Динимде кантип бекем боло аламын?

Суроо:

Динге бекем болууга кандай жолдор бар?

Жооп:

Муфтий Шейх Ибн Баз айтты:

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен, бүткүл мактоолор бир гана Аллахка болсун, жана пайгамбарыбыз Мухаммедке, анын үйбүлөөсүнө, анын сахабаларына жана анын жолунда болгондорго Аллахтын саламы жана салаваттары болсун.

Андан соң:

Динге бекем болуунун эң чоң жолдору: Аллах Тааладан тиленүү, Андан түз жолго бекем кылуусун жана туура жолго баштоосун сурануу керек.

Өзгөчө дуалар жооп берилчү маалда кайрылуу керек, алар: түндүн акыркы бөлүгү, азан менен коматтын ортосу, сажда кылуу маалда, жана жүма күндүн акыркы саатында күн батканга чейин. Мына ушул убакыттар дуага жооп берилчү убакыттар болуп эсептелинет, эгер чындап ошол убакытты күтүп, жума күнү асыр убактысынан баштап шам намазын күтүп дуа кылган болсо.

Ошондой эле түз жолдо бекем болуунун жолдору — напси менен күрөшүүдөгү сабырдуулук, Аллах Таалага моюн сунууда бек туруу жана күнөөлөрдөн алыс болуу.

Жана ошондой эле түз жолдо болуунун себеби, бул — жакшы жоро-жолдош күтүп, жаман достордон алыс болуу. Мыны ушул себептер аркылуу Аллах Таала өзүнүн пендесин түз жолго бекем кылат. Баарыңарга Аллах Тааланын жакшылыгы болсун.

Булак: [http://ibnbaz.org.sa/audio/noor/088501.mp3]

◉ Ислам жолу

Share

You may also like...