✅ “ТАУХИД МЕНЕН ТААНЫШУУ” КИТЕБИ

Автор: Шейх Абдурраззак аль-Бадр


Китепти PDF форматында көчүрүп алуу

Китептин мазмуну

“ТАУХИД МЕНЕН ТААНЫШУУ” КИТЕБИ

1) Таухиддин пазилети, өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы.

🌺  Таухид үчүн гана Аллах макулуктарды жараткан.

🌺  Таухид – пайгамбарлар кылган дааваттын өзөгү.

🌺 Таухид — асмандан түшкөн бардык иляхий китептердин негизи.

🌺 Таухид – дүйнө-акыреттеги аманчылык менен бактылуулуктун пайдубалы.

2) Таухиддин аныктамасы жана анын чек арасы.

Таухид – ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛААХ келимесинин мааниси. Ля иляха илляллаху келимеси жок Таухид болбойт.

3) Таухидди кемчиликтерден тазалоонун (Тахкик ат-Таухид) жана аны толук таризде кармануунун маанилүүлүгү.

① Парз амалдарды аткаруу жана арам нерселерди таштоо аркылуу Таухидди кармануу.

② Анын үстүнө мустахаб амалдарды да кошо аткаруу.

4) Таухидди бузуучу жана аны кемчиликтүү кылуучу нерселер.

5) Таухиддин пайда болуу булагы жана башаты.

6) Таухиддин пайдалары жана анын жемиштери.

🌺  Таухиддин эң чоң пайдаларынын бири – Таухид ибадаттардын кабыл болушунун себеби.

🌺  Таухид – дүйнө жана акыретте бактылуулук менен бийиктиктин себеби.

🌺  Таухид – Бейишке кирүүнүн, Тозоктон кутулуунун себеби.

🌺  Таухид – адамдын көкүрөгүнүн кеңейишинин эң чоң себеби.

🌺  Таухид – бул дүйнөдө ызаттуулукка жана жеңишке жетүүнүн себеби.

🌺  Таухид – бактылуулук менен жакшылыктын, сүйүнүч менен тынчтыктын ачкычы.

Бисмилляхи-р-Рахмаани-р-Рахиим

Чындыгында, бардык мактоолор Аллахка гана таандык. Биз Аны мактайбыз, Андан жардам тилейбиз, Андан күнөөлөрүбүздүн кечиришин сурайбыз жана Анын өзүнө гана тооба кылабыз. Андан напсилерибиздин жана күнөөлөрүбүздүн жамандыгынан коргоо тилейбиз.

Аллах кимди туура жолго салса аны эч ким адаштыра албайт, жана Ал кимди адаштырган болсо аны эч ким туура жолго сала албайт.

Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал жалгыз жана Анын эч бир шериги жок экенине мен күбөлүк беремин. Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси экенине күбөлүк беремин, ага, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына Аллахтын салават-саламдары болсун.

Андан соң, Аллах Таала бул кечени[1] баардыгыбызга берекелүү кылсын, бизге Өзүнүн жардамын берсин, жана бизди хидаятка – туура жолго баштап, баардыгыбыздын акыбалдары-бызды жакшырткан болсун! Чынында, Ал дуаларды Угуучу, Ал – үмүт кылып күтүүгө эң ылайыктуу Зат, Ал бизге жетиштүү жана Ал эң жакшы Колдоочу!

Сабагыбыздын темасы: “Таухид менен таанышуу”. Бул теманын маанилүүлүгү жана улуулугу, анын кайталанып туруусуна адамдын руханияты канчалык деңгээлде муктаж экендиги – бардыгыңыздарга белгилүү.  

Себеби, Таухид – бул диндин негизи. Дин Таухиддин үстүнө курулат.

Таухид бул дүйнө-акыреттеги ийгиликтин жана бактылуулуктун негизи, баардык пайгамбарлардын дааватынын өзөгү, түшүрүлгөн китептердин мазмуну. Аллах Таала бүткүл макулуктарды Таухид үчүн гана жаратты. Таухиддин орду жана маанилүүлүгү мусулман үчүн жашыруун эмес.

Биз, бул чогулушта сөз кыла турган тема – Таухид менен таанышуу. Бул дарсыбызда ага байланыштуу биз алты маселеге токтолуп өтөбүз. Аллах кааласа, ушул биз айта турган нерселерде Таухиддин негиздери камтылган болот.

Аллах Тааладан бул нерсеге береке жана тууралык берүүсүн, жардам көрсөтүүсүн сурайбыз. Чынында Ал Угуучу, Жакын жана Жооп берүүчү.

1) Таухиддин пазилети, өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы.

Таухид көптөгөн өзгөчөлүктөр жана пазилеттерге ээ. Себеби диндин ичиндеги чоң маанилүү маселелердин артыкчылыктары да көп болот эмеспи. Андай боло турган болсо, диндин эң чоң жана эң улуу маселеси – Аллахтын Таухиди тууралуу эмне дейбиз?!

Чынында Таухиддин өтө көп касиеттери, түркүн жакшылыктары бар. Ошол пазилеттердин ичинен кээ бирлерине ыкчам гана көз таштап, анан, Таухид менен таанышуунун кийинки маселелерине өтөлү.

🌺  Таухид үчүн гана Аллах макулуктарды жараткан.

