Садыр Жапаров Палестинаны колдоо керектигин билдирди

Садыр Жапаров, Эр-Рияддагы Араб-Ислам саммитине катышты

🇸🇦 КАБАР. Президент Садыр Жапаров Эр-Риядда өткөн Ислам Кызматташтыгы Уюмунун кезексиз чогулушунда катышып, палестиналыктарга жардам берүүгө чакырды.

Өлкө башчысы өз сөзүндө бул нерселерди баса белгилеп кетти:

• Кыш келе жаткандыгына байланыштуу Израиль өкмөтүнөн Газа тилкесине гумжардам жеткирүү үчүн чек арадагы өтүүчү жайларды ачууну талап кылуу керек;
• Бир жыл мурун ушул саммитке келгендер Палестина элине карата болуп жаткан зордук-зомбулуктун токтоосун талап кылышкан эле, бирок, тилекке каршы, абал өзгөрбөй, согуштук аракеттер Жакынкы Чыгышка этек жайып келүүдө;
• Кыргызстан эли эбегейсиз жоготууга дуушар болгон палестиналыктар менен ливандыктардын кайгысын тең бөлүшөт;
• БУУнун Коопсуздук кеңеши жана Башкы ассамблеясы эл аралык коомчулуктун атынан зордук-зомбулукту токтотуу жана чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүшү керек.

📲 https://t.me/islamjolu/5014

Share

You may also like...