Абу Толиб өлүм алдында жатканда Аллахтын Элчиси ﷺ ага келет. Анын жанында Абдуллах ибн Аби Умейй жана Абу Жахл бар экен.
Пайгамбар ﷺ ага: *«О, абам! Ля иляхя илляЛлаху дечи! Бул келиме менен Аллахтын алдында [Кыямат Күнү] сенин таламыңды талашайын»,* — деп айтат. Тиги экөө болсо: “Абдуль-Муттолибдин дининен баш тарткың келеби?!”, — деп айтышат. Пайгамбар ﷺ канча жолу өзүнүн суранычын кайталаса, тиги экөө да ошончо өзүлөрүнүкүн кайталаганы кайталаган. Акыры Абу Толиб: “Абдуль-Муттолибдин дининде калдым” деп, Ля иляха илляЛлаху таухид келимесин айтуудан баш тарткан болот.
Анда Пайгамбар ﷺ: *«Мага тыюу келмейинче сен үчүн истигфар кыла берем»,* — дейт. Ошондо Аллах Таала *«Мушриктердин күнөөсүн сурап дуба кылуу пайгамбар менен ыймандуу адамдарга – эгер ал (мушрик) жакын тууганы болсо да – эч мүмкүн эмес, алардын тозоку болгону маалым болгондон кийин»* (Куран, ат-Тауба 9:113), — деген аят түшүрөт.
Ал эми Абу Толибдин акысында *«Сен өзүң сүйгөн адамдарды Туура Жолго баштай албайсың. Бирок, Аллаh гана Өзү каалаган адамын Туура Жолго баштайт. Туура Жолго ылайыктарды Анын Өзү жакшы билет»* (Куран, аль-Касас 28:56), — деген аят түшүрөт”
📍 (Бухари: 1360; Муслим: 24).
💡 *БУЛ ОКУЯДАН АЛЫНГАН САБАКТАР:*
- Хадисте мушрик Исламды кабыл кылат
деген үмүт болсо, аны зиярат кылуу болот экендигине далил бар.
- Адам үчүн жаман достун зыяны канчалык
экендиги. Абу Толиб мушриктер менен достошуп жүрчү.
- Ля иляхя илляЛлаху келимесинин мааниси
жалган иляхтарды, буттарды таштоо экендиги; жана бул маанини араб-мушриктер
жакшы билишкен экендиги. Абу Толиб бул келимени айтуу менен бардык жалган
иляхтарды ташташ керек экендигин түшүнүп турду.
- Эгер тууганы ширк же куфрда өлсө –
Аллахка кайрылып ал үчүн истигфар кылуу (күнөөсүн кечирилишин суроо) болбойт
экендиги. Аллах ширкти кечирбейм деп алдын ала айтып койгон.
- Хадисте Пайгамбар ﷺ башка бирөөгө пайда же зыян жеткизе алат деп ишенип,
Пайгамбарга ﷺ же олуяларга сыйынгандарга жооп бар. Өз бир тууганы Абу Толибке
жардам бере алган жок, демек башкасын анда айтпай эле коёлу. Бардык иш – бир
гана Аллахтын колунда!
- Хадисте Абу Толиб каапыр болуп өлгөнүнө
далил бар.
- Хадисте ата-бабалардын салтын же урматтуу адамдардын сөзүн сокур түрдө ээрчип, Курандан келген далилдерди таштаган адамдарга эскертүү бар.
📚 *КОЛДОНУЛГАН БУЛАК:*
- Китаб ат-Таухид
- Муляххас фи Шарх Китаб ат-Таухид – Шейх Солих аль-Фаузан
@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram