Эмне үчүн Шаабан айында орозо көп кармоо керек?

Шаабан айында Пайгамбарыбыз ﷺ көп напил орозо тутчу. Эмнеге дегенде бул айда пенделердин амалдары ааламдардын Раббиси Аллах Субханаху ва Тааланын алдына көтөрүлүп, каралчу ай. Ошол убакта орозо кармап туруу жакшы сооптуу иш деген. Шаабан айынын пазилети чоң.

Макаланын мазмуну

Шаабан айында орозо тутуу өкүмү
Эмне үчүн шаабан айында көп ибадат кылуу сооптуу иш?
Бараат кечеси деген барбы?
«Шаабандын жарымынан өткөндө — орозо тутпагыла деген» хадистин мааниси кандай?

Шаабан айынын орозосу

 Усама ибн Зайд (радиаллаху анху) бир күнү Пайгамбардан (салляллаху алейхи уа саллям) сурайт: “Оо, Аллахтын Элчиси, сизди шаабанда орозо туткандай башка айларда көрбөдүм”. Ал жооп берди: “Адамдар бул айды ражаб менен рамазандын ортосунда унутуп калышат. Бул айда амалдар ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен каалайт элем амалдарым көтөрүлүп жатканда орозодо болуумду”. (ан-Насаи 2357. Хадис хасан)

🌙 Аиша (радиаллаху анха) айтат: “Шабанда орозо туткандай Пайгамбар ﷺ башка бир да айда орозо тутчу эмес. Кээде шабандын бардыгын орозо кылып, кичине эле бөлүгүн калтырып койчу”. ( аль-Бухари 1970, Муслим 1156).

Кошумча окуу: «Шаабан айынын пазилети. Шаабан айынын бидааттары» — Шейх Холид аз-Зуфайри

Аптада эки жолу — Дүйшөмбү, Бейшембиде — амалдар көтөрүлүп турат.
Жылына бир жолу — Шабан айында — амалдар көтөрүлүп турат.


Амалдар көтөрүлгөнү — кайсынысы кабыл, кайсынысы кабыл эмес экени — эсептелет. Адамдын эки жагында эки периште амалдарын китепке жазып отурушат. Аллахтын алдына ал китептер көтөрүлгөндө «жеди, ичти, сүйлөдү, уктады ж.б.» деген сооп дагы эмес, күнөө дагы эмес амалдар бүт өчүрүлөт. Бир гана Акыретте таразага коюлчу СООП же КҮНӨӨ амалдар гана калат.

«Аллах каалаганын өчүрөт жана бекитет (калтырат). Китептин Энеси (ал-Лавху-ль- Махфуз) Анын алдында» (Куран 13:39)

✔ Амалдар кабыл болушу учун эки шарт керек: ыклас — Аллахтын гана ыраазычылыгы үчүн жазалуусу, сүннөт — Пайгамбарыбыз ﷺ көрсөтүп кеткендей болуусу. Ошондуктан мушрик жана бидаатчынын амалдары бул айда кабыл болбойт.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Шаабандын ортосундагы түнү Аллах Өз пенделерине назар салып бардык пенделерин кечирет, бир гана мушрик жана мушахинден башкасын.» (Ибн Маджах 1390, аль-Баззар 2/408, сахих) хадистин риваятында келет «Биздин Улуу Раббибиз Шаабандын ортосундагы түнү биринчи асманга чейин түшөт жана Өз пенделеринин күнөөлөрүн кечирет…».

Мушрик – Аллахка шерик кошуп жүргөн адам. Мушахин — касташып жүргөн, кекчил, кечиримсиз. Башка бир мааниси жамааты бөлүп, бидаат киргизүүчү.

Шаабан айынын ибадаты

Эмне үчүн бул айда көп орозо тутулат десе, анын себептери:

Бул айда пенделердин амалдары Аалымдардын Раббисине көтөрүлөт — ошол кезде инсан орозо болуп туруусу мустахаб.

Ражаб менен Рамазан айынын ортосунда болуп, бул айды адамдар бейкапар өткөзүшөт. Адамдар капилеттикте, ибадатка маани бербей жүргөн убакта сиз ИБАДАТ кылсаңыз — сообу башка учурдагы сооптон жогору болот. 

  1. Пайгамбар ﷺ айтты: «Парз намаздан кийин эң абзел намаз — түн ортосундагы [тахажжуд] намазы» (Муслим: 1163). Себеби адамдардын КӨБҮ ал учурда ИБАДАТ кылышПайт.
  2. Куфтанды түн ортосуна жеткизбей, бирок кечирээк окуган жакшы. Көп адамдар уктап калган болот. Ошол учурдагы куптандын сообу көбүрөөк. Бир күнү Пайгамбар ﷺ куфтан намазына өтө кеч чыкты да айтты: «Эгер үммөтүмө — же адамдарга — кыйын болот дебегенде, бул намазды (куптанды) ушул убакытта окууну буюрат элем» (Бухари: 7239; Муслим: 642).
  3. Шам м’н Куфтан аралыгы аз эле. Ошол убакытты көп адамдар кайдыгер карашат. Чындыгында, ал учурда окулган нафиль намазды кээ бир сахабалар тахажжудга тете дешкен. (Кз. Тафсир аят 32:16 «Алар жатаар орундарынан ыраак болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат«)
  4. Пайгамбар ﷺ айтты: «Аллах алдындагы эн жакшы намаз — Жума куну жамаат менен окулган багымдат» (Абу Нуайм: 7/207). Себеби багымдатка көп адам келе бербейт.
  5. Пайгамбар ﷺ айтты: «Фитна, баш аламан (харж) заманда ибадат кылуу — мага хижрат кылгандай» (Муслим: 2948). Себеби ал учурда динди саналуу гана адамдар карманышат, калгандары болсо фитна менен таасирленип ибадат кылбай калышат.

Рамазандын орозосуна даярдык, напсини машыктыруу.

Парз ибадаттардын алдын нафиль ибадат бар (М: БАГЫМДАТтын алдын 2 рекет суннот). о.э. парз орозо РАМАЗАНдын алдын нафил орозо ШААБАН бар, андан кийинки айда Шаввалда да орозо бар.

📖 Ошондой эле Салаф Солихиндер (алгачкы такыба мусулмандар) Шаабанда Куран көп окушчу. Себеби бул нерседе Рамазанга даярдык, напсини алдыдагы ибадатка машыктыруу бар.

Шаабан киргенде ‘Амр ибн Койс дүкөнүн жаап, Куран окууга толук киришчү. Ал айтчу: «Рамазандын алдын өзүн оңогон пендеге сүйүнүч болсун«!

« ‘Аммар ибн Яасир Шаабан айынын орозосуна Рамазанга даярдангандай даярданат эле» (Табсыро: 2/47).

Бараат кечеси деген барбы?

⚠ Жана бул хадиске негизделип кээ бир адамдар Шаабандын ортосундагы түндө ибадат кылыш керек деп ойлошот, аны БАРААТ кечеси деп аташат.

Бирок Шаабандын ортосундагы түндү ибадат менен тосуу керектиги тууралуу эч бир сахих хадистерде эч нерсе айтылбайт. ? Бараат түнүнө байланышкан хадистер токулган, ойлонуп чыгарылган хадистердин катарына кирет (мауду’) деп билдирет көпчүлүк аалым-мухаддистер. Ооба, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бул айда көп орозо тутчу. Бирок Бараат күнүн атайын бөлүп алып орозо, намазга арнаган эмес. Кайсы бир күндү, же түндү ыйык эсептеш үчүн шарияттан далил керек

❓ «Шаабандын жарымынан өткөндө — орозо тутпагыла деген» хадистин мааниси кандай?

❗️ ‘Айша (радияллаху ‘анха) айтат: “Мен Аллахтын элчисинин ﷺ Рамазан айынан башка эч бир айда толук орозо кармаганын көрбөдүм. (Ошондой эле) Анын Шаабан айында көп орозо кармаган сыяктуу башка айларда кармагандыгын көргөн жокмун”.
      Муслимдин риваятында келет: “Кээде Шаабандын бардыгын орозо кылып, кичине эле бөлүгүн калтырып койчу
📚 (Бухари: 1969; Муслим: 1156).


Абу Хурайра айтат, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:

إذا انتصف شعبان فلا تصوموا
«Шаабан айынын ортосу болгондо – орозо тутпагыла

📚 (Абу Дауд: 2337; Тирмизи: 738; Ибн Маджа: 1651).

🌀 Бул хадистин сахихтигинде же заифтигинде аалымдар арасында талаш болгон.
✅ Бирок эгер сахих болгондо да бул адаттагы орозо туткан күндөргө тиешелүү эмес дешкен.
       М: ким, ар дүйшөмбү жана бейшемби орозо кармоону өнөкөт кылып алган болсо, ал орозосун шаабандын экинчи жарымында да уланта берет.
      О.э. Шаабандын биринчи жарымынан бери орозо кармап келе жаткан адамга да тиешелүү эмес дешкен,

💡 б.а. ким Шаабандын биринчи жарымында орозо кармаса, ал экинчи жарымында да кармай берет.

Шейх Ибн Баз (рахимахуЛлаху) айтты:

“Пайгамбар ﷺ айтты: «Шаабандын ортосу болгондо орозо кармабагыла». Бул сахих хадис. Айдын башында орозо тутпаган адам үчүн, бул сахих хадиске ылайык, ортосу өткөн соң орозо тутуу болбойт. Демек, Шаабандын аягында орозо тутайын деген кишиге, албетте, бул биринчи ирээтте тиешелүү.
        Себеби Пайгамбар ﷺ айткан: «Рамазандын алдын бир же эки күн калганда орозо тутпагыла, бир гана адаттагы орозосун тутуп жүргөн кишиге уруксат». Ал тута берсе болот. Анын адатында Дүйшөмбү жана Бейшемби орозо тутуу бар болсо, же бир күн тутуп, бир күн оозу ачык жүрүү (Дауд пайгамбардын орозосу) болсо – анда ага уруксат.
        Ал эми Шаабандын орозосун тутуу максатында, айдын ортосунан өткөндөн кийин кармай баштоо – уруксат эмес. Бирок эгер он үчүнчү же он төртүнчү күнүнөн баштаса, анда уруксат, себеби айдын жарымынан көбү делип калат. Айдын баарын же көп бөлүгүн тутса – анда болот.
         Тыйылган нерсе – Шаабандын биринчи жарымын тутпай, анан экинчи жарымында орозону баштап калганы”.
📲 Булак: Шейх Ибн Баздын расмий сайты


 

🤲 Бул айда Аллах баарыбызга ыкласыбызды түз кармап, баскан жолубузду Пайгамбар ﷺ жолуна шайкеш келтирип, амалдарыбызды кабыл кылып, кийинки келе жаткан ай — Рамазанка туура даярдык көрүүбүздү насип кылсын.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий