«Террордук жардыруулар Аллах жолундагы жихад эмес» Шейх Усеймин

Террордук актылардын туура эместиги жөнүндө, ал нерсе Алла жолунда жихад эместиги жөнүндө заманбап аалым — Ибн Усеймин шейхтин фетвасы.

Шейх айтат:

Адамдардын арасында жардырууларды уюштуруп, аны «Аллах жолундагы жихад» деп жүргөндөр тууралу айтуудамын. Чындыгында, алар Исламга жана мусулмандарга пайда эмес, көбүрөөк зыян алып келүүдө. Алар кандай натыйжаларга жетишти эми? Силерге суроо: каапырлар Исламга жакындаштыбы же ого бетер андан алыстап кетиштиби?!
Албетте алысташты.

Башкалар аны ушу дүрбөлөң туудурган коркунучтуу топтон (мусулмандардан) деп ойлобосун үчүн кээ бир мусулмандар өзүн мусулман экенин айта албай келишет. Адамдарды бул даражага чейин жеткизишти. Бул эмне Исламданбы? Ислам мунун баарынан алыс, Ислам мунун баарынан алыс!..

Share

You may also like...

Добавить комментарий