Аялдын милдеттери

1- Күйөөсүнө баш ийүү

 Аллах Таала айтты:

الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاء بِمَا فَضَّلَ اللّهُ بَعْضَهُمْ عَلَى بَعْضٍ وَبِمَا أَنفَقُواْ مِنْ أَمْوَالِهِمْ

«Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу. Бул – Аллах бирин экинчисинен (күч-кубатта, акылда, сабырда) абзел-жогору кылганы жана өз (эмгеги менен тапкан) мал-мүлктөрүнөн (аялын, үй-бүлөсүн) каржылаганы себептүү» (Куран, ан-Ниса 4:34).

 Аллах Таала айтты:

وللرجال عليهن درجة

«Эркектер аялдардан бир даража жогору турушат» (Куран, аль-Бакара 2:228).

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты:

  “Эгер аял беш убакыт намазын окуса, орозо айын тутса, уяттуу жерин арамдан сактаса жана күйөөсүнө моюн сунса – ага айтылат «Бейиштин [сегиз] эшигинин каалаганынан Бейишке кире бер!», — деп” (Ибн Хиббан: 1296; Сахих аль-Жами’: 660).

Хусайн ибн Михсан (радияЛлаху анху) айтат: Мага эжем айтып берди: “Күндөрдүн биринде мен Расулаллахка ﷺ бир муктаждыгым менен бардым эле. Ал: «Күйөөң барбы?», — деп сурады. Мен: “Ооба”, — дедим. Ал: «Аны менен мамилең кандай?», — деп кайра сурады. Мен: “Күчүм жеткен нерселердин баарын кылып жатам”, — дедим. Ошондо Пайгамбар ﷺ айтты: «Жакшылап көңүл бур! Ага жетиш сага кайда! Чындыгында, ал сенин Бейишиң же Тозогуң» (Ахмад: 4/341; Хаким: 2/189; Табарани “аль-Аусат”: 1/170. Хафиз аль-Мунзири жана шейх аль-Альбани хадистин сахихтигин тастыкташты).

Пайгамбар ﷺ айтты:

 “Угуу жана баш ийүү бул милдет, бирок күнөөгө буйрук бергенде эмес” (Бухари: 2955, 7144; Муслим: 1840).


2- Күйөөсүнүн уруксаты жок – үйдөн чыкпоо, уруксаты жок бирөөнү киргизбөө.

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты:

لَا يَحِلُّ لِلْمَرْأَةِ أَنْ تَصُومَ وَزَوْجُهَا شَاهِدٌ إِلَّا بِإِذْنِهِ، وَلَا تَأْذَنَ فِي بَيْتِهِ إِلَّا بِإِذْنِهِ، وَمَا أَنْفَقَتْ مِنْ نَفَقَةٍ عَنْ غَيْرِ أَمْرِهِ، فَإِنَّهُ يُؤَدَّى إِلَيْهِ شَطْرُهُ

Аял киши күйөөсү жанында болгондо анын уруксаты жок (напил) орозо кармоосу болбойт. Бирөөнү анын уруксаты жок үйгө киргизүүсү болбойт. Анын буйругу жок бир нафака (садака) берсе, анын (сообунун) жарымы күйөөсүнө жазылат” (Бухари:5195; Муслим: 1026).


3- Үйдү кароо, сактоо, балдарды тарбиялоо, өзгөчө күйөөсү жокто.

 Аллах Таала айтат:

   «Жакшы (солих) аялдар – (күйөөлөрүнө) моюн сунуучу жана Аллах сактаганы себептүү, күйөөсү жок мезгилдерде, тиешелүү нерселерди (б.а. аял өзүн жана күйөөсүнүн мал-мүлкүн) сактоочулар» (Куран, ан-Ниса сүрөсү 4:34).

 Жабир (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты:

وَلَكُمْ عَلَيْهِنَّ أَنْ لَا يُوطِئْنَ فُرُشَكُمْ أَحَدًا تَكْرَهُونَهُ، فَإِنْ فَعَلْنَ ذَلِكَ فَاضْرِبُوهُنَّ ضَرْبًا غَيْرَ مُبَرِّحٍ، وَلَهُنَّ عَلَيْكُمْ رِزْقُهُنَّ وَكِسْوَتُهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ

«Силердин алдыңар алдындагы акыңар — силер каалабаган кишилерди төшөгүңөргө отургузушпасын. Андай кыла турган болсо, аларды урсаңар болот, бирок катуу эмес, көгөртпөй. Ал эми силердин аялдарыңар алдындагы милдетиңер — салтка ылайык, аларды ырыскы жана кийим менен камсыздооңор» (Муслим: 1218).


4- Жыныстык катнаштан себепсиз баш тартпоо

Пайгамбар ﷺ айтты:

إِذَا دَعَا الرَّجُلُ امْرَأَتَهُ إِلَى فِرَاشِهِ فَأَبَتْ فَبَاتَ غَضْبَانَ عَلَيْهَا، لَعَنَتْهَا الْمَلَائِكَةُ حَتَّى تُصْبِحَ

«Күйөөсү аялын төшөккө чакырганда, аялы баш тартып, ал ачууланган акыбалда түн өткөрсө — таң аткыча периштелер ал аялга наалат (каргыш) айтып чыгышат«

  (Бухари: 3237;  Муслим:1436).

Хадистин башка риваятында «аялы келмейинче«, — делет. Дагы риваятында «күйөөсү андан ыраазы болмоюнча«, — делет.

