Аллахтын досу болсоң эч жамандык жетпейт

Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

? Кимдин валиййи[1] Аллах болсо ага бул дүйнөдө жана акыретте эч жамандык жетпейт.

Аллах Таала айтат: “Аллах – ыйман келтирген адамдардын Валиййи, аларды караңгылыктардан нурга чыгарат.” ? (Куран, аль-Бакара 2:257). Караңгылык – бул ширк, куфр, шек-күмөндөр, күнөө. Нур – бул ыйман, пайдалуу илим, солих амалдар.

Дагы айтат: “Мунун себеби, Аллах ыймандуу адамдардын Мавлясы. Ал эми, каапырлардын эч мавлясы жок!” ? (Куран, Мухаммад 47:11).


?
Аллах сени Өз камкордугуна алса – бул дүйнөдө сени туура жолго (манхаж) салат, ал эми Акыретте болсо коркуу, оору эмне экенин билбей, эч карыбай, жамандык көрбөй жашаган абадий (түбөлүктүү) Бейишке киргизет. Мына бул – Аллахтын пендесине болгон дүйнө-акыреттеги камкордугу.

[1] Арабча “Валийй” же “Мавля” деген сөздүн көп маанилери бар. Алардын ичинде “сүйүү’чү дос”, “камкордук кылуучу”, “өз кепилдигине алуучу”, “иштерди башкаруучу”, “жардам берүүчу”, “коргоочу” ж.б.


Булак: ?
“Шарх аль-Коваъид аль-Арбаъа”

 

? Солих ибн Фаузан ибн Абдуллах аль-Фаузан
(1933-ж. төрөлгөн, Сауд Аравиясы) – заманбап чоң аалым, факих, шариат илимдеринин доктору. Сауд Аравиясынын Муфтияты (аль-Ляжна ад-Даима) жана «Чоң аалымдар Комитети» (Хайат Кибар аль-Уляма) ж.б. илимий уюмдардын мүчөсү. Көптөгөн илимий эмгектердин, лекциялардын автору.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий