• Даарат алууда ооз-мурунду чайкоо (бирок сууну терең албаш керек).
• Ооз жапкан учурда жунуп абалында болуу (хадис Айша).
• Күндүз өз ыктыярсыз түшүркөп, урук суюктугунун агып калышы (ихтилам болуу).
• Ысып кеткенде ваннага жуунуу, душ алуу.
• Аялын өбүү, кучактоо (бирок эгер дүүлүгүп кетип аялына жакындык кылып жиберүү коркунучу болсо — анда өбүү жана кучактоо болбойт).
• _Муктаждык болгондо_ этиаттап балага тамагын чайнап беруу, тамактын даамын татуу.
• Атыр же крем колдонуу.
• _Муктаждык болсо_ азык болбогон, куч-кубат бербеген дары алуу.
• Ооз жапкандан кийин тиште калып калган тамактын калдыктарын жутуп жиберүү.
• Жаман сөз сүйлөө, сөгүнүү, ушак айтуу орозону бузбайт, бирок сообун азайтып, таптакыр жок кылып салышы мүмкүн. ( Бул деген сөз ушак айта бер деген эмес. Алла сактасын! Орозо кармап ушак айтып жалган сүйлөгөндөр — эң жаман нерсе)
Имам аш-Шауканий «Дурар аль-Бахия»
Орозо кармаган учурда жутунуп, шилекейин жутуп жиберсе орозо бузулбайбы?
Алла сизге ыраазы болсун, Жок бузулбайт. Орозонузду Алла кабыл кылсын.
Ооз ачып жана ооз бекитуу алдында дааратты сопсуз алыш керекпи?
Асалому алейкум.жотолом деп кусуп алдым, орозо бузулбайбы.