СУРОО — ЖООП

Чыныгы байлык деп эмнени айтабыз?

Жооп:
Пайгамбар ﷺ айтты: «Байлык бул — дүйнөнүн жакшылыктарынын көптүгү эмес. Бирок, [чыныгы] байлык — бул жан-дүйнөнүн байлыгы» (Муслим: 1051)
Адамга дажжалданда өткөн коркунчучтуурак эмне бар?

Жооп :
Пайгамбар ﷺ айтты: «Cилер үчүн Дажжалдан да коркунучтуураак нерсе айтайынбы? Бул жашыруун ширк (рия): бирөө карап турганын көрүп калып, намазын ал үчүн кооздоо» (Ахмад)
Күнөө кылууданда дагы шайтанга сүйкүмдүүрөөк эмне амал бар?

Жооп :
Суфян (Аллах ырайымына алсын) айтты:
«Бидаат башка күнөөлөргө караганда шайтанга сүйкүмдүүрөөк. Анткени башка күнөөлөрдөн тооба кылынат, бирок бидааттан тооба жок»
Күнөөнүн кандай зыяндары бар адам үчүн бул дүйнөдө?

Жооп:
Күнөөлөрдүн кесепети.
Аллах Таала айтты : «Силерге жеткен ар бир балээ-кырсык кылган күнөөңөр себептүү. Аллах [силерге] көбүн кечирүүдө.»
(Куран, Шуура: 30)
Кайсыл амалдар Аллага эң сүйкүмдүү?

Жооп:
Аллахка эң сүйкүмдүү амал кайсы?
-Пайгамбар ﷺ айтты: «Өз учурунда окулган #намаз».
-Андан соң кайсы?
-#Ата_эне’ге жакшылык кылуу.
(Бухари)
Пайгамбарбыбыз ﷺ жашоосунун акырында үммөтүнө эмне осуят кылган?

Жооп:
Пайгамбарыбыздын ﷺ өлөөрүндөгү акыркы сөзү «Намаз, намаз» болду: үммөтүнө берген акыркы насааты — намаздарын калтырбай окуулары болду!
Иштерим женилдеп кетиши үчүн эмне кылсам болот?

Жооп:
Аллах Таалай айтты:
«Ким Аллахка такыбачылык кылса, анын ишин жеңилдетип коёт… анын күнөөлөрүн өчүрөт жана сообун көбөйтөт»
(Куран, Талак: 4-5)
Жашоодогу кыйынчылыктардан чыгышым үчүн эмне кылуум керек?

Жооп:
Аллах Таала айтты: «Ким Аллахка такыбачылык кылса ага [кыйынчылыктан чыгууга] жол жасап коёт жана өзү күтпөгөн жерден ырыскы берет»
(Талак сүрөсү, 2-3 аяттар)

Тааныштарым бир нерсеге жетсе ичим тарый берет?

Жооп:
Бирөөгө көз артпа. Алла ага берди
Сен билбейсиң андан эмнени алганын.
Сенден Алла бир нерсе алса капаланба
Сен билбейсиң сага эмне берээрин!
©ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий