Ажайып дүйнө түрмөгүнөн

Ажайып дүйнө түрмөгүнөн

⭕ Кадимки чымындын эки көзүндө 12000 көзчө бар. Алардын ар бири өз алдынча иштейт. Ал 1 секундада 100 кадр көргөнгө үлгүрөт экен.

? Меккедеги Замзам булагынан күнүнө 1,5млн литр суу чыгарылат. Канча көп суу алынса, кайра ошончо толуп турган берекелүү суу экен

? Биздин мээбиз сөздөрдү эмес, сүрөттөрдү кабыл кылат. Ошондуктан, айтылган сөздү өз алдынча ар ким ар кандай түшүнүп калат экен.

??Өпкөгө суук аба кирсе зыян тийгизет. Ошондуктан, мурун көңдөйүндөгү көптөгөн капиллярлар кирген абаны жылытып, жана чаңдардан тазалап турушат.

? Аялдын 2 мээ шарынын ортосундагы байланыш эркектигине караганда жакшыраак иштегендиктен, эки ишти бир убакта жеңил жасай алат экен.

? Субханаллаах! Малдын желини өзүнчө эле лаборатория экен. Ал кандан азыктарды алып туруп, заңды аралаштырбай аппак сүт чыгарат.

? Көп тамак желген тойдун эртеси адам организмин ач калтырып, эс алдырууга тийиш экен. Ошол күнү нафил орозо тутуу кандай пайда!

? Жарым кашык балда С витамининин адамга зарыл болгон 1 күндүк өлчөмү бар. Ач карын 1 стакан чийки суу + бал ичүү ичегини тазалайт, иммунитетти чыңдайт.

? Чиркей кан менен азыктанбайт экен. Анын тамагы-гүлдүн нектары. Алар жумурткаларына белок алыш үчүн адамдан кан «алышат».

✨ Асмандагы жылдыздардын санын эсептейм деп, ар бир жылдызды санаганга 1 секунд жумшасаңыз, бардыгын 3000 жылда бүтөсүз!

? Адам миллиарддаган клеткалардан турат. Ар бир клеткада 46 ДНК молекуласы бар.1 ДНКга эле миң томдук китептен көп маалымат батат.

? Каабанын бурчундагы кара таш башында нурдуу апапак таш болчу экен. Кийинчерээк адамдардын күнөөлөрү себептүү ал карарып кеткен.

? Дарвинисттер «Адам маймылдан жаралган» деген жалган теориясын «далилдеш» үчүн адамдын скелетине орангутангтын жаагын тагып «маймыл сымал адам» деп элди алдап келишкен. 1949-жылы бул жалган теориянын калп экени ашкере болгон.

? Адамдардын 80%ы турмушунда максаты, дем берип турган идеясы жок. Ошондуктан, жашоодо эмне иш кылышса да канааттанышпайт. Максаты, план-идеялары болсо да жалкоо, убадага бекем болбосо, эч бири ишке ашпайт!
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий