? Кудай тобо! Жыйырмадан ашык балдарды тарбиялоо ыкмалары турса көпчүлүк адамдар үчөөнү гана колдонушат: баласына буйрук берет, укпаса кыйкырат, ката кетирсе жемелейт.
? Балаңызга кечке эле буйрук бере бербей, андан суранып да туруңуз. Сиздин алдыңызда ал өзүн урматтуу, чоң кишидей сезсин.
? Эмгекке баланы тарбиялоо:
1.Сизди иштегениңизди көрсүн
2.Кызыксын
3.Жумушту үйрөтүңүз
4.Бир бөлүгүн өз алдынча аткарсын
5.Мактап коюңуз
? Кичинекей балдарды 10 жашка чейин көп урушпаңыз. Аларга карата «жаман» деген сөздү да колдонуудан сактаныңыз.
? Балдарды тарбиялоо алар тууралуу жакшы ой-пикирде болуудан башталат. «Эч нерсе колунан келбейт, жалкоо, сөз укпайт» десеңиз ошондой болот да!
? Ата-эне уктап жаткан бөлмөгө эртең менен жана кечинде уруксат сурап кирүүсүнө баланы тарбиялоо зарыл. Бул тууралуу Куранда, 24-сүрө 58-аятта айтылган.
? Балаңызга Куран үйрөтүңүз, Куран баарын балаңызга үйрөтөт.
Кененирээк билгиңиз келсе:
- Балдарды тарбиялоо үчүн ата-энеге 10 насаат — Шейх Абдурразак аль-Бадр.
- Жаш балдарды намазга тарбиялоо канча жаштан башталат? — Шейх С.Рухейли
- Балдарды бала-бакчага берип коюу тарбия үчүн жетиштүүбү? — Шейх аль-Фаузан
- Балдарды тарбиялоо тематикасындагы бардык макалалар.
© ИсламЖолу
Сиздердин берген кенешиниздерге чон рахмат! Аллах ыраазы болсун