээк. Себеби Пайгамбарыбыз ﷺ да, сахабалар да Рамазандан тышкары итикаф кылышпаган. Бир гана Рамазанда итикаф кыла албай калган учурда ошонун күндөрүн (сүннөт болсо деле) башка айларда итикаф кылышчу. Жана Расулалланын ﷺ кылган иши биз үчүн эң жакшы үлгү болгондуктан итикафты биз дагы Рамазандын акыркы он күнүндө кылганыбыз дурус.


?
 §ИТИКАФТЫН ДАЛИЛДЕРИ

Итикаф Шариатта уруксат этилген ибадат экенине далил Куран, сүннөт жана ижмаъда бар.

Куранда Аллах айтат: “[О, Ибрахим жана Исмаил!] Менин Үйүмдү [Каабаны] таваф кылгандар, итикаф кылгандар, руку жана сажда кылгандар үчүн [ширк, күмбөз, мазар, идолдордон] тазалагыла” (Куран, аль-Бакара 2:125)

“Аялдарыңарга мечиттерде итикафта болгонуңарда жыныстык мамиле кылбагыла” (Куран, аль-Бакара 2:187).

Хадистерде “Аллахтын элчиси ﷺ итикафка чыкканы жана анын аялдары кошо чыкканы” (Бухари, Итикаф: 2026; Муслим, Сыям: 1172) тууралуу көп, кеңири кабарлар келгендиги белгилүү.

Итикаф тууралуу уламалардын бирооздон пикири (ижмаъ) бар.

? [Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усеймин “аш-Шарх аль-Мумтиъ ъаля Заад аль-Мустакниъ” 6-том, Итикаф бабы]

Итикаф деген сөздүн аныктамасы

2/4

❔ Итикаф учурунда илим талап кылуу менен алектенүү болобу❔ 
❕ Илим талап кылуу ибадат экенине эч күмөн жок. Бирок итикаф жеке түрдө аткарылчу — намаз, зикр, Куран окуу ж.б.у.с. — ибидаттарга арналуусу жакшы. Шариат тууралуу күнүнө 1-2 сабакка катышуу итикафка зыян бербейт, адамды алакты кылбайт. Бирок көп болбош керек.

❔ Аялдар итикаф кылса болобу❔ 
❕ Болот. “Аллахтын элчиси ﷺ итикафка чыкканы жана анын аялдары кошо чыкканы” (Бухари, Итикаф: 2026; Муслим, Сыям: 1172). Пайгамбарыбыз ﷺ бул дүйнөдөн кайткан соң да аялдары итикафта болушкан. Бирок бир шарт менен — эгер итикафында фитна болбосо. М: Меккедеги аль-Харам мечитинде атайын аялдар үчүн бөлмө жок. Эгер аял ал мечитте итикаф кылам десе сөзсүз күндүзү же түндөсү уктагысы келет. Уктаса ары бери өтүп жаткан эркектердин арасында жатуусу керек болот. Бул нерседе фитна бар.

❔ Итикафты намазканадан кылса болобу❔ 
❕ Жок, болбойт. Итикафтын орду мечит. Эркек болобу, аял болобу – итикафы мечитте кылынат. Эркектер үчүн жамаат (Жума) окула турган мечит болуусу керек. Аялдар үчун жамаат шарт эмес.

❔ Итикаф кылып жаткан адамдын мечиттен чыгуусу кайсыл учурда уруксат❔ 
❕ Себепсиз чыгуусу болбойт. Себеп экиге бөлүнөт: шариаттык жана дүйнөлүк. Шариаттык себептин мисалы: мечиттен даарат-гусл алуу үчүн чыгуу. Дүйнөлүк себептин мисалы: тамактануу учун же үшүп кетсе кошумча кийим алуу үчүн мечиттен чыгуу, даараты кыстаса ажатканага баруу. Итикаф учурунда башка бир ибадатты аткаруу үчүн – М: оорулууну зыярат кылуу же жаназага катышуу – мечиттен чыгуусу уруксат эмес. Бир гана башында шарт койгондорго уруксат (баланча ооруп калса мен аны зыярат кылам деп).

❔ Эгер адам напил итикаф кылып жатса, кийин атасы кайтыш болуп кетсе же ооруп калса – итикафын токтотсунбу❔ 
❕ Ооба, токтотсун. Себеби итикаф бул сүннөт амал, ал эми атасын же жакын тууганын зыярат кылуу парз болуп калышы мүмкүн. Себеби бул нерсе тууганчылык мамилелерден. Ошондой эле жаназа.

❔ Итикафта отурган адамды тууганы келип көрүп, зыярат кылса болобу❔ 
❕ Ооба, болот. Себеби Сафия бинт Хувайлид Пайгамбарыбызды ﷺ зыярат кылып, аны менен бир сааттай сүйлөшүп кеткени хадистерде келет. Кажет болгончо. Бирок достору келип, узун-узун бекер аңгемелерге кирип кетүү Итикафтын рухуна каршы келет. Итикафты бузбаса да аны кемчиликтүү кылат.

? [Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усеймин “аш-Шарх аль-Мумтиъ ъаля Заад аль-Мустакниъ” 6-том, Итикаф бабы]

 

3/4

✅ § ИТИКАФТЫН АДЕПТЕРИ

? Итикафта тыюу салынган нерселер:

• Аялына жыныстык жакындык кылуу (итикафты бузат).
•Себепсиз мечиттен чыгуу (итикафты бузат).
•Ибадаттан алаксытчу бардык нерселер.

? Итикафта жакшы көрүлгөн нерселер: Жеке ибадаттын бардык түрлөрү.

•Намаз окуу (макрух убактысынан тышкары).
•Зикр кылуу.
• Тооба, истигфар кылуу.
•Куран окуу.
•ж.б. адам жеке аткара турган ибадаттын түрлөрү.

Итикафтага адам өзүнө тиешелүү болбогон бардык нерселерден алыс болуусу лазым. Хадисте келгендей: Инсандын Исламды жакшы тутунуп жаткандыгынын белгиси – өзүнө тиешеси жокту таштоосу (Тирмизи, Зухд: 2317)

Өзүнө тиешелүү болбогон сөз же амал болсун аны таштоо кажет. Бул нерседе дининин жакшы тутунуусу жана чырайлуу адебине далил бар. Андай киши жанына тынчтык, акылына эс алуу табат. Өзүнө тиешеси жок менен алектенген аягы жүрүп чарчайт. Кээ бирөөнү көрөсүң – кылган билген иши эле тиги эмне айтты, баланча эмне деп жооп берди – башка иши жок. Убактысын пайдасыз, балким зыян берген нерсеге гана жумшайт.

? [Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усеймин “аш-Шарх аль-Мумтиъ ъаля Заад аль-Мустакниъ” 6-том, Итикаф бабы]

4/4

✅ §ИТИКАФ ТУУРАЛУУ КЫСКА СУРОО-ЖООП. ИТИКАФТЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ТАРТИБИ.

[Шейх Солих аль-Фаузан “Чоң аалымдар уюмунун” төрөгасы, “Фетвалар боюнча туруктуу комитеттин” мүчөсү, аалым, факих]

❔Итикафта болгон инсан ооз ачышка азыктануу үчүн уюлдук телефону менен чалып, сырттан тамак алдырды. Мечиттерде соода кылса болбойт эмеспи. Эми ушул нерсе тыйылган сооданын түрүнө киреби?

? Шейх Солих аль-Фаузан жооп берди:
Эгер тамак алдыруу үчүн соодалашып, баасына түшүргөнгө аракет кылып жатса – бул соодага кирип калат, жана минтиш арам. Мечиттин ичинде соода кылуу арам. Ал эми тамак заказ кылып, келгенден кийин акчасын сурабай канча болсо ошончо төлөсө – бул уруксат. Себеби итикафта отурган киши тамакка муктаж.

❔Умардын (радиаллаху анху) хадисине[1] ылайык итикафтын эң кеми 1 түн же 1 күн дешет?
❕Итикафтын белгилүү бир мөөнөтү жок. Бир саат болсо да итикаф кылуу болот. Аалымдар айтышкандай Шариатта итикафты белгилүү убакыт менен чектей турган далил келген эмес[2].

❔Итикафтын убактысы качан кирет? Кайсыл учурда мечитте итикафты баштоо керек?
❕Итикафты качан баштаймын деп өзүнө белгилеси – ошол убакыттан башталат. Эгер Рамазандын акыркы он күнүндө итикаф кылам десе – анда ал Рамазандын 21-түнү мечитке кирип калыш керек. Себеби биринчи түн, андан кийин күн деп эсептелет. Шам намазына чейин мечитке кирет. Ал эми аякташы Рамазандын бутүшү менен болот.

❔Итикаф учурунда бир мечиттен экинчи мечиттке көчсө болобу – эгер ошол нерседе пайда көбүрөөк болсо?
❕Ооба, бардык мечиттердин баары бирдей. Итикаф ошол бойдон калат. Бирок Меккедеги аль-Харам же Мединадагы аль-Масжид ан-Навабвий болсо алардан башка мечитке көчүү болбойт. Алардын пазилети көбүрөөк.

❔Жамаат менен итикаф кылуу ?
❕Итикаф жамаат менен [атайын] кылынбайт. Ошондой эле орозо же тахажжут (Рамазандан тышкары) жамаат менен кылынбайт. Инсан жакшылык жасаса күчү жетишинче өз алдынча жасайт. Итикафты жамаатка байлоо – бидаат иш.

❔Мечитте болгон учурумда ихтилям болсом (түшүркөп калсам), гусул важиб болсо – мечитте жууганга шарт жок болсо, үйгө барып гусул алып келсем болобу ?
❕Итикаф учурунда сен түшүркөп калсаң – гусулду толук, жакшы, кысылбай ала алгандай жерге бар. Ал мечит болобу же үйүң болобу. Андан проблема жок.

❔Он күн итикафка ниет кылган болсом, кийин беш күн өткөн соң үйгө кайтып келсем. Боло береби же итикафтын казасы барбы ?
❕Эгер итикафың назр (Аллахка берилген убада, ант) болбосо – эч нерсе карыз болбойсуң. Бул сүннөт амал, аны калтыруу менен күнөө таппайсың. Албетте “казасын” кийин толуктап койсоң – жакшыраак (бирок милдет эмес) [3]. Эгер итикаф назр үчүн болгон болсо – анда казасын толуктоо милдет болуп калат.

❔Мен шаардын сыртында иштейм. Отпускту бир гана Рамазандын акыркы он күнүнө беришет. Эмне кылуум жакшыраак – ушул он күндү итикаф кылуумбу же ата-энемдин жанында болуумбу ? Ата-энем итикафка эптеп, кыйылып уруксат беришет.
❕Ата-энеңе кызмат кылууң, алардын жанында болууң итикафка караганда жакшыраак. Эгер ата-энең ыраазы болуп итикафка уруксат беришсе – анда итикаф кылууңда проблема жок.

❔Рамазандын акыркы он күнүнүн бир гана түнүндө итикаф кылуу уруксатпы?
❕Ооба. Умар (радиаллаху анху) Меккедеги аль-Харам мечитинде бир түн итикаф кылам деп жахилия убагында ниет кылган. Кийин Исламга келген соң Пайгамбарыбыз ﷺ ага бул антын (назр) аткарууну буюрат.

❔Итикаф учурунда аялдын айызы келсе мечиттен чыгуусу керекпи?
❕Ооба. Мечитте айызы бар аял же жунуп болгон киши жүрүүсү мүмкүн эмес. Жунуп киши гусул алып анан мечитке кирет.

❔Мечиттин ичиндеги өзүнчө бөлмөдө итикаф кылуу мечит деп эсептелеби?
❕Эгер ошол бөлмөнүн эшиги мечитке чыкса – ооба, анда ал мечит деп эсептелет, анын ичинде итикаф кылса болот. Бирок эшиги сыртка, мечиттин сыртына чыкса – анда ал мечиттин ичи деп эсептелбейт, керек болсо дубалы бир болсо деле.

http://www.alfawzan.af.org.sa/node/14926

? [Шейх Солих аль-Фаузан “Чоң аалымдар уюмунун” төрөгасы, “Фетвалар боюнча туруктуу комитеттин” мүчөсү, аалым, факих]

[1]Умарибн аль-Хаттабтанкелген хадисте ал айтат: “Жахилия доорунда Ыйык мечитте (аль-Масжид аль-Харам) бир түн (же бир күн жана түн) итикаф кылам деп Аллахка назр (убада, ант) берген элем. Кийин булл тууралуу Аллахтын Элчисинен ﷺ сураганда ал айтты – назрыңды аткар” (Бухари, Итикаф: 2032; Муслим, Назр: 1656).

[2] Итикафтын убактысы боюнча аалымдар арасында кайчы пикир бар. Кээ бирлер убактысын чектебөөнү туура көрүшөт. Бир же эки саат болсо да итикаф кылуу дурус дешет. Бул пикирге Шейх аль-Фаузан да кошулат. Ал эми экинчи тарап “бир саат итикаф кылуу болбойт, итикаф кеминде бир күн дешет”. Бул Шейх Ибн аль-Усейминдин пикири.

[3] Пайгамбар ﷺ жана сахабалар Рамазанда итикаф кыла албай калышса, аны “казасы” үчүн кийинки Шавваль айында итикаф кылышчу делет. Эмнеге? Бул нерсе итикаф парз болгон үчүн эмес. Рамазанда итикаф кыла албай калган киши ал үчүн күнөөкөр болбойт. Болгону Пайгамбар ﷺ кайсы бир амалды жасай баштаса – аны эч таштабай дайым аткарып калчу. Ошонун мисалында: күндөрдүн биринде Пайгамбарга ﷺ делегация келип, Пешимдин сүннөтүн окуй албай калат, кийин аны “каза” кылып Асрдан намазынан соң окуйт.

 

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter

НЕТ КОММЕНТАРИЕВ