Пайгамбардан шапаат суроо уруксатпы?

СУРОО. Көп адамдар “О, Мухаммед, мен сенден шапаатыңды сурайм!” деп айтышат. Бул сөздөр ширкпи?

ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Ибн Баз айтты:

Өлгөн адамдардан шапаат тилөө уруксат эмес, мейли ал Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) болобу же башкасы болобу. Аалымдар аны ширк деп айтышат. Себеби өлгөндөн кийин адам эч нерсеге ээлик кыла албайт.

Аллах Таала айтты: «Айткының: “Бардык шапаат бир гана Аллахка таандык”» (Куран, аз-Зумар 39:44).

⚠️ Шапаатка бир гана Аллах ээлик кылат.

Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) болобу же башкасы болобу, өлгөндөн кийин алар шапаатка, дуага ж.б. нерселерге ээ эмес.

(Хадисте келет) “Адам өлгөндөн кийин бардык амалдары токтойт, үчөөнөн башкасы: садака жария, пайдалуу илим же ал үчүн дуа кылып турчу салих перзент”.

Пайгамбарга (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) болсо салаваттар гана айтылат, ошондуктан ал айтты: “Мага салават айткыла, силердин салаватыңар каякта болбогула мага жетип турат”.

❎ Ал эми “Пайгамбарга адамдардын амалдары көрсөтүлүп турат: жакшы болсо Аллахка шүгүр айтат, жаман болсо Аллахтан биз үчүн кечирим тилейт” деген хадис – заиф хадис, Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) чын эле аны айтканы анык эмес. Эгер сахих болгон күндө да бул хадисте пайгамбардан шапаат тилөө уруксат дегенге далил жок.

ℹ️ Натыйжалап айтканда: өлгөн адамдардан шапаат тилөө уруксат эмес, мейли ал Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) болобу же башкасы болобу. Шариат эрежесине ылайык ал чоң ширк болот. Себеби, тирүү киши гана кыла алган нерсени өлүктөн суроо – чон ширк деп эсептелет. Анын түрлөрү: өлүктөн оорулууну айыктыруу, душманга каршы жардам берүү, кыйынчылыктан куткаруу ж.б. нерселерди суроо. Мунун баары ширк.

Аны Пайгамбардан (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) сурадыбы же Абдулькадирденби, Бадавийденби, Хусейнденби же башкаданбы – эч айырма жок.

❗️ Өлүктөн бир нерсе суроо уруксат эмес. Ал ширк делет.

Бул дүйнөдөн өтүп кеткен адам мусулман болсо – тек гана аны Аллах мээримине жана кечиримине алуусун тилейбиз. Ал эми Пайгамбарга (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) болсо Аллахтын салават жана саламын тилейбиз. Ал эми андан жардам суроо, шапаат тилөө же душманга каршы колдоо көрсөтүүсүн талап кылуу – болбойт.

Бул Исламга чейинки доордогу адамдардын жана мушриктердин иши. Мусулман андан сак болот.

Булак https://binbaz.org.sa/old/29878

https://binbaz.org.sa/old/29878
https://binbaz.org.sa/old/29878
Share

You may also like...