Никеге тиешелүү айрым терминдер

? #АКЫЙКА – перзент төрөлгөндө Аллахка шүгүр ирээтинде курмандык сою: эркек уул үчүн 2 кой, кыз бала үчүн 1 кой. Курмандык Аллах үчүн, Аллах ыраазы болсун деп союлат. Этин садака кылса же өзүнө калтырса же конокко берсе болот.

? #ВАЛИМА – нике тою. Нике кыйылгандыгы себептүү, эки жубайдын ортосундагы мамилелер мыйзамдуу болгондугун жарыялоо үчүн уюштурулган тамак. Күчү жеткен киши бир кой болсо да союп той берип коюшу керек.

? #ВАЛИЙ – аялды күйөөгө берүүгө укуктуу, балагатка жеткен, мусулман, акылы бар эркек: атасы, баласы, бир тууган байкеси-иниси ж.б. Эч кимиси жок болсо султан валий болот.

? #МАХР – нике үчүн эркек тараптан аялга берилчү белек. Калымдан айырмаланып махр кыздын өзүнө берилет. Махрдын баасын жана чегин эч ким чектей албайт, бирок азыраак махр талап кылган аялдын жашоосунда береке болот. Махрды бир гана акчалай эмес, бирок зергер, кийим-кечек ж.б. а түгүл пайдалуу кызмат менен алса болот.

? #НИКАХ – нике кыюу, аялга үйлөнүү. Аялга адал жол менен жакындоо, андан балалуу болуу ж.б. максаттар үчүн аял менен болгон келишим. Нике эки тараптын макулдугу менен, кеминде эки чынчыл күбөнүн астында, валийдин уруксаты менен дурус деп эсептелет. Никенин парздарынын бири кызга махр төлөнүүсү.

⚡ #ТАЛАК – ажырашуу; нике келишимин жокко чыгаруу. Талак берилген соң дароо ажырашуу болбойт, бирок аял идда мөөнөтүн күтөт. Идда учурунда күйөөсү аялын кайтарып алууга укугу бар. Талакты эркек киши берет. Талакты үч ирээт гана берсе болот. Эки жолу берилгенден кийин, ар бир жолкусунда күйөөсү аялын кайта кайтарып алууга укугу бар. Бирок үчүнчү жолу талак берсе, аялы башка күйөөгө тийип, жашап чыкмайынча аялына кайта үйлөнө албайт.

? #ТАХНИК – таттуу бир нерсени чайнап, аны жаңы төрөлгөн баланын оозуна салуу, ооз көңдөйүн ошол нерсе менен сүртүү. Перзенттин аш-казанын иштетүү, ага күч берүү үчүн кылынат. Тахникти курма менен, ал болбосо башка бир таттуу азык менен (бал ж.б.) кылуу жакшы.
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий