🌹 Айыз учурунда аялдын орозосу

🌺 Аял этек кири келген учурда орозо кармабайт. Орозо кармаса да кабыл болбойт. Айлык цикли келген аялга жана төрөт канын көргөн аялга – Аллах Таала намаз окубоого жана орозо тутпоого уруксат берди.

Каны токтогон соң – орозосун жана намазын кайта баштайт. Бирок, орозодо калтырган күндөрү “карыз” деп эсептелет, аны Рамазандан кийин толуктап, кармап берүүгө тийиш. Ал эми айыз себептүү намазын калтырган күндөрү ага “карыз” деп жазылБайт, аны толуктап берүү милдет эмес.

Айыз келгенде орозо кармоонун өкүмү – арам, чоң күнөө.

Айызы келген аял Рамазандын күндүзү кадимкидей тамак жей алат, суу иче алат. Себеби ага уруксат. Бир гана башка адамдар “орозосун кармабайт экен” деп туура эмес ойлоп калуу коркунучу болсо – алардын көзүнчө тамак жеш жакшы эмес.

══════ ❁✿❁ ══════

Заманбап аалымдарынын бири, “Чоң аалымдар Уюмунун” мүчөсү, “Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитеттин” мүчөсү — Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

«Айызы жана нифасы келген аялга орозо тутуу болБойт. Бул тууралу Айша (Пайгамбарыбыздын ﷺ жубайы) айтат: “Биз [айыз учурунда] орозону [токтотуп, кийин анын] карызын тутуп берүүгө буйрулдук” (Бухари; Муслим).

Айызы келген аялга орозо тутуу – арам. Бардык уламалардын бир ооздон пикири (ижмаъ) ушундай»

Булак: http://www.alfawzan.af.org.sa/node/14901

© ИсламЖолу — жаңы баштоочуга

Share

You may also like...

Добавить комментарий