Чыныгы намазды билип алыныз!

 

 

Сиздерге Шейх Мухаммад Солих Ал-Усейминдин (Аллах аны ырайымына алсын) «Чыныгы намаз «тууралуу кайрылуусун кунт коюп угууга чакырып кетебиз.

Бул кыска кайрылууда төмөндөгү нерселерге токтолот

— Сырткы намаз окуудан сактануу

— Жүрөктөр намазда сажда кылбай рүкү сажда менен чектелүүү

— Намазда ар нерсени ойлоп окуу

— Харижиттердин намаздары эмнеге кекиртектен ашпай калган

— Намазыбыз онолсо калган амалдар онолот ж.б.у с көп пайдалар айтып кеткен.

 

Беш маал намаздын мындай абалда түзүлгөнү —  анын артыкчылыгын жана адамга өтө зарыл экенин көргөзүп турат.  Жана ал нерсени Аллах жакшы көрүп көнүл бургандыгынан кабар берет.

Бирок сиздерге айтайын дегеним туугандар!

Намаз ушундай – нерсе сырткы намаз бар жана чыныгы намаз бар.

Ал эми сырткы көрүнгөн намаз бул кадимки эле биз билген-  рүкү, сажда, ташаххудда отуруу

Бул нерсени — ар бир адам кыла алат.

Бардык эле адам муну жакшы аткара алат.

Пайгамбар алейхи солату уа саллам айтат хавариждер боюнча : Хавариждер ушундай намаз окуйт — алардын намаздарында силердин намазыңар жөнеле кыска болуп калат.

Мындайча айтканда намаздары сахабалардын намазынан жакшы болуп атат – Бирок эмнеде? —  сыртынан гана

 

Пайгамбар алейхи солату уа саллам айтат : Хавариждер Куран окушат. Бирок ал окугандары кекиртегинен ашпайт. Аллах сактасын!
Сахабалардын намаздары бул хавариждердин намаздарынын алдында — намаздары жөнөкөй болуп калып жатса,  Бирок ошондой болсо да алардын кылгандары кекиртегинен ашпаган болсо.  Анда алар эмне деген намаз окуп атышат?

Сыртынан гана окуп атышат, Сыртынан гана! Ал эми ичинен окуган жок.

Тилекке каршы — бүгүнкү күндө канча дегендер намазды сыртынан гана окуп коюшат. Чыныгы намазды окушпайт.

Бели ийилип рүкү кылат бирок жүрөгү ийилип рүкү кылбайт!

Бул учурда жүрөгү кайда?  Жумуштар менен алек, Шашылышта! Он жак сол жак ою тынч эмес.
Эн шарапаттуу  чекесин жерге тийгизип Аллага сажда кылат — бирок ошого карабастан Аллага жүрөгү жалбарып сажда кылбайт.

Ошондуктан намазды коркуп окууга өтө катуу көнүл буралы. Ал учурда жүрөгүбүздү Аллага арнайлы. Күчүбүз жетишинче аракет кылалы!
Шайтан болгон күчү менен келет — ал учурда жүрөгүбүзгө кирип — оюбузду бузуп алаксытат

Бирок аракет кыл! Намаз окуп киришкенде ар оюн бөлүнө баштаганда — заматта Аллахтан каргышка калган шайтандан сактанууну тилегин, Сол жагына карап 3 жолу түкүргүн эгерде сапта болбой жалгыз турган болсон. Аллах сени  шайтандын азгырыгынан арылтыш  үчүн

Бул намаздарга өтө кылдат мамиле кылып — маани берип күчүбүз жетишинче көңүл буралы!

Билгин о ыймандаш бир тууганым. Эгерде сен намазыңды оңдосон — анда амалынды да ондогон болосун.
Аллах Таала айтат : Чындыгында намаз бузуку жана жаман иштерден тыйат.

?WhatsApp +996550106363

☎️ Биздин контакттар:

Инстаграм: https://www.instagram.com/islamjolu/?…

Ютуб: https://www.youtube.com/user/islamjolu

Фейсбук: https://www.facebook.com/islamjolu/

Одноклассники: https://www.ok.ru/islamjolu

Телеграм: https://t.me/islamjolu https://youtu.be/1gtcEUj4fDs

Share

You may also like...