Аллах макулуктарды Таухидди кармануулары үчүн жаратты. Ал айтты: “Мен жиндер менен инсандарды Мага ибадат кылуулары үчүн жараттым” (Куран, аз-Зарият 51:56).

“Аллах жети кабат асмандарды жаратты жана жерден да ошончосун жаратты. Алардын (асман-жердин) арасына [Анын] буйруктар[ы], Аллах ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллах ар нерсени илими менен камтып алганын билишиңер үчүн түшүп турат” (Куран, ат-Талак 65:12).

Таухидди практикажүзүндө кармануу – адамдардын жаралуу максаты экендигин биринчи аят далилдейт.

Ал эми экинчи аят Таухидди илимжүзүндө билүү дагы – адамдардын жаралуу максаты экендигин далилдейт. 

Демек, Таухидди кармануу илимий жана амал түрүндө болуп эки нерседен турат. Мына ушул максат үчүн Аллах Таала макулуктарды жаратты. Бул келтирилген далилдер Таухиддин орду жана анын улуулугу кандай экенин баяндоо үчүн жетиштүү болоор эле.

🌺  Таухид – пайгамбарлар кылган дааваттын өзөгү.

Аллах Таала кандай гана пайгамбарды жибербесин – анын дааватынын өзөгү Таухид эле. Ар бир коомго келген пайгамбардын эң биринчи сөзү: “Аллахка гана сыйынгыла Андан башка силерге сыйынууга ылайыктуу зат жок” болгон. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт:

“Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, [башка] «кудайлардан» алыс болгула» [деп айта турган] Пайгамбарларды жибергенбиз” (Куран, ан-Нахль 16:36).

“[О, Мухаммад!]  Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга, Биз: «Менден башка илях жок. Өзүмө гана сыйынгыла» деп вахий кылганбыз” (Куран, аль-Анбия 21:25).

[О, Мухаммад!] сен Аад [коомунун] бурадарын  эстегин. Бир кезде ал Ахкаф жериндеги коомун [тозок азабынан] эскерткен эле. Андан мурун жана кийин да эскертүүчүпайгамбарлар өткөн. [Ошентип, ал коомуна]: «Аллахтан башка «кудайларга» ибадат кылбагыла! Чынында, мен силерге Улуу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун!» [деди]” (Куран, аль-Ахкааф 46:21).

“Сенден мурун жиберген пайгамбарлары-быздан сурачы, Биз [элдерге] Рахмандан башка кудайлар[га сыйынууга уруксат] бердик бекен?” (Куран, аз-Зухруф 43:45).

Бул аяттар баардык пайгамбарлар кылган дааваттын негизи жана алар алып келеген диндин мазмуну – Таухид – экендигин ачык далилдеп турат.

Жогорудагы мааниге окшош Расулаллах-тын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) сөзүндө мындай делет: “Биз пайгамбарлар бир ата, ар башка энелерден таркаган бир туугандарбыз. Энелерибиз ар башка болсо да, динибиз бир” (Муслим: 2365), б.а. акыйдабыз бир, баардыгыбыз Аллахтын Таухидине жана ыкластуулукка чакырабыз. “Энелерибиз ар башка”, б.а. шарият мыйзамдарыбыз бөлөк. Бул тууралуу Аллах Таала айтты: “Биз силердин ар бириңерге өз алдынча шариат жана жол бердик” (Куран, аль-Мааида 5:48).

🌺 Таухид — асмандан түшкөн бардык иляхий китептердин негизи.

Түшүрүлгөн китептерге ыйман келтирүү – ыйман негиздеринин бири, акыйданын пайдубалы.  Аллах Таала айтты: “Айткының: «Аллах түшүргөн китепке ыйман келтирдим»…” (Куран, аш-Шуура 42:15), б.а. ар бир пайгамбарга түшүрүлгөн ар бир китепке ыйман келтирдим.

Бардык түшүрүлгөн китептердин, алгачкысынан баштап эң акыркысына чейинки-синин, өзөгүн жана негизги мазмунун Аллах Тааланын Жалгыздыгы – Таухид – түзөт.

Аллах Таала айтты: “О, ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын пайгамбарына, (ошол) пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн китепке ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбар-ларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесеанын катуу адашканы” (Куран, ан-Ниса 4:136). Ыйыктыгы жана мартабасы бийик болгон мына бул китептердин эң маанилүү бөлүгүн – Таухид – ээлейт.

Аллах Таала айтты: “Аллахтын буйругу (азабы) келет. Силер аны шаштырбай эле койгула! Алардын ширктеринен Аллах Бийик жана Аруу! Аллах Өз буйругу аркылуу пенделеринин арасынан каалагандарына (б.а. пайгамбарларга) периштелерди вахий менен түшүрөт: «(Адамдарга) эскерткиле: Менден башка эч бир сыйынууга ылайыктуу зат жок! Демек, Менден корккула!»” (Куран, ан-Нахль 16:1-2). Асмандан түшүрүлгөн бардык китептердин маңызы – Ля иляха илляЛлооху келимеси, Аллахтын Таухиди, сыйынууну бир гана Аллахка арноо – болгон.

🌺 Таухид – дүйнө-акыреттеги аманчылык менен бактылуулуктун пайдубалы.

Таухидсиз эч кандай аманчылык, тынчтык, бактылуулүк жана бейпилчилик орнобойт. 

Аллах Таала айтты: “Ыйман келтирип, ыймандарына зулум аралаштырбаган адамдарга (б.а. Таухид ишенимдерине ширк кошпогондорго) аманчылык бар жана алар Туура Жол тапкандар!” (Куран, аль-Анъаам 6:82).

“Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана солих амалдарды аткарган адамдарга убада берди: 1) алардан мурдакыларды орун басар кылган сыяктуу аларды да жер жүзүнө орун басар кылууну; 2) аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү; 3) коркунучтарынан кийин (анысын)  тынчтыкка алмаштырып берүүнү. Алар Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт…” (Куран, ан-Нур 25:55).

Ушундан улам,  Таухид – дүйнө-акыреттеги аманчылык менен бактылуулуктун  фундаменти экенин билебиз.

Булардан башка дагы Таухиддин көптөгөн ар кандай артыкчылыктары жана пайдалары бар. Жогоруда айтылгандар менен чектелип, Таухид менен таанышуунун кийинки маселесине өтөлү.

2) Таухиддин аныктамасы жана анын чек арасы.

Жогоруда айтылгандай пазилеттерге ээ болгон Таухид (توحيد) деген сөздүн мааниси эмне?

Таухид – араб тил сөздүгүндө “ваххада” этишинен келип чыгат да, которулушу “бир нерсени жалгыздоо” дегенди туюндурат.

Таухид – [шариат терминалогиясында болсо] Аллах Тааланы рубубия, улухия жана ысым-сыпаттарында жалгыз экенине ыйман келтирүү, бардык ибадатты тек гана Аллахка багыштоо дегенди билдирет.

Аллахты жалгыздоо – Таухиддин – мааниси:

🌱 Аллах жалгыз ааламдардын Раббиси, бардык нерселердин Жаратуучусу, ааламдардын Башкаруучусу, Ал гана берет жана алат, көтөрөт жана түшүрөт, кеңейтет жана тарытат деп ишенүү (Таухид ар-Рубубийя).

🌱 Ошондой эле Анын  ысым-сыпаттарына  ишенүү. Аллах Таала айткандай: “Аллахтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор аркылуу дуба кылгыла!” (Куран, аль-Аърааф 7:180). Аллах Өзүнүн кооз ысымдарында жана улуу сыпаттарында жалгыз деп билүү, Куран жана Хадистерде келген Анын бардык ысым-сыпаттарына ыйман келтирүү. Алардын маани-маңызын өзгөртпөстөн, бурмалабастан жана кандай болду экен деп сурабастан, Аны эч нерсеге окшоштурбастан, кандай деп келсе ошондой деп таанып-билүү жана ыйман келтирүү (Таухид аль-Асма вас-Сыфат).

🌱 Аллах Таала чындыгында сыйынууга ылайыктуу зат экендигине, Андан башка эч ким сыйынылууга татыктуу эмес экендигине ишенүү. Бүткүл ибадатты жана ыклас динди жалгыз Аллахка гана арноо (Таухид аль-Улухийя).

Таухид – ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛААХ келимесинин мааниси. Ля иляха илляллаху келимеси жок Таухид болбойт.

Таухид келимеси ЛА ИЛЯХА ИЛЛАЛЛАХУ өз ичине нафий (четке кагуу) жана исбат (тастыктоо) маанилерин камтыйт:

  • сыйынууну Аллахтан башка заттардын бардыгынан четке кагуу,
  • сыйынууну бир гана Аллахка ыклас менен багыштоо, ширктен алыс болуу, бардык ибадаттардын түрлөрү Жалгыз Аллахка гана арналуу керек экенин тастыктоо.

Демек, Таухиддин үч түрү бар экенин билдик:

  1. Таухид ар-Рубубийя – рубубияда Аллахты жалгыз деп ишенүү;
  2. Таухид аль-Асма вас-Сыфат – көркөм ысым жана улуу сыпаттарда Аллахты жалгыз деп ишенүү;
  3. Таухид аль-Улухийя – ибадатка бир Аллах гана татыктуу деп ишенүү.

Ар бир түрүнүн өзүнүн карама-каршысында турган, аны бузуучу нерселер бар. Алдыдагы Таухид менен таанышуу маселелеринин биринде бул тема тууралуу сөз кылмакчыбыз.

3) Таухидди кемчиликтерден тазалоонун (Тахкик ат-Таухид) жана аны толук таризде кармануунун маанилүүлүгү.

Тахкик ат-Таухид, б.а. Таухидди кемчиликтерден тазалоо — Таухиддин мартабаларынын эң бийиги болуп саналат.

🌿 Өз Таухидин кемчиликтерден арылтып, аны толук кылган киши — Кыямат Күнү эч бир эсеп-азапсыз Бейишке кирүүчүлөрдөн болот.

Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) жана башкалардан келген хадисте Пайгамабар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) өзүнүн үммөтүнөн эсеп-кысапсыз жана азабы жок Бейишке кирүүчү 70 000 адамды айткан кезде, сахабалар алар кимдер деп өз ара талкуулап калышкандыгы айтылат. Ошондо Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: «Алар бирөөлөрдөн өздөрүнө дем салууну суранышпагандар, ырым-жырымдардан алыс болгондор, от менен дарылануудан баш тартышкандар жана өздөрүнүн Роббисине гана тобокел кылгандар» (Бухари: 5705, 5752, 5811, 6541, 6542; Муслим: 216, 218, 220).

Демек Тахкик ат-Таухиддин, б.а. Таухидди кемчиликтерден тазалап, аны толук кармануунун – даражасы чоң.

Тахкик ат-Таухид деп – Таухидди толук кылып, аны булгачу бардык кемчиликтерден:

— ширктен,

— бидааттан

— жана күнөөлөрдөн аны тазалоону айтабыз.

Туура жолдо бара жаткан адамга жолтоо болгондуктан, ага терс таасирин бергендиктен улам, бул үчөөнү аалымдар “тоскоолдук кылуучулар” деп аташат. Адам эң таза Таухидге жетем, ыйманымды толуктайм, Бейишке сурак-эсепсиз кирүүчүлөрдөн болом десе – бул жаман нерселерден алыс болуусу зарыл.

Тавхидди таза тутунуунун (Тахкык ат-Тавхид) эки даражасы бар:

Парз амалдарды аткаруу жана арам нерселерди таштоо аркылуу Таухидди кармануу.

Бул даражадагы адамдар Таухидге моюн сунушат, Аллах Таала парз кылган нерселерди аткарышат, арам кылган нерселерин ташта-шат.  Бул мартабадагы адамдар “муктасыдун” (үнөмчүлдөр) деп аталат. Ошондой эле Куран-Хадистерде алар “Асхаб аль-Йамин” (оң тарап ээлери) деп да наамдалат.

Бул мартабадагы инсандар Ислам буюрган парз амалдарды аткарышат жана арам нерселерди кылышпайт. Кимде ким парздарын аткарып, арамды таштаган болсо – ал Кыямат Күнү эч кандай эсеп-кысапсыз жана азапталбай Бейишке кирет.

Бул тууралуу Сахих Муслимдеги Жабирдин (Аллах андан ыраазы болсун) хадисинде Пайгамбарга (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) бир киши келгени айтылат. Башка риваяттардан маалым болгондой ал сахабанын аты Нуъман ибн Каукал эле. Ал Пайгамбарга (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) келип: “О, Аллахтын элчиси! Эгер мен парз намаздарымды окусам, адалды адал, арамды арам деп билсем, мен Бейишке киремби?”, — деп сурайт. Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям): “Ооба”, — деп жооп берет (Муслим: 15).

Хадистин башка версияларында ал сахаба сөзүнүн аягында: “…жана буларга башка нерсе кошпосом” деп айткандыгы келет, б.а. парздарды аткарам, арамды таштайм, бирок кошумча сүннөт, мустахаб ж.б. амалдарды аткарбайм, “мен Бейишке киремби?” дегенде, Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) “Ооба”, — деп жооп берет. Анда ал сахаба “Аллахка касам, анда мен чынында эле бул нерсеге эч нерсе кошпойм”, — деп айтты.

Андыктан кимде ким парзды орундоо менен арамды таштаса, эсеп-кысапсыз жана азапталбай туруп Бейишке кирет. Ошол үчүн бул топтогу адамдар үнөмчүлдөр деп аталышат.

Анын үстүнө мустахаб амалдарды да кошо аткаруу.

Ал эми кимде ким диндеги парз амалдарды аткаруу, арамдарды таштоо менен гана чектелбестен, ага кошумча нафиль, мустахаб ж.б.у.с. жакшы амалдарды кылган болсо – анда анын даражасы бийигирээк болот.

Себеби Бейиштин түрдүү даражалары бар. Бул жөнундө Куранда мындай деп келет: “Жана [Кыяматта] бардык адамдарга жасаган иштерине жараша даражалар бар. Аларга жасаган иштери, [эч кандай] зулум көргөзүлбөгөн абалда толуктап берилет” (Куран, аль-Ахкааф 46:19). 

Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: «Чындыгында, Бейиш ээлерин арасындагы даражаларынын айырмачылык-тарынан улам [төмөн жактагылар] үстү жагында жайгашкан адамдарды, силер чыгыш же батыш горизонтто батып бараткан жаркыраган жылдызды көргөнүңөрдөй, көрүшөт» (Бухари: 3256;  Муслим: 2831). Бейиштеги даражалар жана орундар ар кандай болот.

Демек, “муктасыд” үнөмчүлдүн даражасы парздарды аткаруу жана арамдарды таштоо.

Андан өйдөрөөк даражада “Мукорробуун” (Аллахка эң жакын болгон пенделер) же дагы аталышы “Саабикуун” (Алдыга озуп кеткендер) аттуу инсандар жайгашат. Анткени алар парз амалдарды аткарып, арамдардан тыйылып, ал нерсеге кошумча катары – көптөгөн: сүннөт, напил, мустахаб ж.б. жакшы амалдарды кошушкан жана сооп иштерде жарышышкан.  Ошондуктан алардын Бейиштеги орундары да жогорулайт.

Натыйжалап айта турган болсок:

  • Тахкик ат-Таухид деген – Таухидди толуктоо, кемчиликтерден тазалоо.
  • Кимде ким Таухидди толук карманса эсеп-кысапсыз, азапталбай Бейишке кирет.
  • Таухидди кармануучулардын эки мартабасы бар. Муктасыддердин мартабасы жана Сабикундардын мартабасы.

