Үй-бүлө жоопкерчилиги

 

Аллах Таала айтты:
«О, ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктун отунан коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан. Үстүндө болсо, Аллах буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат!» ? (Куран, ат-Тахрим 66:6)
Шейх Ибн аль-Усеймин айтты:

? Силерге берээр насаатым, айрыкча үй-бүлөлөрү барлар, үй-бүлөңөрдү сактагыла… Балдарыңарды: эркектерин жана кыздарын. Аларды көзөмөлгө алып, обу жок базарларда жүрүүлөрүн, кинотасмаларды көрүүлөрүн жана ушуга окшош нерселерден тыйууңар керек.

Силер алар үчүн сураласыңар. Буга далил Куран жана Сүннөт.
☘ Аллах таала айтат: “О, ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктун отунан коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан. Үстүндө болсо, Аллах буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат!» (Куран, ат-Тахрим 66:6)

Алардын мүнөздөрү орой, денелери күчтүү. “Аллах буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткарышат”. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Эркек өз үй-бүлөсүнүн койчусу, ал өзүнүн кол астындагыларга жоопкер. Аял күйөөсүнүн үйүндө койчу, ал өзүнүн кол астындагыларга жоопкер” (Бухари: 7138; Муслим: 1829)

Балдарыңа мал-мүлккө караганданда көбүрөөк көңүл бур. Эгер сен мал-мүлкүңдү көзөмөлдөп, аны сактасаң – ал сениң өмүрүңдө жок болот, же сен өлгөндөн кийин мурас болуп калып кетет. Бирок балдарың айтылган мисалдын тескериси болот. Эгер Аллах аларды ондосо, соолих болгондуктары учун сооп аласын, аларга жакшылыктын жолчусу болосуң.

? Пайгамбарыбыздын ﷺ айтканына кулак сал: “Адам өлгөндө, үчөөнөн башка бүт амалдары токтойт: жүгүрүп туруучу садака, пайдалуу илим жана ага дуа кылып туруучу солих-такыба перзент”.

? https://www.youtube.com/watch?v=VHnlOUymFs0

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий