Курбандык чалуунун эрежелери — Китеп

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен!

         Баардык мактоолор Аллахка гана таандык. Биз Аны мактайбыз, жардам берүүсүн сурайбыз! Балээлерден жана өзүбүздүн кылык — жоруктарыбыздын кесепетинен Аллахтан гана калканыч издейбиз.  Аллах кимди түз жолго баштаган болсо, аны эч ким адаштыра албайт, кимди Аллах адаштырса аны эч ким туура жолго сала албайт.

Сыйынууга бир гана Аллах татыктуу, Ал жалгыз. Анын шериги  жок. Мухаммад Анын кулу жана элчиси — деп күбөлүк берем.   

Аллахтын ырайымы менен  Зуль-Хижжа айына күбө болдук. Мусулмандар бул айда  Кудайына жакындаткан пайдалуу иштерди аткарып калууга аракет кылышат. Бул ай аралыгында кандай ишти жасасак, Аллахка жакын болобуз? Кудурет  Ээсинин  кандай өкүмү бар?

Зуль-Хижжа айындагы бирден бир ибадат курмандык чалуу. Бул ибадат пенденин Аллахка баш ийүүсүнүн, такыбачылыгынын белгиси.

Улуу  Курман айт (Ид аль-адха) майрамынын алдында, курмандык чалууга байланышкан суроолорго Чоң аалымдардын жана  Фатва жана Илимий изилдөөлөр боюнча Туруктуу Комитеттин жоопторуна  кайрылабыз.

Мазмуну

Курбандык чалуунун эрежелери – Шейх Ибн аль-‘Усеймин

Курмандыкка союлган малдын этин кантип бөлүштүрүү керек? – Шейх Ибн аль-Усеймин

Курмандык тууралуу суроо-жооп – Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитет

Курбандык чалуунун эрежелери – Шейх Ибн аль-‘Усеймин

Курбандык чалуу (Удхия) деп: “Курман Айт күндөрү, майрам себептүү, Аллах Таалага жакындоо максатында, курбандыкка мал союу” айтылат.

Бул шарияттын жөрөлгөлөрүнүн бири. Ал Куранда, Сүннөттө ошондой эле аалымдардын бир ооздон айтылган пикиринде (ижмаъ) тастыкталган.

Аллах Таала мындай дейт: “Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал!” (Куран, аль-Каусар 108:2). Дагы айтты: “Айткын: «Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Раббиси – Аллах үчүн!…»” (Куран, аль-Анъаам 6:162).

Анас Ибн Малик баяндаган хадисте: “Аллахтын элчиси ﷺ  «Бисмилляхи, валлаху акбар» деп туруп, бутун койдун мойнуна такап, өз колу менен, курбандыкка эки ала түстүү койду сойду” (Бухари, Муслим) делет.

Абдулла Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) баяндаган хадисте: “Алахтын элчиси ﷺ  Мадинада он жыл жашады, [жана жашаган убагында дайым] Курман айтка курбандык сойчу” (Ахмад, Тирмизи) делет.

Курмандыкка жарай турган малдын шарттары:

1 – Курбандыкка союлган жандык: төө, уй, кой же эчки болушу керек.

2 – Шариат чектеген жашта болушу керек.

-Төө – беш жашка толгон.

-Уй – эки жашка толгон.

-Эчки– бир жашка толгон.

-Кой – 0,5 жашка толгон.

3 – Союлчу малдын кемчилиги болбоосу зарыл. Мисалы: көзү кыйшайып жакшы көрө албаганы билинип турган мал, ооруганы ачык билинип турган оорулуу мал, аксаңдап басканы билинип турган аксак мал, сөөгү көрүнүп турган өтө арык мал.

4 – Курбандыкка союлчу мал, курбандык чалган кишинин мүлкү болушу зарыл.

5 –Курмандык чалуунун шарият тарабынан бекитилген өз убактысы бар. Ал Айт намаздан кийин башталып, Зуль-Хижжанын он үчү күн батышы менен аяктайт. Күндүзү же түндө союга болот, күндүзү абзел. Эң абзели Айт намаздан кийин дароо союлганы.

Кимде ким курмандык чалууна кааласа төмөнкү нерседен сактансын:

Зуль-хижжа айы киргенден кийин курмандык чалам деген киши өзүнүн чачын, тырмагын жана денесиндеги нерселерди курмандыгын чалганга чейин алганга болбойт. Бул тууралуу Умму Саламадан келген хадисте, Пайгамбар ﷺ  айтат: “Кимде ким курмандык чалууну кааласа, Зуль-Хижжа айынын он күнү киргенде ал өзүнүн чачын жана тырмагын албасын” (Муслим, Ахмад).

Бул өкүм  курмандык чалагандарга тиешелүү. Ал эми  бирөө ал үчүн курбанчылык чалса – анда ага тиешеси жок.

Эгер курмандык чалам деген киши өзүнүн чачын же тырмагын алып алса, ал Аллахка тооба кылсын, бирок ал нерсе курмандык чалуудан аны тоспойт.

Эгер курмандык чалам деген киши унутуп калып же билбестен өзүнүн чачын же тырмагын алып алса, анда ага күнөө жок.

Курмандык малын мууздоо шарттары:

1 – Малды мууздачу киши акылы бар, эстүү болуусу.

2 – Ал мусулман же китеп ээлеринен (жөөт же христиан) болуусу.

3 – Курмандык чалууга ниет кылуусу.

4 –Аллахка гана багышталып союлуусу. Аллахтан башкага арноо болбойт.

5 – Аллахтын ысымынан бөлөк ат менен союу болбойт.

6 – Курч нерсе менен союлуусу.

7 – Малды мууздачу киши Аллахтын ысымын зикр кылып, соёрдо “бисмиЛлах” деп айтуусу.

8 – Мууздоо аркылуу  малдын канын чыгаруу.

9 – Союлчу мал шариат тарабынан уруксат этилген мал болуусу.

 Курмандык малын мууздоо адептери:

1 – Кыбылага бет алуу.

2 – Малды жакшы таризде мууздоо, кыйнабоо.

3 – Жандыкты мууздаганда анын кокосу жана кекиртегин, күрө тамары менен кошо кесүү.

4 – Аллахтын ысымын айткандан кийин мууздай баштоо.

5 – Кимдин атынан союлуп жаткандыгын айтуу. Эгер өзүнүн атынан болсо «БисмиЛляхи ваЛлооху акбар! Аллахумма минка ва ляка, ъаннии. Аллахумма такоббаль миннии» (Аллахтын ысымы менен, Ал – эң улук Зат! О, Аллахым, бул мал Сенден келди жана Сага арналды, менден. О, Аллахым, кабыл кыл менден!) деп айтат. Эгер башка бирөөнүн атынан союлуп жатса  «ъаннии» жана аягындагы «миннии»  дегендин ордуна «ъан» деп туруп, ошол кишинин аты айтылат, «мин» деп туруп ошол кишинин аты айтылат. М: ъан Ахмад… мин Ахмад… (Ахмаддан… Ахмаддан кабыл кыл).

Сойгондогу макүрү амалдар:

1 – Мокок бычак менен сою

2 – Малдын жаны чыгып өлө  электе эле ага аза берүү. Мисалы: мойнун сындыруу, тээрисин сыйрый баштоо же дене мүчөөлөрүн кескилеп жиберүү.

Колдонулган булак:

“Ахкам аль-Удхия ва аз-Закаа” (Курмандыкдын жана мал союунун өкүмдөрү). Автор: Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин (1929-2001-жж, Сауд Аравиясы) – ХХ кылымдын эң чоң аалымдарынын бири, факих, муфассир. Бүгүнкү күндөгү көптөгөн аалымдардын, дааватчылардын устазы.

Курмандыкка союлган малдын этин кантип бөлүштүрүү керек? – Шейх Ибн аль-Усеймин

Курмандык малын сойгон киши өз курмандыгынын этинен жей алат, садака бере алат жана башкаларга белек кылып тамак жасап бере алат.

Аллах Таала айтат: “Андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла.” (Куран, аль-Хажж 22:28). Дагы айтат: “Андан өзүңөр да жегиле, өзү сураган жана өзү сурабаган бирок муктаж болгон кедейлерге да жедиргиле.” (Куран, аль-Хажж 22:36).

Пайгамбар (соллаЛлооху  ‘алейхи ва саллям) айтты: “Жегиле, башкаларды тоюндургула жана өзүңөргө сактап койгула” (Бухари). Башка хадисте “Жегиле, өзүңөргө сактап койгула жана садака кылгыла” деп келет (Муслим). Башкаларды тоюндурууга байлар да кирет, ал эми садака бир гана кедейлерге.

Ушунун ичинен канчасы желет, канчасы тамак жасаганга кетет, канчасы садака кылынат – аалымдар ар кандай пикирлерди айтып келишет. Бул маселеде ыктыяр бар. Эң жакшысы – үчтөн бирин жеш үчүн өзүнө алып калып, үчтөн бирин башкаларга тамак жасап, үчтөн бирин садака кылганы. Жеш үчүн өзүнө деп алып калганын сактап койсо да болот, керек болсо узун убакытка чейин сакталганы жатса да. Бирок сактоонун артынан [эт таптакыр бузулуп], аны жеш зыян болбогондой болсун.

Бир гана ачарчылык жылдары курмандыкка союлган этти үч күндөн ашык сактоо уруксат эмес. Пайгамбар (соллаЛлооху  ‘алейхи ва саллям) айтты: “Силердин кимиңер курмандык кылса – анын эч нерсеси үчүнчү күндүн таңына чейин үйүңөрдө калбасын”. Кийинки жылы айтышты: “О, Аллахтын элчиси! Мурдагы жылдагыдай кылалыбы?”. Айтты: “Жегиле, башкаларды тоюндургула, өзүңөргө да сактап кое бергиле. Ал жылы адамдарга кыйын болгон. Ошондуктан силер аларга жардам кылсаңар дедим эле” (Бухари, Муслим)

📚 Колдонулган булак:

“Ахкам аль-Удхия ва аз-Закаа” (Курмандыкдын жана мал союунун өкүмдөрү).

Автор: Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин

Курмандык тууралуу суроо-жооп – Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитет

Суроо: Курмандык чалуунун өкүмү?

         Жооп: Курмандык милдеттендирилбеген (важип болбогон)  ыктыярдуу (сүннөт) амал.

Суроо: Курмандык кыла турган адам, эмнени кылбашы керек?

Жооп: Ким курмандык кылууга ниет кылса, Зуль-Хижжанын биринчи он күндүгүндө  курмандык кылмайынча чач-тырмагын, теридеги нерселерин албасын. Буга далил Умм Саляма (Аллах андан ыраазы болсун) жеткирген хадисте мындай делет: «Пайгамбарыбыз ﷺ мындай дейт:

مَنْ كَانَ لَهُ ذِبْحٌ يَذْبَحُهُ فَإِذَا أُهِلَّ هِلاَلُ ذِى الْحِجَّةِ فَلاَ يَأْخُذَنَّ مِنْ شَعْرِهِ وَلاَ مِنْ أَظْفَارِهِ شَيْئًا حَتَّى يُضَحِّىَ

«Качан Зуль-Хижжа айы киргенде ким курмандык кылууну кааласа, курмандык кылмайын чачын да, тырмагын да албасын.»   Курмандык кыла тургандардын  ибадат кылуудагы өзгөчө абалы ушундай болуусу  шарт. Муну менен эле алар мухрим боло алышпайт, б.а., ихрам абалына (кичи же чоң ажылык жасардагы абал) кире алышпайт.  Эгер  унутуп калган себептүү, же билбестиктен  чач-тырмакты алып салган болсо, эч кандай кедерги болбойт.

Аллах Куранда айтат:

{رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذْنَا إِنْ نَسِينَا أَوْ أَخْطَأْنَا} [البقرة: 286]

«…Оо, Жараткан! Эгер унуткан, же ката кылган болсок, бизди азабыңа кириптер кыла көрбө…» (Куран   Бакара, 286) Сүннөтөн билебиз, Алла элчиси ﷺ бул аятты окуп: «Аллах жооп берди: «Мен ушундай кылдым (унутканыңар жана жаңылганыңар үчүн жазалабайм)»»  деп бизге Аллахтын айтканын кабарлады.

Ал эми курмадык кылууга ниет кылбагандар Зуль-Хижжа айы киргенден алгачкы он күнүндө  чач- тырмагынан тазалана берсе, анын аракетинен  эч кандай маселе жаралбайт.

Суроо: Эгер адам үй-бүлөсү менен ажылыкта болсо, курмандыкты удхийя,  же хадьи  кылуу эле жетиштүүбү?

Жооп: Эгер зыяратчы тамату (ихрамдан чыгуу),  же кыран  (ихрам абалында) абалында (чоң) ажылык кылып жатса, анда хадьини аткаруу жетиштүү. Бул жерде удхийя кылуу шарт эмес. Эгер курмандык кылуу аманат болсо, анда аны аткаруу керек.  Аллахтын элчиси ﷺ эки кочкорду курмандык кылган, бирок качан ал ажылык кылганда  хадьини эле аткарып Меккеде удхийя кылган эмес.

Суроо:  Кайсы  жандыкты курмандык кылса болот?

Жооп: төө, уй, кой, эчки жандыктары ургаачы, эркегине карабай курмандыкка жарай берет. Эң негизги шарт курмандыкка чалына турган жандыктар ылаңдабаган, дене-мүчөсү кемчиликсиз болушу керек. Ошондой эле, жандык курмандыкка жарамдуу болушу үчүн союуга жарактуу болгон жашка жетиши зарыл.

  • Кой (кочкор) алты ай
  • Эчки, теке  бир жаш
  • Уй жана өгүз эки жыл 
  • Төө ургаачы, эркеги да  беш жашка толушу керек

Жогоруда көрсөтүлгөн жашка  жете элек мал жандыктары  курмандык кылганга  жарабайт. Эгер жашы жете элек малды курмандык чалса, алардын эти көп болсо да курмандык болуп эсептелбейт.  Буга далил катары Жабир ибн Абдулла (Аллах андан ыраазы болсун) жеткирген хадисти карайбыз:

لا تذبحوا إلا مُسِنة إلا أن يعسُر عليكم فتذبحوا جَذًعَة من الضأن

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Курмандыкка белгиленген  жаштагы (мусинна)  малды чалгыла. Эгер бул силерге кыйынчылык жаратса, анда алты айдан кем эмес жаштагы койду курмандык кылгыла».

Имам Ан-Навави (РахимахуЛлооху)  мындай дейт: «Аалымдар мусинна — бул  төө, уй, эчки койдун маңдайкы тиштери чыкканда гана белгиленген куракка жетет деп  түшүндүрмө беришет. Хадисте көрсөтүлгөндөй, кандай жагдай болбосун алты айга толгон койдон башка жандыкты  мууздообо керек».

Суроо:  Бычылган кочкорду курмандыкка  сойсо болобу?

Жооп: Ооба, бычылган кочкорду сойсо болот. Анткени, бычуу жандыктын мүчөсүндөгү кемчилдик эмес, тек гана эттин  даамын  жакшыртат. Бул тууралуу  «Аль-Мунтака» китебинде Аль Хаким  келтирген хадисте мындай делет. «Пайгамбар ﷺ курмандыкка эки ак жана кара бычылган кочкорду алып келди».

Суроо: Мал мууздалгандан кийин  шишик табылса, курмандык кабыл болобу?

Жооп:  Курмадык болгон малдан табылган шишик  оорунун бир түрү болуп эсептелет. Бирок, ылаң курмандыкка чалына электе ачык байкалбагандыгы үчүн курмандыктын тууралыгына таасир тийгизбейт.  ИншаАллах,  бул кемчилдик курмандыктын кабыл болушуна тоскоол болбойт. Ылаң ачык байкалса, мисалы, шишик эттин негизги бөлүгүн бузуп коё турган болсо, курмандык кабыл болбойт. аль-Бара ибн ‘Азиб (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дейт: « Бир жолу Аллахтын элчиси сахабалардын алдында  туруп:

أربع لا تجوز في الأضاحي: العوراء البين عورُها و المريضة البين مرضها و العرجاء البين ظلعها و الكسير التي لا تُنْقي

 «Курмандыкка жарабай турган төрт түрдүү мал бар: бир көздүү мал, кемчилиги ачык байкалган, ылаңдаган, ылаңы ачык байкалган, аксаган, аксаганы ачык байкалган жандыктар. Көтөрүм болгон же, көк мээ мал.

Суроо: Курмандыкка союлган малдын ордуна акчасын кайрымдуулук катары берсе болобу?

Жооп:  Акыйка (жаңы төрөлгөн наристеге жети күн болгондон кийинки кылган ),  удхыйи (курман майрамда кылынган) курмандыктардын ордуна берилген кайрымдуулук  каражаттары курмандык катары эсептелбейт. Атайын малды союу, анын этин колдонуу,  этин кайыр садака  катары таркатуу – башка нерсе менен алмаштырылгыс ибадат болуп саналат.

Суроо:  Малды сойгондон көрө, союлган малды  сатып алып курмандык кылса болобу?

Жооп: Союлган, устукандалган  этти алып курмандык кылса болбойт. Анткени курмандыктагы ниет мал союлуп жатканда  айтылат. Касапчы өзүнө да, башкага да курмандык ниетин кылган жок.  Ошондуктан кадимки эттер курмандык болуп эсептелбейт.

Суроо: Курмандык качан аткарылат?

Жооп: Сиз жашап турган жерде   майрамдык намаз окулгандан  кийин курмандык чалуу жөрөлгөсү башталышы керек. Эгер майрамдык намаздар ар кайсы орунда окула турган болсо, анда алгачкылардан болуп окулуп бүткөн намазга карап курмандык кылса болот. Ал эми курмандык  Зуль-Хижжанын он үчүнчү күнү күн батканда аяктайт. Анткени, пайгамбар ﷺ мындай деген:

كل أيام التشريق ذبح

         «Курмандык кылуу ташрик күндөрү (Зуль-Хижжанын  он биринчи, он экинчи, он үчүнчү)  аткарылат».

Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: «Курмандык күндөрү — бул Курман айт жана андан кийинки үч күн».

Ибн Аль-Кайим: «Бул күндөр орозо кармоого тыюу салынган Мина күндөрү, ташрик күндөрү менен өзгөчө».

Суроо: Чет өлкөдө жүргөндөр үйүлөсүнө курмандык кылуу үчүн акча жиберсе болобу?   

Жооп: Эгер чет жакта жүргөндөр балдарына курмандыкка мал сатып алууга каражат жиберип, өзүнүн атынан курмандык кылып коюуну өтүнсө – мунда эч кандай проблема жок. Тескерисинче, сүннөткө туура келет.  Сүннөттө курмандык кылган адам мекенинде, бүлөөсү жашаган жерде кылганы жакшы.

Суроо:  Ата-бала бир  бүлөө. Экөөнүн бирөө курмандык кылган жетиштүүбү, же ар ким өз бетинче  кылуу керекпи?

Жооп: Ар бир адам курмандыкты өз атынан жана  карамагындагы үй-бүлөөсүнүн атынан  кылат. Ошондуктан атасы курмандык чалганда баласынын да атын атаса,  баласына да эсептелет. Ага башка курмандык кылуу зарыл эмес.

Суроо: Эгер адамдын бир канча үй-бүлөөсү болсо,  канча кой  курманчылык кылыш керек?

Жооп: Сүннөткө ылайык,  ар бир адам карамагындагы үй-бүлөөсүнө бир кой курмандык кылса болот. Адамдын эки үй-бүлөөсү (эки аялы) болуп, алар эки башка үйдө жашашса да, тиги адамдын үй-бүлөөсүнүн мүчөлөрү болуп эсептелет жана алар үчүн бир гана кой курмандык кылганы жетишүү болот.  Пайгамбарыбыз ﷺ өзү жана үй-бүлөөсү үчүн бир кочкорду курмандык кылган. Маалым болгондой, пайгамбардын ﷺ бир канча үй-бүлөөсү болгон жана аялдары өз-өзүнчө үйлөрдө жашаган.

Суроо:  Эгер бир тууган ага-карындаштар үй-бүлөөлөрү менен ата-энеси менен бир короодо жашаса, канча кой союш керек?

Жооп: Эгер үй-бүлөөдөгү бардык мүчөлөрдүн мүлкү орток болсо,  чыгашалар жалпы болсо, анда бир жандык гана курмандык кылган жетиштүү. Анткени, алар  бир үй-бүлөө статусуна ээ.  Эгер  өз алдынча мүлккө ээ болсо, өз алдынча чыгаша чыкса, анда ар бир үй өзүнчө статуска ээ. Ошондуктан ар бир үй-бүлөө өзүнчө курмандык кылышы керек.  Анан да, ар бир адам курмандык сүннөт амалбы, важип амалбы айырмалап билип алышы зарыл.

Суроо: Үй-бүлөө мүчөлөрүнөн кимдерге  курмандык чала алышат?

Жооп: Аялы, балдары, эгер  неберелери атанын карамагында болсо, неберелерине да арнайт. Мындан сырткары,  ата-эне баласынын багуу, карамагында болсо, ата-энеси үчүн ниеттенет.

Суроо:  Бир канча адамдар биригип курмандык чалса болобу?

Жооп: Бир адам бир койду өзү жана үй-бүлөөсү үчүн курмандык кыла алат. Ал эми төө, уй, өгүз союлса, анда жети адам биригиши керек. Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) мындай хадисти баяндайт: «Аллахтын элчиси ﷺ жетөөбүзгө төө жана уй тартышыбызды буюрду».

Суроо:  Курмандыкка кой сойгон жакшыбы, же төө менен уйдун жетиден бир бөлүгүбү?

Жооп: Төө менен уйдун жетиден бир бөлүгүнө караганда, кой сойгон жакшыраак.

Суроо: Курмандык кылганда  алардын аттары аталышы керекпи?

Жооп:   Ооба, аталышы керек. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ курмандык кылганда: «Оо, Аллах! Мухаммад жана анын үй-бүлөсүнүн атынан кабыл кыл», -деп айткан.

Суроо: Маркумдун атынан да курмандык кылса болобу?

Жооп: Ооба, курмандыкты маркумдун да, тирүү пенденин атынан да чалса болот. Маркумдун атынан кылынган курмандыкка, эгер ал аманат кылып калтырган учурда уруксат берилет. Анткени, курмандыктын кайыр-садакага тийиштиги бар.

Суроо: Курмандыкка союлган малдын этин эмне кылуу керек?

Жооп: Үй-бүлөөсү менен бирге жеш керек, кийинкиге сарамжалдап алып койсо болот. Кошуналарды, туугандарды меймандаса жакшы  жана муктаждарга таркатуу керек.

Кудуреттүү  Аллах мындай дейт:

{فَكُلُوا مِنْهَا وَأَطْعِمُوا الْبَائِسَ الْفَقِيرَ} [الحج: 28]

«Андан жегиле (курмандыкка чалынган малдын этинен) жана муктаждыктан жапа чеккендерди тойгузгула».

Пайгамбарыбыз ﷺ:

كلوا و ادخروا و تصدقوا

«Жегиле, кийинкинин камын көрүп алып калгыла, садака кылып таркаткыла» — деген.

Суроо: Курмандыктын эти менен мусулман эместерди сыйласа болобу?

Жооп: Эгер алар бизге душмандык кылуучулардан болбосо, аларды да коноктоп, сыйласа болот.  Анткени Аллах айтат:

لا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ أَنْ تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوا إِلَيْهِمْ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ} [الممتحنة: 8]

«Аллах  силер менен дин үчүн душмандык кылбагандарга жана силерди жашаган жериңерден куугунтуктабагандарга  кең пейил жана адилеттүү болууңарга  тыюу салбайт. Акыйкатта, Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт.

Мындан сырткары,  исламга чакырык, динге   тартуу максатында конок күтсө болот. 

Суроо: Курмандык чалынып жаткан учурда  эмне деп айтыш керек?

Жооп: Малды мууздаардын алдында сөзсүз түрдө:

بسم الله

«Аллахтын аты менен»    /Бисмилля/.

 Бул дуа окулат:

الله أكبر، اللهم إن هذا منك و لك فتقبله مني

/Аллаху Акбар. Аллахумма инна хаза минка уа ляка фатакаббаль-минни/. Аллах улук. Аллахумма бул Сенден жана Сага арналат. Менден кабыл кылт

Эгер курмандык  бирөө үчүн кылынып жатса,

عن

/’ан …/ «Баланча адамдан  (аты аталышы керек) – делет.

Эгер мусулман өзү үчүн да, башка үчүн да курмандык кылууну кааласа, ал биринчи өзүнө кылып, анан башкаларга кылышы керек.

Суроо:  Курмандык болгон малдын терисин эмне кылуу керек?

Жооп:  Терини садака кылып берсеңиз, сүннөткө ылайык болот. ‘Али ибн Абу Талиб ( Аллах андан ыраазы болсун) мындай дейт: “Аллахтын элчиси ( Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) мени курмандык болгон малды кароомду жана  анын этин, терисин садака кылып таратуумду буюруп, касапчыга эч нерсе бербөө керектигин айтты. «Ага башка нерсе беребиз»,-деди.  Терини муктаждарга, же кайрымдуулук менен алектенген уюмдарга берсе болот. Бул суроону  дайымкы  комитет  иликтеп чыгып, кайрымдуулук уюмдарына берилген терини сатып, алынган акчаны муктаждардын керегине жумшаса болот деген жоопту берди. Ал эми курмандыкка чалынган малдын терисин сатууга болгон тыюу  курмандык кылган адамга карата айтылат.

Булак: Фетвалар боюнча туруктуу Комитеттин Фетвалар жыйнагы, №10-том.

Share

You may also like...