 Му‘аз (радияЛлаху анху) Шам өлкөсүнөн келгенде, Пайгамбарга ﷺ сажда кылат. (Таң калган Пайгамбар ﷺ) андан: «Бул эмне кылганың?!», — деп сурайт. Ал: “Мен Шам жергесине келгенде, анын эли өзүлөрүнүн эпископ жана патриархтарына сажда кылат экенин көрдүм эле. Эми, мен дагы сага сажда кылгым келди”, — деп жооп берет. Анда Аллахтын Элчиси ﷺ ага айтты:

فَلَا تَفْعَلُوا، فَإِنِّي لَوْ كُنْتُ آمِرًا أَحَدًا أَنْ يَسْجُدَ لِغَيْرِ اللَّهِ، لَأَمَرْتُ الْمَرْأَةَ أَنْ تَسْجُدَ لِزَوْجِهَا، وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ، لَا تُؤَدِّي الْمَرْأَةُ حَقَّ رَبِّهَا حَتَّى تُؤَدِّيَ حَقَّ زَوْجِهَا، وَلَوْ سَأَلَهَا نَفْسَهَا وَهِيَ عَلَى قَتَبٍ لَمْ تَمْنَعْهُ

«Андай кылбагыла! Эгер Аллахтан башкага бирөөгө сажда кылууга уруксат бергенимде – аялды күйөөсүнө сажда кылууга буюрмакмын. Мухаммеддин жаны Анын колунда болгон Затка ант, аял эч качан Раббисинин алдындагы милдетин аткарды деп эсептелбейт, качанга дейре күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин аткармайынча. (Керек болсо) аялы ээрдин үстүндө отурган убакта күйөөсү аны кааласа, өзүн андан тыйбасын» (Ахмад: 4/381; Ибн Мажа: 1853. Хасан хадис «Сахих аль-Жами’»: 5295).


5- Күйөөсүнө кызмат кылуу

Сахабалардын аялдары күйөөлөрүнө кызмат кылышкан. Фатима (радияЛлаху анха) өзүнүн күйөөсү Алиге (радияЛлаху анху) кызмат кылгандыктан колдору жооруп кеткен тууралуу хадис келет. О.э. Асма (радияЛлаху анха) күйөөсү Зубейрдин атын багып, кызмат кылгандыгы тууралуу.

 Аллах Таала айтты:

وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ

«Аялдар менен үрп-адатка жараша жашагыла» (Куран, Ниса [Аялдар] сүрөсү 4:19). Эгер ошол салтта аялдары күйөөлөрүө кызмат кылат деген нерсе жакшы иш катары каралган болсо, демек, күйөөгө чыккан соң, аял киши күйөөсүнө кызмат кылуусу керек болот.


6- Күйөөсүнүн кылган жакшылыгына шүгүр кылуу

  Жабир ибн Абдуллах (радияЛлаху анхума) айтты: “Мен Аллахтын Элчисин ﷺ менен Айт күнү намаз окудум. Ал алгач, азаны жана кооматы жок, намаз окуду, андан соң гана хутба кылды. Ал Билялга сөйөнүп туруп (хутбасында) Аллахка такыба болууга, Анын буйруктарын аткарууга үндөдү. Баян айтып, эскертип жатты. Андан соң аялдар жакка барып, аларга да баян айтып, аларды да эскертип жатты. Айтты: «(О, аялдар) садака бергиле. Силердин көбүңөр Тозоктун отуну болосуңар!». Аялдардын ортосунан, бети кара бир аял туруп: “Эмнеге андай, о, Аллахтын Элчиси?”, — деп сурады. Айтты: «Себеби силер көп наалыйсыңар жана күйөөңөрдүн жакшылыгын унутасыңар (күйөөңөргө шүгүр кылбайсыңар)».

Ошондо аялдар, Билялдын (жерде жайылып турган) кийимине сөйкөлөрүн жана шакектерин ыргытышып, зергерлерин садака кыла башташты” (Бухари: 961; Муслим: 885).

Пайгамбар ﷺ айтты делет:

لَوْ سَالَ مَنْخِرَاهُ دَمًا أَوْ قَيْحًا فَلَحِسَتْهُ مَا أَدَّتْ حَقَّهُ

«(Күйөөсү) бутунан баштап чокусуна чейин кан болуп же ириңдеп, аялы аны жаласа да – күйөөсүнүн акысын толук бере албаган болот эле» (Ахмад: 20/65, аль-Баззар: 8634. Сахих хадис “Сахих ат-таргиб”: 1936.).

 Шейхуль-Ислам Ибн Таймия айтты: “Аял үчүн, Аллах жана Анын Расулунун  алдындагы милдеттерин өтөөдөн кийин эле, эң эле маанилүү парз – бул күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин аткаруу” (Мажму’ аль-Фатава: 32/260).

Саубан (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: «Кайсыл аял себеби жок күйөөсүнөн талак сурай турган болсо, Бейиштин жытын жыттабайт» (Абу Дауд: 2226; Тирмизи: 1187; Ибн Мажа: 2055. Шейх Альбани хадисти сахих деди).


7- Күйөөсүнөн бийликти талашып, аны менен тең тайлашпоо

Аллах Таала айтты:

الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاء بِمَا فَضَّلَ اللّهُ بَعْضَهُمْ عَلَى بَعْضٍ وَبِمَا أَنفَقُواْ مِنْ أَمْوَالِهِمْ

«Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу» (Куран, ан-Ниса 4:34).


Абу Бакрата (радияЛлаху анху) риваят кылайт, Пайгамбар ﷺ айтты:  

لن يفلح قوم ولوا أمرهم امرأة

«Бийликти аялга ыйгарып койгон коом эч ийгиликке жетишпейт (өнүкпөйт)» (Бухари: 4425).

@islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий