Корона учурунда мечитке келүү тартиби

КАБАР. Кыргызстан. Республикалык штабдын чечиминин негизинде 8-июндан тартып, өлкөнүн бардык региондорунда мечиттер кайтадан иштей баштайт.

Саламаттык Сактоо министрлиги койгон МИЛДЕТТҮҮ талаптар:

  • Маска;
  • Мечиттерге ооруп жаткандардын, кары-картаңдардын, жаш балдардын келбөөсү;
  • Мечиттин ичинде намаз окугандардын аралыгы 1,5 м. болуусу;
  • Намаз бүткөн соң кол алышып учурашпоо;
  • Намаз бүткөн соң тез аранын ичинде мечиттен чыгып кетүүгө аракет кылуу.

Милдеттүү эмес, бирок СУНУШТАЛГАН нерселер:

  • Дааратты үйдөн алып келүү;
  • Өзү менен жайнамаз ала келүү;
  • Сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;
https://t.me/islamjolu/3695

•┈•✿ ЖАМААТ НАМАЗЫ — ПАРЗ ✿•┈•

 Мечиттер ачылган соң, коронавирус болгон учурда, жамаат намазына барбай койсо болобу?
 Карыялар, хронический оорусу барлар, иммунитет дарыларын ичип жаткан оорукчандар, вирус көп таркаган аймакта жашаган адамдар – булар жамаат намазына катышпай коюулары уруксат.
Ал эми калган эркектер үчүн — санитардык сактануу ыкмаларын колдонуу менен — жамаат намаздарына катышуу, мурдакыдай эле, парз болуп эсептелет.

•┈•✿ МАСКА МЕНЕН НАМАЗ ОКУУ ✿•┈•

 Маскачан намаз окуса болобу?
 Пайгамбарыбыз ﷺ намазда оозду бир нерсе менен ороп алууга тыюу салган. Бул хадисти имам аль-Альбани “хасан” деген.
Факихтер, адам оозун чүңкөп алып намаз окуусу, макрух экендигин белгилешкен. Шейх Ибн Баз, Шейх аль-Усаймин жана Шейх Фавзан ушул пикирде бир.
Бирок, ошентүүгө себеп же муктаждык болсо, макрух эмес – Шариаттагы “муктаждык болсо макурух жок” эрежесине ылайык. Демек, азыркы учурда оозду маска менен жаап намаз окуу – уруксат, эч макүрөө болбойт.

•┈•✿ САПТАГЫ БОШ ОРУНДАР ✿•┈•

•┈•✿ КУЧАКТАШЫП КӨРҮШҮҮ КЕРЕКПИ ✿•┈•

 Саламдашуу учурунда кучакташып көрүшүү керекпи?
 Жок, бул шарт эмес. Кучакташып саламдашуу – сапардан келген же көпкө көрүшпөгөн кишилер менен жолукканда уруксат. Ал эми ар бир эле көрүшкөндө кучакташа берүү сүннөт эмес.

•┈•✿ ООРУП ЖАТКАНДАР МЕЧИТКЕ КЕЛБЕСИН ✿•┈•

 Ооруп жаткан, дене табы көтөрүлгөн адамдардын мечитке келбей коюусу дуруспу?
 Пайгамбар ﷺ пияз жеген киши – өзүнүн жыты менен адамдарга ыза бербеши үчүн – мечитке келбесин деген Демек, оорусун жуктуруп жиберүүгө мүмкүн болгон же оорусу бар деп шектелген адам, мечитке келүүсү андан да көбүрөөк тыйылган иш. О.э. Пайгамбар ﷺ айтты: “Өзүңө зыян бербе жана башкаларга зыян бербе”.

© ИсламЖолу

https://t.me/islamjolu/3697
Share

You may also like...

Добавить комментарий