ар-Раззак (الرَّزَّاقُ) — Ырыскы берүүчү

🌱 Аллахтын ысымдары өтө керемет. Бардыгы көркөм, сулуу, жакшы. Бардыгынын мааниси терең.

Аллахтын ысымдарынын бири ар-Раззак (Ырыскы берүүчү). Бул ысымдын мааниси кандай?

Аллах сен төрөлө электе эле ырыскыңды белгилеп койгон, эч кам санаба!

Аллах Таала айтты:

» وَ إِنْ خِفْتُمْ عِيْلَةً فِسَوْفَ يُغْنِيكُمُ اللهُ مِنْ فَضْلِهِ إِنْ شَاءَ إِنَّ اللهَ عَلِيمٌ حَكِيمٌ «.
Эгер (жетишпестиктен) корксоңор, Аллах кааласа, жакында Өз пазилети менен силерди муктаждыктан куткарат. Албетте, Аллах Билүүчү, Даанышман” (Куран, ат-Тауба 9:28)

» وَ مَا مِنْ دَآبَّةٍ فِي الْأَرْضِ إِلَّا عَلَى اللهِ رِزْقُهَا وَ يَعْلَمُ مُسْتَقَرَّهَا وَ مُسْتَوْدَعَهَا كُلٌّ فِي كِتَابٍ مُّبِينٍ «.
Жер бетинде (суу түбүндө аба мейкиндигинде) кыбырагандын баарынын ырыскысы Аллахтын кепилдигинде. Ал алардын жатар жерин дагы бараар жерин дагы билет. Бардыгы ачык-айкын Китепте (Лавлул-Махфузда жазылган)» (Куран, Худ 11:6)

» وَ يَا قَوْمِ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ ثُمَّ تُوبُوا إِلَيْهِ يُرْسِلِ السَّمَاءَ عَلَيْكُم مِّدْرَارًا وَ يَزِدْكُمْ قُوَّةً إِلَى قُوَّتِكُمْ وَ لَا تَتَوَلَّوْا مُجْرِمِينَ «
О, Коомум! (Өткөндөгү күнөөңөргө) Раббиңерден кечирим сурап тоооба кылгыла! (Ошондо) Ал үстүңөрө нөшөрлөгөн (берекелүү) жамгырларды жиберет, кубатыңарга кубат кошот. (Ыйманга келгиле!) Күнөөкөр болуп тескери баспагыла!” (Куран, Худ 11:52)

» وَ إِنْ مِّنْ شَيْءٍ إِلَّا عِنْدَهُ خَزَاءِنُهُ وَ مَا نُنَزِّلُهُ إِلَّا بِقَدَرٍ مَّعْلُومٍ «
Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) тушүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз” (Куран, Хижр 15:21)

» مَنْ كَانَ يُرِيدُ الْعَاجَلِةَ عَجَّلْنَا لَهُ فِيهَا مَا نَشَاءُ لِمَنْ نُرِيدُ ثُمَّ جَعَلْنَا لَهُ جَهَنَّمَ يَصْلَاهَا مَأْذُومًا مَدْحُورًا «
Кимде-ким тез өтүүчү (дүйнө)нү кааласа, Биз анда (дүйнөдө) каалаган адамыбызга, каалаган нерсебизди ал үчүн тездетип беребиз. Кийин (Акыретте) ага жек көрүлгөн, шерменде абалында таштала турган тозокту (насип) кылабыз”. (Куран, Исраа 17:18)

» أُنْظُرْكَيْفَ فَضَّلْنَا بَعْضَهُمْ عَلَى بَعْضٍ. وَ لِلْأَخِرَةِ أَكْبَرُ دَرَجَاتٍ وَ أَكْبَرُ تَفْضِيلًا «
Карачы, Биз (дүйнө адамдардын) бирөөлөрүн башкаларынан кантип абзел-пазилеттүү кылып койдук. Бирок, акыреттик пазилет менен(акыреттик) даражалар чоңураак”. (Куран, Исраа 17:21)

يَا أَيُّهَا الرُّسُلُ كُلُوا مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَ اعْمَلُوا صَالِحًا إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ «
О, пайгамбарлар! Таза-пакиза ырыскылардан жегиле жана салих амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн”. (Куран, аль-Муьминун 23:51)

» وَ كَأَيِّنْ مِّنْ دَآبَّةٍ لَا تَحْمِلُ رِزْقُهَا اللهُ يَرْزُقُهَا وَ إِيَّاكُمْ وَ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ «
(Ааламда) өз ырыскысын таба албаган нечен-нечен жаныбарлар бар. Аларга да, силерге да Аллах ырыскы берет. Ал- Угуучу, билүүчү” (Куран, аль-Анкабут 29:60)

» مَا يَفْتَحِ اللهُ لِلنَّاسِ مِنْ رَحْمَةٍ فَلَا مُمْسِكَ لَهَا وَ مَا يُمْسِكْ فَلا مُرْسِلَ لَهُ مِنْ بَعْدِهِ وَ هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ . يَا أَيُّهَا النَّاسُ اذْكُرُوا نِعْمَةَ اللهِ عَلَيْكُمْ هَلْ مِنْ خَالقٍ غَيْرُ اللهِ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَ الْأَرْضِ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ فَأَنَّى تُؤْفَكُونَ «
«Аллах адамдар үчүн ачып койгон ырайымды эч ким кармап кала албайт. (Ошондой эле) Аллах кармап калган нерсени, Андан эч ким жибере албайт. Ал Кудуретүү, Даанышман. О, адамдар! Аллахтын берген неематын (көп) эстегиле! (Антпегенде) асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле? Андан башка сыйынууга ылайыктуу зат жок: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп бара жатасыңар«?! (Куран, аль-Фаатир 35:2-3)

» وَ لَوْ بَسَطَ اللهُ لِعِبَادِهِ الرِّزْقَ لَبَغَوْا فِي الْأَرْضِ وَ لَكِنْ يُنَزِّلُ بِقَدَرٍ مَا يَشَاءُ إِنَّهُ بِعِبَادِهِ خَبِيرٌ بَصِيرٌ «
Эгер Аллах пенделерине ырыскыны кенен берсе, алар жер бетинде зулумдука берилип кетишмек. Бирок Өзү каалаган өлчөмдө тушүрөт. Ал Өз пенделерин(ин табиятын) Көрүүчү (жана) Кабардар” (Куран, аш-Шуура 42:27)

وَ مَا أَصَابَكُمْ مِّنْ مُّصِيبَةٍ فَبِمَا كَسَبَتْ أَيْدِيكُمْ وَ يَعْفُو عَنْ كَثِيرٍ «
Силерге жеткен ар бир балее-апаат өз кылмышыңар себептүү. Аллах көпчүлүктөн күнөөсүн кечирет” (Куран, Шувра 42:30)

» فَقُلْتُ اسِتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ إِنَّهُ كَانَ غَفَارًا . يُرْسِلِ السَّمَاءَ عَلَيْكُمْ مِدْرَارًا . وَ يُمْدِدْكُمْ بِأَمْوَالٍ وَ بَنِينَ وَ يَجْعَلْ لَّكُمِ جَنَاتٍ وَ يَجْعَلْ لَّكُمْ أَنْهَارًا «
Анан мен аларга (мындай) дедим: “Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү! Силерге асмандан себелеген жамгыр жиберет. Жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бак-бостондоду жана (соолубас) дарыяларды берет”. (Куран, Нух 71:10-11-12)

» لَقَدْ خَلَقْنَا الإِنْسَانَ فِي كَبَدٍ «
Биз инсанды машакатка жараттык”. (Кураан, Балад 90:4)

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رسول الله صلى الله عليه و سلم : » مَنْ كَانَتِ الْلآخِرَةُ هَمَّهُ جَعَلَ اللهُ غِنَاءَهُ فِي قَلْبِهِ ، وَ جَمَعَ لَهُ شَمْلَهُ ، وَ أَتَتْهُ الدُّنْيَا وَ هْيَ رَاغِمَةٌ ، وَ مَنْ كَانَتِ الدُّنْيَا هَمَّهُ جَعَلَ اللهَ فَقْرَهُ بَيْنَ عَيْنَيْهِ ، وَ فَرَّقَ عَلَيْهِ شَمْلَهُ ، وَ لَمْ يَأْتِهِ مِنَ الدُّنْيَا إِلَّا مَا قُدِّرَ لَهُ «.

Анас ибн Малик (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын элчиси
صلى الله عليه و سلم айтты дейт:
«Кимдин ой-санаасы Акырет болсо — анын байлыгын Аллах жүрөгүндө кылат, иштерин ирээтке келтирет жана анын артынан дүйнө багынган абалда өзү ээрчийт. Ал эми кимдин ой-санаасы дүйнө болсо — Аллах аны маңдайына кедейликти коюп койот, иштерин тартипке алып келбейт жана дүйнөдөн ага тагдырына жазылган нерсесин гана алат» (Тирмизи: 2465)

🔖 https://t.me/islamjolu/3320

@ИсламЖолу

Share

You may also like...