Намаз окуп, орозо кармап, бирок тозокко түшүп калуу мүмкүнбү?

СУРОО. Намаз окуп, орозо кармап, бирок тозокко түшүп калуу мүмкүнбү?

ЖООП. Шейх Солих ас-Сухейми айтты:

Өтө пайдалуу жана маанилүү суроо! Аллахка жана Пайгамбарга ыйман келтирдик деп, бирок ошол эле учурда Аллах Таалага шерик кошкон көптөгөн адамдар бар.

Алардан көпчүлүгү Аллахка мушрик болгон абалда ыйман келтиришет” (Юсуф 106.)

Оо карындашым, сен, кабырлардын жанында колдорун көтөрүшүп ал жерде жаткан өлүктөрдөн жардам сурашып, истигоса (кайгы, кыйынчылыктардан куткарууну талап) кылышып, ошол эле учурда намаз окушкан, орозо кармашкан, зекет беришкен, Куран окушкан адамдарды көрдүң беле?

❌ Ошондой адам мусулман боло алабы? Ыя!? Аллах менен касам ичем – андай адам мусулман боло албайт!

Аллах Тааланын гана колунан келе турган нерселерди башкалардан сурагандарды көрдүңөр беле? “Оо, баланча, мага жардам бер”. Мейли ал тирүү болсон, өлүк болсун. Ошол эле учурда ал намаз окуйт, орозо кармайт, башка сооп амалдарды аткарат жана “Ля Иляха Илля Аллах” келимени миң жолудан кайталайт!

⁉ Силерге суроо, ошондой адам момун боло алабы? Аллах менен касам ичем – андай адам мусулман боло албайт!

Көп намаз окуп, орозо кармап, башка сооп амалдарды жасап, бирок өлүктөрдү Аллах Тааланын алдында ортомчу кылып, аларга курмандык чалышкан адамдарды көрдүңөр беле? Ушундай адам мусулманбы?

Өзүнү Исламга таандык кылып, бирок Аллах, Анын элчисин жана Куранды шылдыңдагандарды көрдүңөр беле? Ушундай адам мусулман боло алабы?

Аллах менен касам ичем! Мусулман боло албайт!

?Бул жөн гана куру сөз… Сен аларды текшерип көрчү.: “Аллахтан башкага курмандык чалуунун шарият өкүмү кандай?”, “Аллахтан башкага нүзүр берүүнүн шарият өкүмү кандай?”,“Аллахтан башкага дуа кылуунун шарият өкүмү кандай?” деп сурап.
“Аллахтан башкадан таяныч жана жардам суроо шарият өкүмү кандай?”,“Аллахтын гана кудуретиндеги нерсени башкадан суроо өкүмү кандай?” деп сурап…

 

⚠ 3-4 саат намаз окуп, андан кийин бир мүрзөгө келип: “Оо, баланча, мага жардам бер! Оо, баланча, менин муктаждыктарымды чеч” – деген адамды элестеткиле.

Бекем ийрип, орогон соң, ийигин сындырып (жибин чубап) салган аялга окшобогула” (Ан-нахл 92)
Таухидке жеңил карап, ага тиешелүү түрдө көңүл бурбагандар – Таухидди түшүнүшпөптүр. Жана көпчүлүк мусулмандардын Таухид маселесиндеги абалын түшүнүшпөптүр.

Пайгамбарыбыз (алейхис-солаату уас-салаам) айткан: “[Адамдар кайрадан] Ал-Лат жана Аль-Уззага сыйынмайынча Кыямат Күнү болбойт” ? (Фатх аль-Бари: 6699; Муслим: 2907)

Жана айтты: “Менин үммөтүмдүн ичинен кээ бир уруулары мушриктерге кошулуп [буттарга сыйынып баштамайынча] Кыямат болбойт.” ? (Абу Дауд: 4252; Ибн Мажа: 3952; Шейх Альбани хадистин сахихтигин тастыктады “Сахих аль-Жамиъ”: 1773)

Жана айтты: “Силерге чейинки коомдордун адатын Сөзсүз турдө кулачма-кулач, карышма-карыш ээрчийсиңер. Жада калса алар кескелидириктин уясына кирмек болушса да, аларды сөзсүз ээрчийсиңер”. Анда “Оо, Аллахтын элчиси! Сен христиандар менен жөөттөрдү айтып жатасыңбы?” – деп сурашты. Ал (алейхис-солаату уас-салаам): “Алар болбосо ким анан?!” – деди. ? (Бухари: 7320; Муслим: 2669)
⚡ Аллах менен касам ичем туугандарым! Азыр эле Пайгамбарыбыздын мечитинде аялдардын “Оо, Пайгамбар, мага жардам бер! Оо, Пайгамбар, мага таяныч бол” деген кыйкырыктарын уктук.

Бул ачык-айкын ширк. Мындай абалда өлгөн адамды Аллах кечирбейт! “Алардан көпчүлүгү Аллакака мушрик болгон абалда ыйман келтиришет” (Юсуф 106)

Мусулмандар бөлүнүп жарылуусунун бирден бир себеби – Таухидде алсыз болуп, аны ишке ашырбай, анын камын көрбөй жаткандыгында!

Ал эми кээ бир түз жолдон адашкан агымдардын: “Пикирибиз келишкен маселелерде кызматташа беребиз, ал эми пикир келишпеген маселелерде бири-бирибизди кечиребиз” – деген сөздөрү эч эле Исламдын принциптеринен эмес, тескерисинче, ал массондордун сөздөрү.

Эч эле Исламдын принциптеринен эмес. Эмне?! Бири-бирибизди ширк амалдарыбызга көз жумайлыбы? Бир адамдын Аллахтан башкага дуа кылып жатканын көрүп унчукпай коелубу?! “Жок, келишпестиктерге барбайлы, сен туура эле кылып жатасың” – деп коюш керекпи?! Ушул туура болобу?! Аллах менен касам ичем, албетте бул туура эмес!

Ушул пайдалуу суроону береген карындашыбызга Аллах ыраазы болсун. Жана ушул жоопту башка эже-карындаштарга жеткирүүсүнө үмүт этем.

ИсламЖолу: https://www.youtube.com/watch?v=sIhfbCXRrUk

Share

You may also like...

Добавить комментарий