Пайгамбарлардын дааваты — Шейх Солих аль-Фаузан

Бүгункү күндөгү эң залкар ахли-сунна аалымы
Шейх Солих Аль-Фаузан
(Аллах аны Өз коргоосуна алсын )

Чоң Уламалар Кеңешинин мүчөсү
Фатва боюнча Туруктуу Комитеттин мүчөсү
Мекке шаарынын Фикх Академиясынын мүчөсү
Ажыларды көзөмөлдөө комитетинин мүчөсү

Исламга чакырган ар бир мусулман даатын Таухидден башташы керек. Бул бүткүл пайгамбарлардын жолу (аларга Алланын саламы болсун). Буткүл пайгамбарлардын, биринчиси жана акыркысы, баары дааваттарын Таухидден (жалгыз Аллага сыйынуудан) башташкан. Себеби Таухид – бул диндин пайдубалы. Качан гана Таухид орногондо, анын үстүнө дин курулат. Бул бир курулуштун пайдубалы сыяктуу. Себеби бир курулуш куруларда анын пайдубалына өтө чоң маани берилет.
Андан соң анын үстүнө курулуш курулат. Курулуш эч качан бекем боло албайт, качан гана анын пайдубалы бышык болмойунча. Эгер сен үйүндү кыйраңдаган пайдубалдын үстүнө курсаң, ал урап ичиндеги адамдар кыйрайт. Ошол сыяктуу эле бул –дин. Эгер диниң туура эмес акыйдада курулса, анда ал эч бир пайда алып келбейт.

Адам канча аракет кылып ибаадат кылбасын, ал кыпындай да пайда алып келбейт. Себеби Исламдын пайдубалы болгон Таухиддин үсүнө курулган эмес. Мы ошондуктан пайгамбарлар (аларга Алланын саламы болсун) адамдарды чакырууда Таухидден башташкан. Ичкиликтен, зинадан, уурулуктан, күнөөлөдөн мурун эң негизгиден баштаган.

Адамдарды намазга, зекетке, орозого чакыруудан алдын. Жана зинадан, ичкиликке берилүүдөн, уурулуктан тыйуудан алдын. Биринчи жана акыркы пайгамбарлар өз дааваттарыны эң биринчи Таухидден баштаган Фундамент болгон Тухидден башташкан.

Ар бир жиберилген пайгамбар өз коомдоруна мындай деген: “Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: “О, коомум! Жалгыз Аллаhка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка кудай жок! “Нух, Худ, Салих, Шуъайб, Ибрахим, Муса, Иса жана башка пайгамбарлар (аларга Алланын саламы болсун) ушул сөздөр менен пайгамбарлык миссиясын башташкан. Пайгамбарыбыз да ушул сөздөр менен баштаган. Алла Куранда айткандай: “(О, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп вахий кылдык.»”
«Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп вахий кылдык.» Мына ушул – Таухид! Ар бир пайгамбар ушул негиздин үстүндө баштаган. «Ла Иляха илла Аллах» (Алладан башка сыйнууга татыктуу зат жок) – деген келимени ээрчүүгө алууга чакырып келишкен.
Сыйынууда Алланы жалгыз кылуу! Андан соң гана башка буйруктарды аткарууга үндөшкөн.
Ал эми Таухид чакырыгына жооп бербеген адамга эч бир башка өкүмдөрдү аткарууга буйрушкан эмес. Таухид чакырыгына жооп берген адамдарды гана исламдагы башка буйруктарга үндөшчү.
Биздин пайгамбар (Алланын саламы жана салаваттары болсун) Меккедеги эң биринчи күндөрүнөн тартып бутпарастарга сыйынууну таштап жана жалгыз Аллага кылчулук кылууга чакырган. Пайгамбар (Алланын саламы жана салаваттары болсун) элине кайрылып мындай деген: « Эй адамдар, Ла Иллаха илла Аллах» (Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок) – деп айткыла, ошондо гана ийгиликке жетесинер» Ахмад (16023)

Башкача айтканды Алланы сыйынууда жалгыз кылууга чакырган. Адамдардын арасынан чакырууга жооп бергендер болду, бирок алар аз болушту. Жана да каршы чыккандар болду, алар көпчүлүк. Пайгамбарыбыз (Алланын саламы жана салаваттары болсун) дааватыны баштагандан кийин Меккеде он үч жыл бою Тахидке чакырып келди. Таш болобу, бутпарас болобу, дарак болобу баарын таштап бир гана Аллага сыйынууга чакырды. Адамдарга Алланын буйругун буйруду – бул Таухид! Жана Алла тыйган нерседен тыйды – бул Ширк! Биз ар бир элге «Аллаhка гана ибадат кылгыла, (башка) «кудайлардан» алыс болгула (деп айта турган) Пайгамбарларды жибергенбиз. Ал үммөттөрдөн кээ бирлерин Аллаh Туура Жолго баштаган болсо, кээ бирөөлөрүнүн башына адашуучулук түшкөн. Эми, жер бетинде саякат кылып, (пайгамбарлардын жолун) «жалган» дегендердин акыбети кандай болгонун көргүлө! Бирок мушриктер ширктеринен кайтышкан жок.
Пайгамбарыбыз (Алланын саламы жана салаваттары болсун) мушриктерге «Ла Иллаха илла Аллах» (Алладан башка сыйнууга татыктуу зат жок) – деп айткыла деген кезде, алар «Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!»- дешти. », «Биз мындайды акыркы элдерден (ата-бабаларыбыздан) уккан эмеспиз. Бул ойлоп табылган жорук.» Башкача айтканда – жалган.

Которгон : © ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий