Жалган хадис таркатпаңыз — Муфтий Ибн Баз

Муфтий Шейх Абдулазиз ибн Баз жалган хадис жана аларды таркатуу боюнча айтты:

? Бухари жана Муслимдин хадис жыйнактарында Алиден хадис келет. Ал Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты дейт: «Менин атыма жалган айтпагыла. Ким менин атымдан жалган айтса – Тозокко кирет».

? Абу Хурайрадан риваят Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты дейт: «Ким менин атымдан атайылап жалган айтса – өзүнүн ордун Тозоктон издей берсин». Бул хадис дагы Бухари жана Муслимде келтирилет.

⚡ Мугира ибн Шуъба риваят кылат Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: «Менин атымдан жалган айтуу башка бирөөнүн атынан жалган айтууга тете эмес. Ким менин атымдан атайлап жалган айтса – өзүнүн ордун Тозоктон издей берсин». (Бухари, Муслим)

? Самира ибн Жундуб айтат Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: «Ким менин атымдан хадис айтса жана ошол хадис жалган экенин билип турса – ал жалганчылардын бирөөсү экен» (Муслим). Ан-Навави айткандай “ошол хадис жалган экенин БИЛИП турса” же жок дегенде “ошол хадис жалган деп ОЙЛОСО” деп эки вариант менен окуса болот.

 

⚠ Жогорудагы хадистер Пайгамбардын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) атынан жалган сөз айтуу арам экендигин көрсөтөт. Калп экендигин билген болсо же жок дегенде ал калп болуш керек деп күмөндөнсө да – ал нерсени башкаларга хадис деп айтуу – арам иш. Эгер башкаларга таркаткан болсо – ал хадис заиф же жалган экендигин – кошо эскертип коюш керек.

 

Булак: шейхтин расмий сайты
http://www.binbaz.org.sa/article/560

? Шейх Абдулазиз Ибн Баз (1910-1999-ж.ж.)
Сауд Аравиясынын мурдакы муфтийи
“Фетва Берүү боюнча Туруктуу Комитеттин” төрөгасы
“Чоң аалымдар Кеңешинин” төрөгасы
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий