Ханзада Мухаммед Сальман: «Биз Палестинаны колдойбуз»

Эр-Рияд, Араб-Ислам саммити

🇸🇦 КАБАР. 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында Ислам Кызматташтыгы Уюмунун кезексиз чогулушу болуп өттү. Бул жогорку деңгээлдеги саммитке 50 араб жана мусулман өлкөлөрү катышып, Сектор Газада болуп жаткан кырдаалга карата бирдиктүү позицияны билдирүүнү көздөдү. Катышуучулар Палестина жана Ливанда Израиль тараптан болуп жаткан душмандык токтосун деген бир пикирди айтышты.

Бул саммит былтыр да, согуш башталганда, чогулган. Азыркы чогулуш анын уландысы.

Саммитти Сауд падышасынын атынан, орунбасар ханзада Мухаммед ибн Сальман ачты. Өзүнүн сөзүндө ал бул пункттарды белгиледи:

• Сауд Аравиясы Палестина жана Ливан элдерин колдойт;
• Израиль мыйзамсыз Палестина жерлерин окупациялаганын токтотсун;
• Бириккен Улуттар Уюмунун Агенттиги Палестинага гум.жардамдын кирүүсүнө бөгөт коюп жатат, өлкөдө гумманитардык кризис күч алууда;
• Эл аралалык коомчулук тынчтыкты сактоого макулдашууларын аткарып, Израилди куралдуу агрессиясын токтотууга көндүрсүн;
• Израиль мусулман боордош Палестина элин геноцид кылуусун токтотсун;
• Израиль мусулман боордош Ливан мамлекетине кол салуусун токтотсун;
• Саудия Палестина боюнча ар дайым айтып кеткен позициясын тастыктайт: Борбор шаары Батыш Иерусалимде жайгашкан, 1967-жылдын чек арасында Палестина өз алдынча мамлекет болуп түзүлсүн;
• Бардык араб жана мусулман өлкөлөрү региондо тынчтыкты сактоо үчүн мындан ары кызматташуусун уланта беришсин.

Ханзаданын сөздөрүнүн толук тексти бул жерде (орус тилинде)

Бир жылдан ашуун уланып келе жаткан бул Палестина-Израиль конфликтинде 43,5 миңден ашуун палестиналык өлүп, 102 миңден ашууну жарадар болду. Миллионго жакын жаран өлкөсүн таштап качууга туура келди.

https://t.me/islamjolu/5012

Share

You may also like...