Бараат түнү (кечеси). Аны тосуу боюнча Шариат өкүмү.

⭕ Бараат түнү жана аны тосуу боюнча Шариат өкүмү. Барат кечеси жана андагы дуа, намаз тууралуу.

Шаабан айынын ортосундагы түн – бараат кечеси жана анын пазилети тууралуу ишенимдүү хадистер келбейт, б.а. бардык хадистери заиф❕ Эл оозунда бараат кечесинде жүз рекет намаз окуу, куптан намазы учурунда Бараат түнүнө арнап ЙаСин сүрөсүн окуу, күндүзү орозо тутуу тууралуу алсыз (заиф) хадистер таркап кеткен. (М: «Шаабандын ортосундагы түн келгенде түнүн намаз, күнүн орозо менен өткөзгүлө»)

Кошумча окуу: Ханафи мазхабынын аалымдары ‪‎Бараат‬ кечесин тосууга кандай көз карашта?

Бирок Шаъбандын ортосундагы түн тууралуу башка бир сахих хадис келет:

⚠ «Шаабандын ортосундагы түнү Аллах Өз пенделерине назар салып бардык пенделерин кечирет, бир гана мушрик жана мушахинден башкасын.» (Ибн Маджах 1390, аль-Баззар 2/408 Ибн Хиббан 5636, аль-Байхакъи 7/419, ат-Табарани 20/108, Ибн Аби ’Асым 509) хадистин риваятында келет «Биздин Улуу Раббибиз Шаабандын ортосундагы түнү биринчи асманга чейин түшөт жана Өз пенделеринин күнөөлөрүн кечирет…«.

Мушрик – Аллахка шерик кошуп жүргөн адам.
Мушахин — касташып жүргөн, кекчил, кечиримсиз. Башка бир мааниси жамааты бөлүп бидаат киргизүүчү.

? Бул хадиске ылайык бул түнү ар бир Кудайга түз сыйынган, динге жаңылык киргизүүдөн алыс болгон, касташуу, арыздашуудан таза киши албетте, Аллахтын кечиримине ээ боло алат. Бирок бул хадис түндөсү туруп намаз окуу керектигин баяндабайт. Себеби сахабалар аны андай деп түшүндүргөн эмес, жана бул түнү аны өзгөчөлөп ибадат кылышкан эмес.

? Бараат түнүн же анын күндүзүн кай бир ибадаттын түрү менен өзгөчөлөнтүү тууралуу.

❕Пайгамбардан (саллаллаху алейхи уа саллам) бул түнү туруп ибадат кылуу тууралуу сахих кабар келген эмес.

Ким Бараат түнүндө элди чогулуп, атайын жыйналыштарды өткөзүп, атайын намаздарды окуп Аллахка сыйынам десе — бул Бидаат болуп эсептелет. Динге бидаат киргизүүдөн, кирип кеткен бидаатка амал кылуудан сак болойлу.

Кошумча окуу: Даават максатында Исра-Мираж түнүндө адамдарды мечитке жыйноо болобу?

✅ Ал эми ким ар түнү ибадат кылып жатса, намаздарын Бараат деп ниет кылбай ал түнү деле окуй берет, кадимки адаттагы тахажжуд намаздары сымал.

Бараат түнүнө байланышкан хадистер токулган, ойлонуп чыгарылган хадистердин катарына кирет (мавдуъ) деп билдирет көпчүлүк аалым-мухаддистер.

Ооба, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бул айда көп орозо тутчу. Бирок бир күндү атайын бөлүп алып орозо, намазга арнаган эмес. Кайсы бир күндү, же түндү ыйык эсептеш үчүн шарияттан далил керек.

Алысыз (заиф) хадистерге карап ибадат кээде кылына берет — пазилет баабынан. Бирок, анын да шарттары бар. Хадис өтө алсыз болбоосу зарыл. Хадис ойлонуп чыгарылган (мауду’) болбоосу керек жана да хадисте айтылган нерселерге шарияттан тастыкталган негиз болуусу керек. Ал эми бараат кечеси тууралуу шариятта андай тастыкталган негиз жок жана да жогоруда айтылып кеткендей хадистери мауду.

? Оо, Раббибиз, Рамазанга чейин жашап, ал ыйык айды көрүүгө мүмкүнчүлүк бер!

© ИсламЖолу

Share

You may also like...