Бул катты 20 жолу таркат. Таркатсаң – жакшылык келет. Таркатпасаң – жамандык болот деп ватсап аркылуу смс-тер таркалып жатат.
? Бул нерселерге ишенүү болбойт. Бул жалган нерсе. Бул нерселерге кээбир карапайым адамдар ишенип, наадан адамдар тарабынан колдоо көрсөтүлүп – бири бирине таркатышып жатышат. Бул нерсе жалган жана Аллах койгон — Шариат менен аалам мыйзамдарына — каршы келет.
Мындай жалган нерселерге ишенбеңиз:
❌ Бул катты 20 жолу таркат
❌ Кара мышык өткөн жерден өтпөйт
❌ Шыпыргыны тик тургузбайт
❌ Босогодон учурашпайт
❌ Эки ачанын ортосунан өтпөйт
❌ Сапар айында үйлөнбөйт
❌ Бейшемби кир жуубайт
❌ Арапада жуунбайт
❌ Караңгыда акча бербейт
❌ Гороскоп
❌ Төлгө салуу
❌ Ж.б.
? Бул нерселер – ырым-жырым деп аталат;
? Бул нерселерге ишенүү – күнөө.
Аллахтын Элчиси (соллаллаху ‘алейхи ва саллям) айтты: Ырым-жырымга ишенүү – бул ширк (Абу Дауд: 3910, сахих).
ℹ Ширк – деген сөздүн мааниси «Аллахка бирөөнү теңөө». Ширк — эң чоң күнөөлөрдөн.
Ырым-жырымга ишенген адамдар ар кандай акыбалдарда болушат:
1) Эгер адам ишенсе “ошол катты жибербей койсо зыян болот, жиберсе пайда болот, бул нерсе өзүнөн өзү пайда-зыян бере алат ” деп – бул чоң ширк болот, адам Ислам дининен чыгып кетет.
2) Эгер адам ишенсе “ошол кат өзүнөн өзү пайда-зыян алып келбейт, бирок себеп гана болот ” деп – бул кичи ширк, б.а. арам иш. Себеби Аллах койбогон себепти себеп деп ишенүү – чоң күнөө.
3) Эгер адам бул нерсеге ишенбесе, бирок баары бир деле жүрөгүндө “балким пайда-зыян болуп калышы мүмкүн” деген күмөн калса – бул дагы күнөө, себеби ширктен толук кутулбаптыр.
Бардык ааламдын Башкаруучусу жана Падышасы – бир гана Аллах. Аллахтан башка эч ким бул ааламды башкарбайт, Анын шериги жок!
Аллах бул дүйнө мыйзамдарына – баланча катты таркатпаса балээ болот, кара мышык өтүп кетсе кырсык болот – деген нерселерди койгон эмес. Ушундай экенин же шариат (Куран-Хадистер) тастыктабайт, же дүйнө илимдери (физика, химия ж.б.) тастыктабайт. Бул жөн гана жалган.
?Канча деген адамдар бар, аларга ушундай кат келгенде өчүрүп салышкан, ыргытып жиберишкен – кийин алар менен эч нерсе болгон жок. Канча деген адамдар бар, катка ишенип таркатып жиберишти эле – эч кандай жакшылык деле, байлык деле келген жок!
Шариат мындай ырым-жырымдарга ишенбөөнү буюрат.
❗ Баланча деген катты жибербей койгон үчүн же шыпыргыны тик коюп койгон үчүн балээ келбейт. Жок.
⚡ Кырсык жана балээлер – адам өзү жасаган күнөөлөрү үчүн келет.
Аллах Таала айтат: Силерге кандай гана кыйынчылык жетпесин, ал – колуңар жасаган [күнөөлөр] себептүү… (Куран, аш-Шуура 42:30)
Сага кандай гана жакшылык жетпесин, ал – Аллахтан. Сага кандай гана жамандык жетпесин, ал – өзүңдөн (Куран, ан-Нисаа 4:79)
⚡ Ошондуктан Аллах Таала айтат: Силердин ырым-жырымыңар өзүңөргө (Куран, ЙаСин 36:19).
Абдуррахман ибн Хасан Алу Шейх бул аяттын тафсиринде айтат:
“Жамандык адамга – ырым-жырымга ишенгендиги үчүн, куфр кылганы үчүн, жакшылыкка чакыруучунун кеңешин укпай койгону үчүн – жетет. Бул балээ бир гана өздөрү кылган зулумдук жана душмандык себептүү. Аллахтын тагдырында – адилеттүүлүк жана даанышмандык менен – ушинтип жазылган эле. Валлаху аълям!”
?Булак : (Фатх аль-Мажиид, Баб ат-Татаййюр)
© ИсламЖолу — сахабалардын жолу