Бул, экөө тууралуу чогу баян этилген тексттер көп. Алардын ичинде аалымдар “олуя хадиси” деп атаган белгилүү хадис. Кээ бир илим ээлери бул хадисти ошентип наамдашкан, алардын арасында  Шейхуль-Ислам Ибн Теймия (рахимахуЛлаху).

Бул хадис “Сахих” топтомунда келтири-лет[2]. Ал жерде Аллах Таала мындай деп айтты делет:

«Ким менин олуяма душманчылык кылса – Мен ага согуш жарыяладым…»

            Бул сөздөрдөн кийин бирөө “олуялар деген кимдер?” деп суроо бергендей, ошондуктан анын уландысында Аллах Таала айтат:

«Менин пендем Мага жакын болуу үчүн эмне иш аткарбасын, Мага эң сүйкүмдүүсү Мен ага парз кылган амалдар…»

Бул үнөмчүлдөрдүн мартабасы. Демек ким парздарды аткарса, арамдан сактанса – ал Аллахтын досу, олуясы деп эсептелет.

Суфийлердин айткан жомокторун, тарикаттарын, адашууларын ташта! Алардын адашуулары ушуга чейин жетти – ким адамдарды алдап, аларга көз боёмчулук көрсөтүп жатса [аларды олуя деп эсептешет].

Бирок, исламда парз делген амалдарга бекем болсо жана арам деген нерселерден алыс болсо – мына ошол чыныгы Аллахтын олуясы болуп саналат.

«Менин пендем Мага жакын болуу үчүн эмне иш аткарбасын, Мага эң сүйкүмдүүсү Мен ага парз кылган амалдар…»

Мындан дагы даражасы бийигирээк, орду өйдөрөөк болгон олуялар бар. Алар кимдер?  Айтат:

«…Менин пендем Мага напил ибадаттар менен жакындап келе берет, качанга дейре Мен аны жакшы көрүп калмайынча. Качан Мен аны жакшы көрсөм анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу, жүрө турган буту болом. Ал Менден сураса, сөзсүз сураганын берем, бир нерседен коргоону тилесе, сөзсүз аны коргойм».

Бул хадистен маалым болгондой, Бейишке эсеп-кысапсыз жана азабы жок кирүүчү Аллах Тааланын авлиялары эки мартабада болушат. Алардан биринчиси парздарды кылып жана арамдардан тыйылгандардын мартабасы. Ал эми экинчиси диндин парздарын аткаруу  менен жана арамдарды таштоо менен бирге, дагы кошумча нафиль, мустахаб ж.б. сооптуу иштерде жарышкандардын мартабасы.  

4) Таухидди бузуучу жана аны кемчиликтүү кылуучу нерселер.

Тавхидди Толук Бузуучу жана Азайтуучу себептер бар. Бул экөө тең тавхидге чоң доо тийгизишет. Тавхидге доо кетирчү амалдар эки түргө бөлүнөт:

① Таухиддин негизин бузчу амалдар. Алар – “навакид” деп аталат.  

② Таухиддин толуктугун кемитчү амалдар. Алар – “навакис” деп аталат. 

Демек, Таухидди түп-тамыры менен жок кылуучу амалдар бар, ошондой эле аны алсыратчу амалдар бар.

Эми пенде ошолорго түшүп калбашы үчүн аларды билип жүрүүсү зарыл. Андай  жаман нерсени окуп-үйрөнүү керек – жаман болуу максатында эмес, бирок ага кабылбаш үчүн. Чынында, кимде ким жамандык эмне экенин билбесе ал ошого түшүп калат. Демек, андан алыс болуу максатында аны окуп-билүү керек.

Ошол себептен Хузейфа ибн Йаман (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: “Сахабалар Аллахтын Элчисинен (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) жакшылык тууралуу сурашчу эле, ал эми мен болсо жамандыкка түшүп калуудан коркконумдан андан жамандык жөнүндө сурачумун[3].

            Ошол себептен аалымдар ширк, куфр, бидаат, чоң күнөөлөр жөнүндө жазышып, аларга арналган атайын китептерди чыгарышкан. Максат: адамдар аларды билип, алардан сактануулары жана алыс болуулары үчүн. Айткандай, адам эмнеден коркууну билбесе, ал андан кантип корко алат! Кимде ким ширк деген эмне экенин билбесе, Таухидди бузуучу амалдарды билбесе – ал андан кантип коркмок эле?!

Таухидди бузуучу нерселерди жалпы түрдө айтсак – алар үчөө: чоң каапырчылык (куфр акбар), чоң ширк (ширк акбар) жана чоң эки жүздүүлүк (нифак акбар).

Аллах Таала айтты: “…Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо, анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот” (Куран, аль-Мааида 5:5).

Аллах Таала айтты: “Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет, ал эми өзүң болсо зыян тартуучулардан болуп каласың!» — деп вахий кылынды.  Бирок, сен Аллахтын Өзүнө гана ибадат кыл жана шүгүр кылуучулардан бол!” (Куран, аз-Зумар 39:65-66).

Аллах Таала айтты: “Албетте, мунафыктар Тозоктун эң төмөн жеринде болушат” (Куран, ан-Нисаа 4:145).

Демек Таухидди бузуучу үч амал бар. Алар — чоң куфр, чоң нифак жана чоң ширк. Ошол себептен булардын баары дыкааттык менен каралып чыгып, акыйда жана Таухид китептерине түшүрүлгөн.

Ал эми Таухиддин навакиси, б.а. амалдарды кемитүүчү себептер – алар, Таухидди толук карманууга зыянын тийгизишет, бирок анын негизин буза алашпайт. Мындай амалдарга кичине каапырлык (куфр асгар), кичине ширк (ширк асгар) жана кичине эки жүздүүлүк (нифак асгар) кирет.

Булар Таухидди буза алышпайт, бирок аны карманууга зыянын тийгизип, аны азайтат. Ошол үчүн мындай амалдар кемитүүчүлөр (навакис) деп аталат. Бул маселелер боюнча да көптөгөн акыйда жана Таухид китептеринде кенен түшүндүрмө берилген.

5) Таухиддин пайда болуу булагы жана башаты.

Таухиддин бир гана булагы бар жана бул анын өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Ал булак – ааламдардын Раббиси Аллахтан келген вахий-аян [б.а. Куран жана Сүннөт].

Ал [Куран] Ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн. Аны ишенимдүү Рух (Жебирейил периште) сенин жүрөгүңө алып түштү, сен эскертүүчү болууң үчүн, ачык араб тилинде [түштү]” (Куран, аш-Шу’араа 26:192-193).

Демек, Таухид – бул, Жараткан Аллах Тааладан келген аян жана Аллахтын дини. Аллах Таала макулуктарды таухид үчүн гана жаратты, кимде ким ибадатын таухид менен аткарган болсо Аллах Таала андан ыраазы болот. Ал эми андан башка динден ыраазы эмес.

            Бул тууралу Аллах Таала айтты: “Ким Исламдан башка динди тандаса, андан [ибадаттары] кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот” (Куран, Аали Имрон 3:85).

Чындыгында, Аллахтын алдындагы дин – Ислам” (Куран, Аали Имрон 3:19).

Бүгүн Мен силерге диниңерди аягына чыгарып, жакшылыктарымды силер үчүн толуктап, силерге Исламды дин катары ыраазы болуп бердим” (Куран, аль-Мааида 5:3).

Демек дин Аллах Таала тарабынан гана аян-вахий болуп түшүрүлгөн. Ал эми жер бетиндеги башка көптөгөн диндердин бардыгы  ошол жерде гана пайда болуп, “өсүп” чыккандар.

Ошол үчүн адамдардын ишенимдери экиге  бөлүнөт: Асмандан түшкөн ишеним, ал — жалгыз жана акыйкат ишеним. Жана жер бетинде пайда болуп өскөн ишеним, ал — жалган ишеним. Жер бетинде өсүп  чыккан ишиенимдердин бардыгы жалган болуп саналат:

Же болбосо алардын [Аллахка] шерик кошкон «кудайлары» барбы [жана алар] Аллах уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?!” (Куран, аш-Шуура 42:21).

❓Жерде пайда болгон ишенимдер каяктан пайда болушкан? Жооп: Алар ар кандай жолдор менен пайда болушкан.

❓Алардын ар кандай түргө бөлүнүп кетүүсүнүн себеби эмнеде жатат? Жооп: алардын ишеним-деринин булактары  ар түрдүү болгондугунда. Алардын арасында:

  • өзүнүн пикирине жана акылына негизделген ишенимдер бар,
  • түш көрүүгө негизделген ишенимдер бар,
  • тажрыйбага негизделген ишенимдер бар,
  • даам жана сезимге курулган ишинимдер бар,
  • ар кандай аңгеме жана окуяларга курулган ишенимдер бар

ж.б. көптөгөн ишеним менен диндерди өстүрүп чыккан булактарды көрүүгө болот.                

Асмандан аян-вахий болуп түшкөн ишенимди тутунмайынча адам эч качан туура  динге жана туура ишенимге келе албайт. Ошол үчүн пайгамбарлар жалган ишенимдердин туура эмес экенин баяндаш үчүн – адамдар тутунган ишенимдери Аллахтан аян болуп келиптирби же жокпу – ошону далилдеп берүүлөрүн талап кылышкан.

Себеби чыныгы дин Аллахка гана тиешелүү. Ал эми адамдарда Аллах берген динден бөлөк дин болбошу керек. Ошол үчүн пайгамбарлар адамдардын ар түрдүү ишенимдерине так далил алып келишин талап кылышкан.

М: Йусуф (алейхис-салаам) айткан сөз Куранда мындай деп келет:  “О, менин зындандагы шериктерим! Бир нече бытыранды «кудайлар» жакшыбы, же жалгыз, Жеңүүчү Аллахпы? Аллахтан башка силер сыйынып жаткан нерселер, силер жана  ата-бабаңар ат коюп алган ысымдар эле, андан бөлөк эч нерсе эмес. Аллах аларга (ошол нерселердин кудай экенине) эч далил түшүргөн эмес. Өкүм жалгыз Аллахка гана таандык: Ал жалгыз Өзүнө гана ибадат кылууңарга буюрат. Ушул гана эң туура дин. Бирок [муну] көпчүлүк адамдар билишпейт!” (Куран, Юусуф 12:39-40).

Аллах Таала айтты: “«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы? «Манатка» дагы, алардын үчүнчүсү. Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи?! Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң зулумдук! Алар бир гана өзүңөр жана ата-бабаңар [оюнан чыгарып] атап алган ысымдар эле. Андан башка эч нерсе эмес. Аллах алар тууралуу эч бир далил түшүргөн эмес(Куран, ан-Нажм 19-23).

Аллах алар тууралуу эч бир далил түшүргөн эмес” – мына, ушунун өзү, жерден чыккан ишенимдердин бардыгы жалган экендигин көрсөтө алат. Себеби туура ишеним, туура акыйда – бул Аллах Таала вахий кылып түшүргөн гана ишеним.

Демек таухиддин булагы – вахий экен, б.а. Аллахтын түшүргөн аяны.

Ошол үчүн таухид ээлери өз акыйдасын баяндоодо айтышат: “биз бул нерсеге ишенебиз, себеби ал тууралуу Аллах Таала мындай деп айтты, Пайгамабар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) мындай деп айтты”, — дешет. Мына алардын ишеними Аллах айтты жана Аллахтын элчиси (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты деген нерсе менен гана чектелет.

Ал эми качан адамдар Аллахтан келген вахий-кабарды таштап, жогоруда айтылгандай башка бир ишенимдин булактарын колдоно башташканда – ар түрдүү диндер, бөлөк-бөлөк ишенимдер жаралат.

6) Таухиддин пайдалары жана анын жемиштери.

Таухиддин пайдалары өтө көп жана жемиштери санап бүткүс[4]. Аллах Таала бул нерсеге ишарат кылып айтты: “Аллах таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры [жер койнунда] бекем, бутактары болсо, асманда. Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет” (Куран, Ибрахим 14:24-25).

Жалпысынан айта турган болсок – бул дүйнөдөгү же акыреттеги пенде үчүн кандай жакшылыктар болсун – ошонун бардыгы таухиддин сан жеткис мөмөлөрү болуп саналат. 

Ал эми кээ бир нерселерин толугураак баяндап кетсек:

🌺  Таухиддин эң чоң пайдаларынын бири – Таухид ибадаттардын кабыл болушунун себеби.

Таухид – ибадаттарды дурустайт жана тазалайт. Кандай гана амал болбосун ал таухидсиз кабыл эмес. Ибадат – үй болсо, Таухид – анын пайдубалы сыяктуу. Ибадат – бак болсо, Таухид – анын тамыры сыяктуу.

Ошондуктан Аллах Таала айтат: “Ал эми, кимде-ким Акыреттик [соопту] каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса – мына ошолордун аракеттери кабыл алынган болот” (Куран, аль-Исра 17:19).

Эркеги болобу, аялы болобу, ким жакшы амал жасап ошол эле кезде ыйман келтирүүчү-лөрдөн болсо — ага биз жакшы жашоону арнайбыз жана алар кылган жакшы амал-дарына соопторду ыйгарабыз” (Куран, ан-Нахль 16:97).

Инсан канча көп ибадат жасабасын, бирок ал ибадаты Таухидге негизделбесе – анын эч нерсеси кабыл болбойт. Себеби, Таухид – ибадаттарды дурустайт жана тазалайт.

Аллах Таала айтты: “Алардын садакаларынын кабыл болуусуна тоскоолдук кылган нерсе – Аллахка жана пайгамбарына ишенбегендери…” (Куран, ат-Тауба 9:54).

Ким Ыйманга ишенбесе – бардык амалдары өчүп жок болуп кетет” (Куран, аль-Мааида 5:5).

Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана өзүң зыян тартуучулардан болуп каласың!»деп вахий кылынган эле” (Куран, аз-Зумар 39:65).

Демек, Таухид – амалдарды тууралайт. Таухидсиз амал эч дурус болбойт.

🌺  Таухид – дүйнө жана акыретте бактылуулук менен бийиктиктин себеби.

Ошол адамдар гана Раббиси тарабынан [келген] Туура Жол үстүндө жана ошолор гана ийгиликке жетүүчүлөр” (Куран, аль-Бакара 2:5).

Муваххиддер – Туура жолдо болушат жана Ийгиликке жетишет. Ийгилик деп дүйнө-акыреттин жакшылыктарына ээ болууну айтабыз. Ал эми чыныгы ийгиликтүү болуу үчүн Аллахка болгон таухидди жана ыкластуулукту тутунуу шарт.

 🌺  Таухид – Бейишке кирүүнүн, Тозоктон кутулуунун себеби.

Ким Аллахка муваххид болуп жолукса Жаннатка кирет. Ал эми ким мушрик болуп жолукса Тозокко кирет да, ал жерде түбөлүк калат, Аллах андан бизди сактасын.

Аллах Таала айтты: “Чындыгында Аллах Ага шерик кошууну кечирбейт, ал эми андан башкасын кимге кааласа кечирет” (Куран, ан-Нисаа 4:48). Демек Таухиддин пайдасы – адамдын Бейишке кирүүсү, Оттон кутулуусу.

Эгер адам Таухидди таза тутунуунун парз болгон же мустахаб болгон даржасында болсо – Тозокко башынан эле кирбейт.

Ал эми өзү муваххид болуп, бирок ширктен башка күнөөлөрдү кылып жүргөн болсо – Тозокко кирсе да, ал жерде түбөлүк калбайт. Себеби бир гана мушриктер Тозокто түбөлүк калышат. Хадисте келгендей: “Ля иляха иллаЛлооху деп айтып жүргөн адамдардын арасынан Аллах Өз ырайымына алууну каалагандар тууралуу, периштелерге буйрук берет: «Аллахка эч нерсени шерик кылбагандарды Тозоктон чыгаргыла» — деп” (Бухари: 7437; Муслим: 182).

 🌺  Таухид – адамдын көкүрөгүнүн кеңейишинин эң чоң себеби.

Инсандын Таухиди канча күчтүү жана толук болсо – ошончолук көкүрөгү кеңейет.

Аллах Таала айтты: “Аллах көкүрөгүн Исламга кеңейтип, [натыйжада] ал Раббисинен берилген Нур-хидаяттын үстүндө болгон адам [таш жүрөк адам менен теңби?] Аллахты эскербей, жүрөктөрү таш болуп калгандарга өлүм болсун! Алар анык адашууда!” (Куран, аз-Зумар 39:22).

Аллах кимди Туура Жолго (хидаятка) баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга кеңейтип коёт (Куран, аль-Анъам 6:125).

Хидаят жана Таухид – көкүрөктөрдүн кеңейишинин эң чоң себептеринен. Ал эми адашуу жана ширк – көкүрөктөрдүн тар болушунун эң чоң себептеринен.

 🌺  Таухид – бул дүйнөдө ызаттуулукка жана жеңишке жетүүнүн себеби.

Муваххиддерге сый-урмат, жардам убада кылынды жана жер жүзүндө алардын иштери оң болот делди.

Аллах Таала айтты: “Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарды, мурдагы [ушундай] кишилерди орун басар кылганы сыяктуу, аларды да жер жүзүнө орун басар кылууну убада берди. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү убада берди. Жана коркунучтарынан кийин [анысын] бейкутчулукка, тынчтыкка алмаштырып берүүнү да убада берди. «Алар Менин Өзүмө гана сыйынышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт» деди. Ал эми ким мындан кийин каапыр болсо – алар чыныгы фасыктар” (Куран, ан-Нур 24:55).

 🌺  Таухид – бактылуулук менен жакшылыктын, сүйүнүч менен тынчтыктын ачкычы.

Аллах Таала айтты: “Алар – ыйман келтиргендер, Аллахты эстөө менен жүрөгү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула: Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат!” (Куран, ар-Раъд 13:28).

“…Силерге менден Туура Жол (хидаят) келет. [Ошондо] ким Менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт. Ал эми, ким менин Зикримден жүз бурса, ага тар [оор] жашоо бар. Аны Кыямат Күнү сокур абалда тирилтебиз.” (Куран, Тоха 20:123-124).

Таухиддин пайдалары өтө көп жана жемиштери санап бүткүс[5]. Бул тууралуу жалпысынан айтканда бүткүл жакшылык, пазилет, бийиктик, ызааттуулук, толуктук, бул дүйнөдөгү жана акыреттеги бактылуулук таухиддин жемиштери жана анын натыйжа-лары болуп эсептелинет. Бул дүйнөдөгү же акыреттеги кандай жакшылыктар болсун – ошонун бардыгы таухиддин мөмөлөрү болуп саналат.

Ошондой эле бардык жамандыктар, кыйынчылыктар, азап чегүүлөр жана оорчу-луктар Таухидге маани бербегендиктин, аны ээрчибегендиктин жана андан бет бургандык-тын кесепеттери. Ал эми жогоруда айтылган-дай таухиддин жакшылыктарынын жана жемиштеринин чеги жана саны жок.

Азырынча ушул жалпысынан айтылган сөздөр менен чектелейин, жана сөзүбүздү аяктап жатып, Улуу Арштын Ээси болгон Берешен Аллах Тааладан: баарыбызга үйрөткөн нерселерде пайда берүүсүн жана илимибиздин көбөйтүүсүн, бүткүл иштерибизди оңдошун жана бизди өзүбүздү өзүбүздүн напсилерибизге көз ирмемчелик убакытка да таштабашын тилейбиз.

👤 Автор тууралуу кыскача маалымат:

الشيخ عبد الرزاق بن عبد المحسن العباد البدر

Шейх Абдурраззак ибн Абдульмухсин аль-Аббад аль-Бадр — 22.11.1382 х.ж. (15-апр-1963 г.ж.) Сауд Аравиясынын Рияд облусунун аз-Зульфи  шаарында туулган. Акыйда илиминин доктору. Медина шаарындагы Пайгамбардын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) мечитинде сабак берип келет, о.э. Эл аралык Ислам Университетинин мудариси. Көптөгөн илимий китептердин жана лекциялардын автору.

Устаздары:

  • Ахли-Суннанын азыркы күндөгү эң чоң аалымдарынын бири, өз атасы Шейх Абдульмухсин аль-Аббад Аль-Бадр.
  • Муфтий шейх Абдульазиз ибн Баз.
  • Шейх Мухаммад ибн Салих аль-Усаймин.
  • Шейх Али ибн Насыр аль-Факыхи.
  • ж.б.

Сайты: www.al-badr.net

Твиттер: @albadr_net


[1] Бул лекция шейх А.Бадрдын Шаржа шаарында өткөн даураларынын биринде 2014-ж. жаздырылып алынган.

[2] Бухари: 6502. Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят.

[3] Муслим: 1847.

[4] Бул бап Шейх Абдурразак аль-Бадрдын лекциясында өтө кыска болгондуктан, анын китебинен толукталды.

[5] Мындан ары шейхтин лекциясындагы сөздөрү.

Share

You may also like...