Исламдын учурашуусу

Ар бир коомдун өзүнө тиешелүү болгон учурашуу адеби бар. Мусулмандардын учурашуу сөздөрү – “ас-Салааму алейкум”. Бейиште да адамдар ушинтип учурашышат.

Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбызга ﷺ бир киши келип, көнүп калган салты боюнча “Кутмандуу таңыңыздар менен!” деп учурашат. Аллахтын Элчиси ﷺ ага айтты: “Аллах бизге сен айткан сөздөрдөн да жакшыраак сөздөрдү берип, ал аркылуу бизди урматтуу кылды. Бейиш ээлеринин учурашуусу болгон «ас-Салааму алейкум» деген сөздөрдү берди.” (ат-Табарани “Кабир”: 17/60)

? ас-Салааму – (السلام) тынчтык, бейкуттук дегенди билдирет.

? ас-Салааму – Аллахтын 99 ысымынын бирөөсү. Мааниси: кемчиликтерден таза Зат. Аллах — тычтыктын, аманатчылыктын, саламатчылыктын негизи. Анын дининин аты – Ислам. Исламды тутунган адам – мусулман. Ким Ислам менен жашаса бул дүйнөдө саламатчылыкта, тынчтыкта жашайт, ал эми акыретте Бейишке кирет.

? ас-Салааму – Бейиштин бир аталышы.

Исламдагы учурашуу адеби

Мусулмандардын учурашуу сөздөрү
“ас-Салааму алейкум” (Сизге тынчтык болсун! Сизди Аллах коргосун! Сизге Бейиш болсун!)

Бул учурашууга жооп берилет:
“Ва алейкум ас-Салааму” (Сизге да тынчтык болсун!)

Эгер салам берген киши учурашуунун узунураак формасын айтса “ас-Салааму алейкум ва рахматуллаахи ва барокаатуху” (Сизге тынчтык, Аллахтын мээрими жана берекеси болсун!) деп, ага узунураак формада жооп берилет
“Ва алейкум ас-Салааму ва рахматуллаахи ва барокаатуху”

Эркектер да, аялдар да “ас-Салааму алейкум” деп учурашышат.

Көрүшкөндө да, коштошкондо да “ас-Салааму алейкум” деп айтылат.

ас-Салам алейкум деп учурашуунун сооптору 

Пайгамбарыбыз алейхи солату васаллам айтты:

“Аллахка эң сүйкүмдүү адам [жолукканда] биринчи салам бергени” (Абу Дауд: 5197)

“Мусулмандын мусулманга беш акысы бар: салам берсе жооп берүү, ооруса зыярат кылуу, өлсө жаназасына туруу, чакырса жооп берүү, чүчкүрсө (йархамукаллааху деп) дуасын айтуу” (Бухари; Муслим)

“ас-Салааму алейкум” – он сооп
“ас-Салаам алейкум ва рахматуллахи” – жыйырма сооп
“ас-Салааму алейкум ва рахматуллаахи ва барокаатуху” – отуз сооп
(Абу Дауд: 5159; Тирмизи: 2689)

? ИсламЖолу ~ жаңы баштоочуга

www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий